Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Жалгыз бой эне карылар үйүнөн жардам сурайт


Турсунай Юсупова эскилиги жеткен үйдө жалгыз жашайт. Учурда анын көзү да жакшы көрбөйт.
Турсунай Юсупова эскилиги жеткен үйдө жалгыз жашайт. Учурда анын көзү да жакшы көрбөйт.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Турсунай Юсупова улгайган кезде кароосуз калды. Жашы 80ге чукулдап калганда жалгыздык жанына батып, айласыз карылар үйүнө барууга аракет кылып жаткан кези.

"Илгери-илгери, бир жалгыз кемпир болуптур" деп айтылган жомок каармандарын бүгүнкү турмушта да кезиктирүүгө болот. Тоо бооруна жакын, эски мазардын жанындагы кичинекей эки бөлмөлүү жер тамдын босогосунда чачы куудай кемпир отурат. Күч-кубаты кеткени аз келгенсип, көзү да жакшы көрбөй калыптыр. Биз барганда сүйүнгөнүнөн жашып кетти.

- Көзүм көрбөй, кыйналып жатам балам. Жашоом анчалык деле жакшы эмес, ден соолугум начарлап баратат. Үйүң алыста болбосо, менин жаныма келип албайсыңбы балам. Же мага карай турган адам таап бербейсиңби?

Турсунай эне ары-бери каттаган же баш баккан ар бир кишиден ушинтип өтүнүп, зээнди кейитет. Акыркы эки жумадан бери үйүнө бир тирүү жан келбептир. Ошондуктан, босогодо күн сайын минтип жол карап, алда кимди күтүп отурганы отурган.

Жалгыз бой эне ушинтип босогодо кимдир бирөөнү күтүү менен күн өткөрөт.
Жалгыз бой эне ушинтип босогодо кимдир бирөөнү күтүү менен күн өткөрөт.

Турсунай Юсупованын үйү өтө жупуну. Терезелери кездеме менен тосулган бөлмөдө жалгыз керебет, электр меши, столдун үстүндө катыган нандын калдыгы, таттуу, помидор көзгө урунду.

- 4 миң сом пенсия алам. Аны да кармап калышып, 3,5 миңин үйгө алып келип беришет. Азык-түлүккө кетип жатат, сүт, помидор анан кээде эт алып келем. Көз да жакшы көрбөйт, эптеп базарга барып жатам, анан эмне кылайын? - деп даттанды эне.

Андан кабар алганы келгенимди угуп, терисине батпай сүйүнүп да кетти. Анан мага караан болуп менин үйүмө жашачы деп дагы суранды.

- Алла таалам жүрөгүңө мени салган го. Ушул үйдө жүрүп, тамак кылсаң, мага бир эле кесе жетет. Калган үй-жайым да силердики болот. Болгону мени карап турсаңар. Мага каралашып жашайсыңбы?

Турсунай эненин үйүндө керээли кечке радионун үнү жаңырып турат. Жалгыз бой эненин эрмеги, жалгыздыктан алакчылап турган жан шериги да жалгыз ушул радио.

- Радиону дайыма угасызбы?

- Ээ балам, кайсы тилде, эмнени айтып жатат, ага маани деле бербейм. Болгону добушу чыгып турса болду, мага үйдө бирөө бардай сезилип турат. Кезегинде алып койгон экем, эми мага караан болуп жатат.

Эненин үй-турмушуна да каралашкан жан жок.
Эненин үй-турмушуна да каралашкан жан жок.

Турсунай Юсупова 1936-жылы Өзбекстандын Анжиян облусунда туулган. 1970-жылдары күйөөсү менен Жалал-Абад шаарына көчүп келип, 1 уул, 1 кыздуу болгон. Кийин оту күйүшпөй ажырашып, 2 баласы өзүнүн колунда калганын айтып берди. Жалгыз бой аял өзү тырмалап чогулткан тыйын-тыпырына шаардын Нагорный көчөсүндөгү ушул үйдү сатып алган экен. Бирок балдары чоңойгондо кайрымсыз чыгып, минтип жалгыз калганына 20 жылдай болгонун айтып кейиди:

- Мына 18- 20 жыл болуп калды. Эркин менен Наргиза Бишкекке кеткен бойдон кабар да албай коюшту. Коңшуларым аркылуу телефондон байланышып чакырсам, келишкен жок. Мен эми эмне кыларымды билбейм. Ата-энемдин жалгыз кызымын, кичинемде 7 үйгө садака берип тилеп алышкан экен. Эми карыган кезде да жалгыз калдым.

- Коңшуларыңыз келип кабар алып турушабы?

- Эч ким келбейт. Жанымда 90го чыккан бир кемпир жашайт, анын шаарда балдары, неберелери бар экен, тез-тез келип кабар алып турушат. А мен жалгыз өзүм отурам.

Ошентип, каралашар кишиси жок, жан бага албай карайлап калганда Турсунай эне карылар үйүнө барууну ниет кылып атат:

- Иий балам, үйдү, короо-жайымды ким карайт, мени өз энеңдей көрүп, кабар алып турсаң карылар үйүнө барайын. Кечээ күнү көчө комитети болуп дайындалган Асанбай деген кишинин үйүнө барсам Бишкекке кетиптир. Мени карыялар үйүнө алып барып койгула, кокус каза тапсам, эч ким көрбөй калып, ушул үйдө сөөгүм калып кетпесин деп айтайын дегем. Азыр да келе элек окшойт, билбей калдым эми эмне кылам.

Мусапыр кейпин кийген энени жалгыздыктан куткарып, акыркы каалоосун аткарууга көмөктөшүп, өзүнө тиешелүү жардамын жергиликтүү бийлик бере алабы-жокпу – азырынча белгисиз. Кары кишинин тагдырына биз болсо сөзсүз кайрылып келерибизди, кол кабыш кыларыбызды убада кылып, Турсунай Юсупова менен кош айтыштык.

XS
SM
MD
LG