Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Милиция кызматкери кыз ала качты


Сүрөт Кыз-Коргон институтунан алынды жана окуяга тиешеси жок.
Сүрөт Кыз-Коргон институтунан алынды жана окуяга тиешеси жок.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айылынын аймактык инспектору 20 жаштагы кызды күчкө салып ала качып кеткенин “Азаттыкка” акыйкатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаева билдирди.

Момунтаева Маймактын Токтогул аттуу аймактык инспектору 20 жаштагы Асема Нурдинованы кантип ала качканын мындайча сүрөттөп берди:

- Участковыйдын ата-энеси кызга куда түшүп келгенде анын ата-энеси макул болбой койгон экен. Эртеси ошол бала 3 машине менен кызды кечке аңдыйт. Түштөн кийин Асема тамак ташып жүргөн жеринен колундагы оокаттарын ыргытып, күчкө салып ала качып жөнөшөт.

Ала качуу фактысы боюнча кыздын сүйлөшкөнү, Бишкекте жашаган Бекзат аттуу жигит Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылат. Кыздын жакындары да ызы-чуу түшүп калышат. Тартип коргоо кызматкерлери дароо чара көрүшүп, түнү менен кызды үй-бүлөсүнө кайтарып беришет. Бирок кыздын ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Түнү бою чуркап, кызды прокуратуранын, милициянын күчү менен үйүнө кайтарган Момунтаева кыздын ата-энесине нааразы экенин жашырган жок.

- Туугандары кыз колуна тиери менен баса беришти. Арыз жазбайсыңарбы десек, "биздин кызыңар менен ишиңер болбосун" деп коюшту. Болбосо биз түнү бою кызды алып калалы деп чуркаганбыз. Ишибизди милдет кылбайбыз, бирок кыргыздардын ушул жери жаман. Элдин баарын дүрбөтүп коюп, мыйзамды сыйлабай баса беришти. Кыязы өз ара сүйлөшүп алышкан окшойт.

Ала качуунун курмандыгы болгон Асема менен да, анын жакындары менен да байланышууга мүмкүн болгон жок.

ИИМ: Ызы-чуу чыкпасын дедик

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов аталган фактыны тастыктаганы менен, баары өз ара келишүү менен аяктады деп ишендирүүдө. Анын айтымында, бул боюнча эч ким милицияга арыз менен кайрылган эмес.

- Кара-Бууранын аймактык инспектору кыз ала качты деген маалымат тарады. Бирок ал кыз инспектор менен өз каалоосу менен эле кеткен экен. Бул боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги териштирүү жүргүзүп, кызды ата-энесине кайрып беришти. Кыз инспекторго эч кандай доосу жок экенин тастыктаган түшүнүк кат жазып берген.

"Азаттык": Эгер кыз өз эрки менен кетсе, эмне үчүн ата-энесине кайтарып бердиңер?

- Эми ызы-чуу болбосун деген мааниде ата-энесине кайтарышты да.

Аймактык милиционердин кыз ала качуусу коомчулукта бүйүр кызыткан талкууларга жол ачты. 2-3 жылдан бери ала качууга каршы жигердүү күрөш жүргүзүп келаткан “Айкын багыт” уюмунун координатору Малик кызы Сайкал укук коргоо кызматкеринин бул кылыгын уят иш катары баалады.

- Эгерде укук коргоо органдарынын кызматкери өзү ала качууга барып жатса, башкалары жөнүндө айтпай эле коюш керек. Таластагы окуя кыргызча эле бүтүп калганы өкүнүчтүү. Буга мыйзам чегинде баа бериш керек болчу. Бул жерде укук коргоо кызматкери өзү кылмышка барып жатат.

“Айкын багыт” уюмунун байкоосу боюнча, Кыргызстанда ала качкандарга карата жаза катаалданганы менен, ала качуунун саны азайган эмес.

- Жакында эле Таласка барып келдик. Бир класста 8 кыз окуса, анын бешин ала качып кетишкен. Эми ошолордун төртөө ажырашып кеткен. Демек ала качуу азая элек.

Аныгы билинбеген ала качуу

Ал эми аялдардын укугун коргогон “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова ала качуу фактылары мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайды деген пикирде. Ал Кыргызстанда жыл сайын 12 миңден 16 миңге чейин ала качуу катталат дегенге ишенбейт. Мындай маалыматты буга чейин Акыйкатчы институту таратып келген.

- Негизи Кыргызстан боюнча ала качуулардын санын так көрсөткөн иликтөө боло элек. Жылына 16 миң, же 20 миң ала качуу катталат деген кайдан чыкканын эч түшүнбөйм. Негизи ала качуу дебей эле адам уурдоо дешибиз керек. Анткени өмрү көрбөгөн адамды башка жакка алып кетип жатышпайбы. Негизи бизге кайрылгандардын саны азайды.

“Айкын багыт” уюму 2010-жылы ала качууга кабылгандар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. “Жигиттер эмне үчүн ала качууга барат?” деген суроого суралгандардын 26 пайызы жоопсуз сүйүүдөн, 23 пайызы кыздар макул болбой коёт деп корккондуктан жана 22 пайызы достор менен мелдеше кеткендиктен деп жооп узатышкан. Ал эми 14 пайызы ала качууну үй-бүлөлүк салт десе, 4 пайызы үйлөнүүгө кеткен чыгымдарды үнөмдөө максатында деп түшүндүргөн.

ИИМдин маалыматына таянсак, ала качуу фактысы боюнча 2011-жылы 28, 2012-жылы 25 жана быйылкы жылдын 9 айында 20 кылмыш иши козголгон.

2013-жылдын 25-январынан бери Кылмыш кодекси өзгөртүлүп, кыз ала качкандар 5 жылдан 7 жылга чейин соттолот. Эгер 17 жашка толо элек кызды ала качса, 10 жылга чейин кесилет. Мурда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин болчу. Жаңы мыйзам боюнча 9 иш сотко өткөн.

XS
SM
MD
LG