Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Карыпбеков: КТРКнын айлыгын да, сапатын да көтөрөм


Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

19-мартта Байкоочу кеңеш Коомдук телерадио корпорациянын башкы директорлугуна 10 талапкердин ичинен Илим Карыпбековду тандады. Жаңы шайланган башкы директор Коомдук каналда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

«Азаттык»: Илим мырза, биринчиден, жеңишиңиз кут болсун. Экинчиден, Коомдук биринчи каналды канткенде атына заты жооп берген, чыныгы биринчи канал кылууга болот? Ушул багытта алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?

Илим Карыпбеков: Коомдук биринчи каналга канча деген жетекчи келсе, алардын баары шайланып жатканда же бекигенде каналдын көгүлтүр экранын оңдойбуз деген максатта болушкан. Бирок менин алардан айырмачылыгым - КТРКнын башына менеджер келиши керек деп айтып келгенимде. Буга чейин жетекчи болуп келгендердин 99 пайызы журналисттер болгон. Ошондуктан мен биринчи кезекте түп-тамырынан өзгөртүүгө көңүл бурам.

«Азаттык»: Сиз өзүңүздү менеджермин деп айта аласызбы?

Илим Карыпбеков: Ооба, мен өзүмдү менеджермин деп айта алам. Себеби буга чейин ири компанияларда - “Мегакомдо”, “Манас” аба майданында иштеп келдим. Өзүмдүн жеке бизнестерим бар. Коомдук каналга келгендеги максатым да ушул, башкача айтканда башкаруу оңолсо, көгүлтүр экран да оңолот деп ойлойм.

Ал эми кантип оңолот дегенге келсек, мисалы, биздин кадрдык потенциалыбыз чоң деп айтып келатабыз. Бирок кызматкерлердин алган айлыгы орто эсеп менен 15 миң сомдун айланасында. Бул эми жакшырак айлык алгандардыкы. Кээ бир учурда 10 миң, ошол эле кезде айтсам таңкалычтуу болсо керек, бир айда 3 миң сом айлык алган адамдар да бар. Мен ошол журналисттерден кантип жакшы, калыс, ар тараптуу, кызыктуу материалдарды даярдагыла деп талап кыла алам?

Башкы директордун эң биринчи максаты - жакшы шарт түзүп берүү. Мен муну Коомдук каналдагы кызматкерлерге, балдар-кыздарга да айтып жатам. Менин негизги милдетим - алардын ыңгайлуу отурган жерлери, жакшы компьютерлери, ошондой эле сапаттуу камералары, техникалары, аларды ары-бери ташыган жакшы унаалары болгондой шарт түзүү.

Экинчиден, алардын татыктуу маянасы болушу керек. Мен ушул нерселерди камсыз кылгандан кийин гана алардан толуккандуу ишти талап кыла алам. Эгер ошондон кийин да койгон талапты аткара албай жатышса, анда жумуштан кет деп айтууга да менде укук жаралат. Менимче, андай шарттарды түзбөй туруп эле кызматкерлерге мага эл аралык стандарттагы, сапаттуу жаңылыктарды бергиле деп айтканым туура эмес болот го.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз да жакшы билесиз, КТРК коомдук канал болгону менен каражат жагынан ал кандайдыр бир деңгээлде мамлекетке көз каранды. Ал эми өкмөттө акча жок деген негизде айлык акы, калем акы аз болуп келатканы белгилүү. Сиз кошумча каражатты кайдан табам деп турасыз?

Илим Карыпбеков: Мамлекеттик бюджеттен жылына 400 млн. сомго жакын акча бөлүнөт. Бул акчанын 200 млн. сому сигналды жеткирүүгө, башкача айтканда ретрансляция кылууга жумшалат. Ал эми калган 200 млн. сом айлык, калем акы жана башка чыгымдарга коротулат.

Мындан тышкары, 2014-жылы кошумча 90 млн. сомго жакын акча табылган. Башкача айтканда бүгүнкү күндө КТРКнын бир жылдык бюджети 290 млн. сом. Негизи биздин бир жылда мыйзамдуу жарнамалык 38 миң минутабыз бар. Эгер аны орточо баа менен баарын толук сата турган болсок, 200-300 млн. сомдон ашып кетет. Азыркы кезде анын 70 пайызы кечки берүүлөр - прайм-тайм учурунда сатылса, таңкы берүүлөр мезгилинде анын 3 гана пайызы сатылат экен. Бул деген башкаруунун такыр иштебегендиги.

“Азаттык”: Ал эми каналда мазмундук жактан кайсы багыттар оңдолушу керек деп ойлойсуз?

Илим Карыпбеков: Дүйнөдө Global Media деген иликтөө жүргүзгөн ири компания бар. Алар өткөн жылы үч ай бою Кыргызстанда иликтөө жүргүзүшүптүр. Анын ичинде Коомдук биринчи каналдын да аудиториясын карашкан экен. Мен алардан иликтөөнүн жыйынтыгын сурап, карап чыктым. Андагы биздин берүүлөрдүн рейтингин карап көрө турган болсок, эң биринчи “Даңазалуу доор” телесериалы турат экен, экинчи “Алтынчы күнү кечинде” деген белгилүү музыкалык берүү, андан кийинки орундарды “Азаттыктын” Коомдук каналдан чыккан программалары (“Ыңгайсыз суроо”, “Азаттык+”), Би-Би-Синин берүүлөрү ээлеген. КТРКнын өз жааматы даярдаган “Ой ордо” программасы 7-орунда экен.

Бул деген КТРКдагы программалардын рейтинги, мазмуну каралбай, андагы нерселер элге жагабы, кабыл алабы, эл үчүн кызыктуубу деген нерселер анализденбей чыккан программалар деп ойлойм. Булардын концепциясын карап чыгып, изилдеп, элге жага турган нерсени кылыш керек. Рейтинги жогору программаларды изилдеп, мисалы “Даңазалуу доор”, “Азаттыктын”, Би-Би-Синин программалары элди эмнеси менен өзүнө тартып жатат деп изилдеп, алардын эң жакшыларын алып, ашып өткөнгө аракет кылам. Анткени мындай изилдөөлөрдөгү биринчи ондукта КТРКнын өзүнүн программалары туруш керек деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG