Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Автобусту ким жардырганы аныкталды


Наида Асиялованын паспорту
Наида Асиялованын паспорту

Орусиялык тергөөчүлөр 21-октябрда түштөн кийин Волгоград шаарында болгон террордук чабуулду кеңири иликтөөдө.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык автобуста жанкети жардырган бомбадан алты киши апаат кетип, 40 чакты адам жараат алган. Бомбаны дагестандык жанкечти аял жардырган деп шектелүүдө.

Волгограддагы бомба чабуулунан өлгөндөр тестиер улан-кыздар экени маалымдалды. Шаардык ооруканаларынын биринде дарыланып жаткан Дмитрий Юдин деген өсүпүрүм окуяны мындай сүрөттөйт:

- Мен бир аялды байкагам. Биз автобуска Химгородокто отурганбыз. Тиги аял кийинки аялдамада түшүп калды. Ал чыгып кетерде: “Жолдон качкыла. Мен тез чыгышым керек,”-деп шашкалактады. Анан автобус Лесобазага жеткенде жардыруу болду. Адегенде мени кимдир бирөө башка сокту деп ойлодум. Көзүмдү ачсам бар жок аппак экени эсеимде турат.

Орусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркиндин билдиришинче, автобуста 500-600 граммдык тринитротолуол-ТНТ жардырылган. Көбүрөөк адам зыян тартыш үчүн анын ичине болт, мык жана шуруп толтурулуптур. Бир нече оор жарадар Москвага самолёт менен шашылыш жеткирилген.

Маркиндин айтымында, террорчу аял Махачкаладан Москвага барткан автобустан эсмне үчүндүр Волгоградда түшүп калып, кийин шаардык автобуска отурган.

Кайгылуу окуяга байланыштуу Волгоград облусунда үч күнгө аза күтүү жарыяланды. Облус губернатору Сергей Боженов өлгөндөрдүн эң улуусу 29да, калгандары өсүпүрүмдөр экенин, балдарын жоготкон үй-бүлөлөргө 1 млн рублей же 31 миң доллар компенсация төлөнөрүн билдирди. Оор жарадарлар болсо 400 миң рублдан (12 500 доллар), жеңил жарадарлар 100 миң рублден (3 100 доллар) жардам алышат.

Ырасмий маалыматтарда жанкечти 31 жаштагы дагестандык Наида Асиялова экени, ал жакында өзүнөн он жаш кичүү орус жигит Дмитрий Соколовго күйөөгө чыкканы айтылат. Абдул- Жабар деген ат менен белгилүү Асиялованын күйөөсү -Д. Соколов Дагестанда ислам террорчуларынын катарында жүрөт деп боолгошот тергөөчүлөр. Милиция Соколовду 2012-жылдын июлунда дарексиз жоголгондордун тизмесине киргизген. Ал Махачкаладагы жардырууга тиешеси бар деп да шектелүүдө. Андан башка да жардырууну уюштурууга тиешеси бар делип, Руслан Казанбиев менен Курбат Омаров изделүүдө.

Наида Асиялова Дагестандын Гуниб кыштагындагы орто мектепти 13 жыл мурда бүткөн. Мектеп директору Баязат Мустафаеванын айтымында, Наида үйдө жана мектепте өзүн адептүү алып жүргөн үлгүлүү кыз болуптур:

-Ал аябай үлгүлүү кыз эле. Коңшулары менен сүйлөшкөнүмдө, аны жакшы жагынан гана сыпатташты. Мектепке өз классташтарынан өзгөчөлөнбөй окуучулардын формасы менен келчү. Убакыт баарын өзгөртөт. Бизде динчил адамдар аз болчу. Коңшуларынан сураштырсам, анын кеткенине жети жыл болуптур.

Наида Асиялова Москвага иштегени кеткенче жергиликтүү көркөм өнөр мектебинде балдарга сүрөттөн сабак берчү экен.

Орус бийликтери 2014-жылы февралда Сочиде өтчү Кышкы олимпиада алдында мусулман жикчилерин ийнине киргизүү үчүн чечкиндүү аракеттенип жаткан. Ошондуктан, Волгоградда болгон бомба чабуулу, АКШдагы Гарвард университетинин серепчиси Симон Саражяндын айтымында: “Адамдарда Сочиде коопсуздук камсыздалабы деген суроо жаратары анык.”

Федералдык коопсуздук кызматынын директору А. Бортников 8-октябрда Улуттук антитеррордук комитеттин жыйынында терроризмге каршы согуш ийгиликтүү жүрүп жатканын айткан. Анын сөзүнчө, өткөн тогуз айда Орусияда 144 террордук чабуул болгон. Бул былтыр тогуз айдагыдан 126га аз. Быйылкы террордук чабуулдардын 120 чактысы Дагестанда болгон.

XS
SM
MD
LG