Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Польшада депутаттыкка аттанган Бакыт


Бакыт Орозбаев Познань шаарынын мэри менен
Бакыт Орозбаев Познань шаарынын мэри менен

“Журтташтар” берүүсүнүн бүгүнкү каарманы 14 жылдан бери Польшада жашаган Бакыт Орозбаев. Познань шаарында университетте иштеген мекендешибиз жакында боло турган шаардык кеңештин шайлоосуна талапкерлигин койду. Ал Польшадагы шайлоонун өзгөчөлүгү жана өзү тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Польшада шайлоого катышып атат деген маалыматты көрдүк. Ал эмне болгон шайлоо, кандайча катышып калдыңыз? Кепти ошондон баштасак?

Бакыт Орозбаев: 16-ноябрда Польшада жергиликтүү өкмөткө шайлоо болот. Мен 2000-жылдан бери Польшанын Познань деген шаарында турам. Бул жактан физика боюнча аспирантураны окуп, кийин докторлукту жактап, Адам Мицкевич университетинде иштеп калдым. Мен Познань шаардык кеңешине шайлоого катышып жатам.

“Азаттык”: Шайлоого катышууңузга эмне же ким түрткү болду?

Бакыт Орозбаев: Алгач келгенде эле саясатка кызыгып жүргөм. Польша парламенти эки палаталуу. Сенат жана Сейм деп бөлүнөт. Сеймде 2000-жылдары эле депутат, сенаторлордун Кыргызстан-Польша парламенттик тобун түзгөнбүз. Парламенттик шайлоо болуп, орто жолдо ал топ жоюлуп кетти. Кийин курамына 14 депутат, 14 сенатор кирген жаңыдан топ түзүлгөн. Познань шаардык тобу мени сунуштады. Ошонун негизинде катышып калдым.

Бул деле партия сыяктуу, бир топтон бир нече адам катыша алат. Мисалы, Познань шаарында 650 миңдей киши жашайт. Ал эми шаардык кеңешке жети округдан 37 депутат шайланат. Мен шаардын президентинин тобунан талапкерлигимди коюп жатам (бизче айтканда мэрдин тобунан – авт). Биздин округда алты орун бар. Ал орунга саясий партия жана топторду кошкондо 84 киши ат салышууда. Бул жакта шаар президентин эл шайлайт. Тизме боюнча мен акыркы, 12-катарда турам. Бирок бул жактагы шайлоонун артыкчылыгы тизме боюнча эмес, добуш алганына жараша эсептелет. Жарандар бир гана кишиге добуш бере алат.

“Азаттык”: Өз мүмкүнчүлүгүңүздү кандай баалап жатасыз? Деги эле кандай ураандар менен чыгып, кандай убадаларды бердиңиз?

Бакыт Орозбаев: Чоң нерселерди жасайм деп убада кылган жокмун. Мен 14 жылдан бери илимий тармакта эмгектенип келем. Дагы деле ушул багытта иштеп, билим берүү тармагына басым жасамакмын. Менин өзүмө да азыр кызык болуп турат. Польша эли канчалык ачык, башка улуттун өкүлдөрүн шайлашабы же жокпу ошону да көрөйүн деп жатам. Анткени Польшанын түштүгүндө мурдатан отурукташкан татарлар болбосо, негизинен бир улуттуу өлкө катары каралат. Бирок бул жактын парламентинде, жергиликтүү кеңештерде Польшанын атуулдугун алган африкалык депутаттар бар.

“Азаттык”: Шаар мэринин тобунан чыгып атсаңыз, мүмкүнчүлүгүңүз жакшы эле болсо керек?

Бакыт Орозбаев: Бул жакта административдик ресурс деген жок. Бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок жергиликтүү эл партияларга караганда көз карандысыз топторду көбүрөөк колдошот. Анткени алар салыштырмалуу эркинирээк.

“Азаттык”: Шайлоого катышуу үчүн Польшанын жараны болуу шартпы?

Бакыт Орозбаев: Ооба, шарт. Мен бир жыл мурда алгам бул жактын жарандыгын.

Бакыт Орозбаев шаардык кеңешке барчу талапкерлер менен
Бакыт Орозбаев шаардык кеңешке барчу талапкерлер менен

“Азаттык”: Польшанын жарандыгын алып, шайлоого катышып жатканыңызга караганда ал жакта дагы көпкө калат окшойсуз?

“Азаттык”: Кыргызстанда шайлоодо талапкерлер же саясий партиялар каражатты абдан көп коротушат эмеспи. Польшада кандай экен?Кыргызстанга барбай деле көп иштерди жасаса болот. Мисалы, биз, бул жакта түзгөн депутаттык топ Кыргызстандан кишилерди чакырып, Польшанын тажрыйбасын көрсөтүп жатабыз. Жакында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттук азчылык иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Накен Касиев баштаган төрт киши келет. Ушуга окшогон иштерди акырындан жасап атабыз.

Бакыт Орозбаев: Бул жакта ар бир топко же партияга атайын каржылык лимит бар экен. Мисалы, менин 700 доллардан ашык акча коротконго укугум жок. Бардыгы көзөмөлдө. Андай болбосо шаардын бардыгы плакаттарга жайнап, толуп кетмек да.

"Азаттык": Сизге ийгилик каалайбыз!

Бакыт Орозбаев: Рахмат!

P.S. Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган Бакыт Орозбаев 2000-жылы Польшанын Познань шаарындагы Адам Мицкевич атындагы университеттин Физика факультетине илимий тажрыйба алмашууга келген. Аталган университетте докторантураны бүтүрүп, азыркы маалда физика илимдеринин доктору, Адам Мицкиевич атындагы университетинин Физика факультетинде илимий кызматкер. Польша парламентинде түзүлгөн Польша - Кыргызстан парламенттик тобунун демилгечиси жана эксперти.

XS
SM
MD
LG