Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Фракциялар коалиция түзүү милдетин күтүүдө


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Кыргызстанда жаңы коалицияны түзүү боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөр башталды.

Парламенттеги бардык фракциялар коалицияга кирүүгө кызыкдар экендигин билдиришүүдө. Бирок азырынча президент Алмазбек Атамбаев фракциялардын бирине да аны түзүү боюнча мандатты бере элек.

Президент ойлонууда...

“Биримдик” коалициясы ишин токтоткону боюнча билдирүү кат президенттик аппаратка кечээ, 22-августта келип түшкөнү кабарланган. Мыйзамга ылайык, 3 күндүн ичинде президент Алмазбек Атамбаев жаңы колалиция түзүү боюнча мандатты парламенттеги кайсы бир фракцияга тапшырышы керек.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев ушу тапта бул маселени президент карап жатканын маалымдады:

- Менин кабарым боюнча, президентке бардык документтер келип түшкөн. Азыр президент ойлонуп жаткан кези.

Негизинен парламенттеги бардык фракциялар коалицияны түзүүгө кызыкдар экендигин билдирип жатат. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөрдүн негизинде алар болочок коалицияга кириши мүмкүн экенин айтты:

- Саммитке байланыштуу президент бул маселени бүгүн карай албайт окшойт. Эртең эртең менен президент муну бир фракцияга тапшырат. Ошондон кийин расмий сүйлөшүүлөр башталат. Эгер биздин сунуштар, эгер талаптар аткарылса, биз койгон программаларды кийинки өкмөт өз программаларына кошсо, биз ага кирсекпи деген оюбуз бар.

Болочок коалициянын өзөгүн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары түзөөрү болжолдонууда.

“Республикачылар” да коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендигин аталган фракциянын депутаты Абдыжапар Бекматов билдирди:

- Шарттар, алдыбызга койгон программаларыбыз, өзүбүздүн пландарыбыз бар, ошолор камтылса биз киребиз. Андай болбосо, сөзсүз эле кирет элек дебейбиз.

"Ата-Журт" эми оппозиция эмес

Ал эми буга чейин оппозицияда болуп келген “Ата-Журт” фракциясы да сүйлөшүүлөргө катышып, шарттар төп келсе гана кирерин жашырбайт. Фракция мүчөсү, “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев болсо коалиция тараганына байланыштуу партия бүгүнкү өкмөткө карата оппозициялык ишмердигин токтотконун жарыялады.

- Эптеп эле өкмөт түзмөй же папка бөлүшмөй болсо, анда ага катышпайбыз. Бирок чындап мамлекетти көтөрө турган, өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган өкмөт боло турган болсо, мамлекет үчүн иштей турган адамдар чогула турган болсо, анда ага сөзсүз түрдө катышабыз.

Көпчүлүк талдоочулар президент мурда өзү төрагасы болуп келген Социал-демократтарга башкаруучу коалицияны түзүү тапшырмасын берерин белгилешүүдө. Аталган фракция лидери Чыныбай Турсунбеков сүйлөшүүлөрдө премьер-министрлик кызмат негизги маселе болот деп эсептейт:

- Биз бардык фракциялар менен сүйлөшүүгө даярбыз. Сүйлөшүүлөрдө спикерлик маселеси каралбайт. Себеби баш мыйзамда төрага жөнүндө маселе жок. Бирок өкмөттү түзүп жаткандан киийн өкмөт башчысы биринчи орундагы маанилүү негизги мсаселе болот.

Коомчулукта парламентке кирбеген, эл ишениминдеги өкмөттү сунуштагандар да жок эмес. Ал эми өкмөт башчылык орунга 5-6 талапкердин аттары аталууда. Жаңы коалиция куралганга чейин Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт убактылуу милдетин аткарып турмакчы. Өмүрбек Бабанов бейшемби күнкү өкмөт жыйынында жакынкы күндөрү фракция башчылары жана президент менен кездешерин айтты.

XS
SM
MD
LG