Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Кыйналган мигранттарды колдогон "Манас" коому


Султанбек Сатыбалдиев
Султанбек Сатыбалдиев

Султанбек Сатыбалдиев – Орусиянын Новосибирск шаарындагы “Манас” коомунун жетекчиси, учурда шаарда бир топ курулуш бригадалары менен машине оңдоочу жайлардын ээси. Анын уюмунун өзгөчөлүгү – азыр орус жеринде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга юридикалык жана башка жардамды бекер көрсөтүп келаткандыгында.

Султанбек Сатыбалдиев: Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында төрөлгөм. Ошто Технологиялык университетте окудум. 2006-жылы эл катары эле Орусияга иш издеп келгем. Новосибирскиге келгенден эле бул шаар жагып калды, ошондон тарта кайда гана иштебедим! Курулушта да иштедим, базарда бир аз иштедим, машине да жуудум, айтор, иштебеген жерим калбады. Бардык жердеги ишти, адамдарды, кыйынчылыктарын ичинен билем десем болот.

“Азаттык”: Ошондо сизге Орусияга келип, иш издеп, жаңы жашоону баштаганга эмне себеп болду эле?

Султанбек Сатыбалдиев: Чынын айтсам, турмуштан кыйналып калгам. Ал учурда атам каза болуп, окуум үчүн акча төлөй албай, иштегенге туура келген.
Түз линк


“Азаттык”: Ошондон бери сегиз жыл өтүптүр. Сиз мына бүгүн эми “Манас” деген уюм ачып, ал жөн эле журтташтарыңыздын башын бириктирип, той-топурларды бирге өткөрүү менен эле чектелбей, өзүңүзгө окшоп келген, кыйналып жүргөн кыргызстандык мигранттарга, камалып калгандарына бекер юридикалык жардам да берет экен. Сиздердин уюм кайрымдуулук иретинде иштесе, өзү ким тарабынан каржыланат?

Султанбек Сатыбалдиев: Каржылык жактан бүт чыгымдарды өзүм көтөрөм. Андан сырткары, бул жакта күрөшчүлөрдүн “Карелин” кору иштейт. Алар биздин кордун ачылышына, иштешине көп жардам беришти. Күрөшчүлөрдүн ичинде досторум көп, өздөрүнүн кеп-кеңеши менен такай колдоо көрсөтүп турушат. 2013-жылга чейин даярдык иштерин көрүп, ошондо ачтык.

“Азаттык”: “Манас” кору ачылгандан бери канча адамга кандай жардам бере алды?

Султанбек Сатыбалдиев: Биз канча адамга жардам берип жатканыбыз тууралуу маалыматты эсепке албайбыз. Жардамдын түрү ар кандай. Курулушта жүргөндөр, көчө шыпыргандар же базарда иштегендердин арасында бул жактын тилин, мыйзамын же үрп-адатын билбей, түрдүү кылмыштар менен кармалып, камалып калгандар бар. Бизде 25 миңден – 30 миңге чейин туруктуу иштеп-жашаган кыргызстандыктар бар. Алардын түрдүү кафе-ресторандары, жыйнала турган жерлери бар. Адатта ошол жерлерде түрдүү жолугушууларды өткөрүп турабыз.

“Азаттык”: Сиздердин шаарда түрмөгө отуруп калган кыргызстандык мигранттар көппү?

Султанбек Сатыбалдиев: Аябай көп. Алар түрдүү кылмыштар менен түшүп калышат. Көбүнчө майда уурулук: телефон уурдады, дүкөндү тоноду деген сыяктуу күнөөлөр коюлат. Мен алар кармалганда айрым учурларда которуп берем, полиция мыйзамды жакшы билбеген адамга кээде орой, натуура мамиле кылып коет. Ошондо алардын таламын талашып барабыз. Юристтерди жиберебиз.

“Азаттык”: Өзүңүздөрдүн юристтер барбы?

Султанбек Сатыбалдиев: Биз бир юридикалык мекеме менен келишим түзгөнбүз. Айрым социалдык долбоорлордо бирге иштешебиз. Ошондуктан алар биздин мигранттарга 70% арзандатылган кызматын көрсөтүшөт.

“Азаттык”: Сырттан караганда, сиздерге Новосибирскидеги жашоо, же ал жакта иштөө эмнеси менен жагат?

Султанбек Сатыбалдиев: Мен чынын айтсам, Орусиядагы башка шаарларда көп болгон эмесмин, алардагы турмушту да жакшы билбейм. Оштон туура эле Новосибирскиге келгем. Мага аябай жакты. Бул жактын эли жакшы, улутчулдары жок...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG