Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Парламент: диний билимди тартипке салабыз


Жогорку Кеңеште чет өлкөдөн диний билим алууну тартипке салуу демилгеси көтөрүлдү.

Парламентте Билим берүү, илим, маданият, дин жана спорт комитети 11-декабрдагы жыйынында дин тутуу эркиндигине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү мыйзам долбоорду талкуулады.

Ал арада айрым талдоочулар ар башка өлкөдө түрдүү багытта диний билим алуу көз караштардын карама-каршылыгын жаратып, келечекте өлкө коопсуздугуна коркунуч алып келиши ыктымалдыгын эскертип жатат.

Быйыл Нарындан өспүрүм балдар Бангладешке диний окууга кеткени чоң талкуу жараткан эле.

Дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирсе, чет жерде диний билим алуунун тартиби бекимекчи. Жогорку Кеңештеги Билим, илим, маданият, дин жана спорт боюнча комитеттин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев өлкө эгемен болгондон бери чет мамлекеттерден диний билим алууга дээрлик көңүл бурулбай, чар-жайыт болуп келгенин белгиледи:

- Ошол окууга барам деген баланын жөндөмү кандай, окуп кете алабы, ошол боюнча атайын комиссиянын аныктамасы болсун деп атабыз. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы, ага өкмөт кошулуп кандайдыр бир деңгээлде ошол баланын коопсуздугу боюнча милдетти алсын деп жатабыз. Кайсы мектеп, кайсы борборго жиберип жатат, биздин Кыргызстанга мүнөздүү болгон суннит багыты, анын ичинен ханафит масхавына туура келип жатабы, ошолордун баары такталыш керек. Ал балдар келгенден кийин коомчулук арасында ислам баалуулуктарын жайылта турган бир ишке пайдаланышыбыз керек. Кептин баары ушунда жатат.

Президенттин алдындагы Дин иштери комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев диний билим берүү боюнча өзүнчө мыйзамдын долбоору даярдалганын, жакында Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилерин “Азаттыкка” маалымдады:

- Негизи диний билим берүү боюнча мыйзам азыркы күнгө чейин жок. Бирок мындай мыйзам болуш керек. Бул эки багытта кетет: биринчиси жалаң диний билим берүү боюнча гана. Ошол эле учурда жалпы мектептерге дин маданияты, дүйнө диндеринин маданиятыбы, же дин таануу дейбизби, ошондой сабак киргизүү зарылдыгы айтылып жатат. Ошондой бир багыт бар. Чет өлкөдө диний билим берүүнү ирээтке келтирүү керек. Биз өзүбүздүн жарандарыбыздын кимден, кайдан “сүт эмип” атканын жатканын билишибиз керек да.

Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов диний билим алуу үчүн четке чыгардан мурун, Кыргызстандын өзүндө негизги багыт берилиши керектигине токтолду:

- Мен өзүм деле Египетте 7 жыл окуп келдим. Бирок эң негизгиси Кыргызстандан чыккан кезде дин башкармалыгы, президенттин алдындагы дин комиссиясынын көзөмөлү менен чыгышы керек.

Экинчи эң башкы маселе - четке чыгардан мурда диний окуу жайларга барам деген адамдар ушул жерде фундамент түптөп, ата-бабадан калган масхабыбызды терең түшүнүп, өздөштүргөндөн кийин гана чыкса өтө жакшы болот. Себеби башка жактарга барганда инсандардын алган билими Кыргызстанга дал келгендей болушу керек. Фундаменти болбосо кээ бирлеринин пикирлери, дүйнөгө болгон көз караштары азгырылып калышы мүмкүн. Четтен ала турган да, албай турган да нерсе бар, ошону ылгай тургандай болуп барган жакшы болот.


Дин таануучу Бакыт Мурзараимовдун пикиринде, ар башка өлкөдө түрдүү багытта диний билим алуу көз караштардын карама-каршылыгын жаратып, келечекте өлкө коопсуздугуна коркунуч алып келиши ыктамал:

- Тигил өлкөдөн үйрөнүп келген ислам, бул өлкөдөн үйрөнүп келген ислам деген бөлүнүүлөр чыгып жатат. Түрдүү идеология да пайда болуп жатат. Бир эле динде туруп, түрдүү багыттта түшүнүп алып келишпестик чыгып, бул Кыргызстанда кооптонуу туудуруп калышы мүмкүн. Студенттерге, ошол диний окуу жайларга барам деген балдарга чектөө эмес, кайсы өлкөгө чектөө киргизиш керек деген маселени коюш керек. Кайсы өлкөгө барбаш керек, кайсы өлкөдөн диний билим үйрөнсө болот деген сыяктуу тактоо зарыл. Себеби Кыргызстанга дин жактан да, идеология жактан да, каада-салт жактан да жакын болгон өлкөлөр бар. Ошондой өлкөлөрдү карап чыгып уруксат берген жерге берип, бербеген жерге тыюу салынышы керек.

Кыргызстандыктар диний билим алуу үчүн негизинен Сауд Арапстан, Египет, Түркия, Пакистан, Ооганстан, Индия жана Иранга барат. Бул мамлекеттерде канча кыргыз жараны дин үйрөнүп жатканын тууралуу так эсеп жок.

Буга чейин Нарында 10-15 жаштагы 7-8 бала Бангладешке шектүү жагдайда диний окууга кеткени коомчулукка талкуу жараткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул балдар Бангладешке кантип жол тапканын дагы деле териштирип бүтө элек. Атайын кызмат буга “Таблиги жамаат” диний кыймылынын тиешеси бар болушу мүмкүн экенин кыйыткан болчу.
XS
SM
MD
LG