Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Атамбаев: Кадимки эле бандитизм...


Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 9-октябрь, 2013.
Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 9-октябрь, 2013.

Президент Атамбаев Кумтөр маселеси боюнча пикирин айтып, Ысык-Көлдөгү нааразылык акцияларындагы мыйзамсыз аракеттер жазасыз калбасын эскертти.

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу 9-октябрда Бишкекте Түркиянын насыяларына алынган айыл чарба техникаларын тапшыруу учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өлкөдөгү саясий кырдаалга, анын ичинде Кумтөр маселесине, Караколдогу, Саруудагы нааразылык акцияларына өз баасын берген президент мыйзамсыз аракеттер жазасыз калбастыгын да эскертти.

Өлкө башчысы Кумтөр маселеси пикет-митинг аркылуу эмес, Жогорку Кеңеште чечлиши керектигин баса белгиледи:

- Кумтөр боюнча чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алыш керек. Кайсы депутат кандай добуш бергенин эл билиш керек. Эгер парламенттин чечими менен Кыргызстанга пайда келе турган болсо анда депутаттарга орден берели. Бирок кыйынчылык болуп, элибиз эшекке минип калса чечим кабыл алгандар жооп бериш керек.

Атамбаев Караколдо, Сарууда митинг уюштургандардын башкы максаты Кумтөр эмес эле, парламентти таркатуу, элдин атынан митинг уюштургандар бир ууч гана жаш балдардын тобу деп айтты. Ошондой эле Караколдогу митингчилерди бандит, террорист деп атады:

- Кумтөрдү улутташтыргысы келгендер улутташтыра беришсин, каалашса Кумтөр боюнча жаңы жумушчу топ түзүп, Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чыгарышсын. А Караколдогу митингдин максаты башка болгон да. Эгер аларды Кумтөр маселеси ойлондуруп жатса, анда эмнеге Каптагаевди барымтага алып, бензин чачып өрттөйбүз деп коркутушту? Бул кадимки эле бандитизм, терроризм. Алар ошол эле убакта бийликти басып алууга аракет кылышты.

Атамбаев Кумтөрдүн 50 пайыздык үлүшү боюнча кайчы пикирлер тууралуу - депутат Өмүрбек Текебаевдин президент алдын-ала 50 пайыз деп чектеп койгону үчүн ошондон ашпай калганын айтып чыкканы тууралуу "Азаттыктын" суроосуна да жооп берди:

- Кыргызстан 50 пайызга али жете элек. Биз 46 пайызга араң жеттик, дагы 4 пайызды сатып алабыз деп жатабыз. Азыр ошол эле Текебаев 67 пайызга жетебиз деп жатат. Азыр 46 пайызга жетсек дагы 21 пайызды кимден алат? Мен ушуга такыр түшүнбөйм. Мүмкүн мен экономиканы Өмүрбек Чиркешовичтен начар билет чыгармын... Мен Сатыбалдиевдин пикирин колдойм. Ал айтып жатпайбы Текебаев анда жумушчу топко кошулсун деп. Өзү башкарсын ошол топту, 67 пайызга жеткирсин. Биз андай болсо Текебаевге "Ак шумкар" орденин берели.

Президент маалымат каражаттарында Көлдөгу митингдерди каржылап жатат деп айтылып келаткан Дмитрий Цой тууралуу да пикирин ортого салды:

- Караколдогу митингчилер обладминистрацияны басып алууга аракет кылышты. Өзүңөр билгендей, Таласта да оппозициянеын тобу жүрөт. Бул жакта кызыктай дал келүүчүлүк болуп жатканын мага айтып келишти. Эмнегедир Дмитрий Цойдун унаасы бирде Таласка, бирде Таластан кайра Караколго багыт алып жатат. Бул иштердин баары жакшы каржыланып, бийликти басып алууга багытталганы белгилүү.

Президент башка өлкөлөрдө мындай учурда согуштук курал колдонулмактыгын айтып, башаламандыктарды уюштургандар сөзсүз жазаланарын эскертти.

Кечээ Караколдогу жана Саруудагы мыйзам бузуулар менен коштолгон нааразылык акцияларынын артында бийликке жеткиси келген саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы бар делинип, муну бир катар таасирдүү саясатчылардын ысымдары менен байлаган жоромолдор да тарап кеткен эле.

Президент журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө


Атамбаев: Кумтөрдү улутташтырууга макул эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

XS
SM
MD
LG