Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Атамбаев: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт


Алмазбек Атамбаев менен Австриянын президенти Хайнц Фишер. 23-март, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Австриянын президенти Хайнц Фишер. 23-март, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине жана Еврошаркет менен ЕККУнун башкаруучу институттарына жасаган расмий визити 23-мартта башталды.

Евротурненин алкагында Кыргызстандын Президенти Атамбаев Европанын жогорку деңгээлдеги расмийлери менен соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү жана саясий диалогду тереңдетүү жаатында расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганы белгиленген.

23-март күнү Вена убактысы боюнча 11-00дө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолугушту. Фишер мырза президент Атамбаев баштаган кыргыз делегациясын Хофбург ак сарайынынын алдындагы парад аянтында өзүнүн жубайы жана расмий бийлик өкүлдөрү менен бирге тосуп алды. Андан соң тизилген аскердик ардак кароол таазим иретинде рапорт берип, аскер оркестри башында Кыргызстандын, андан кийин Австриянын мамлекеттик гимндерин ойноду. Эки тараптын президенттери расмий бийлик өкүлдөрүн тааныштырган соң, мамлекет башчылардын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болуп өттү. Андан кийин кеңейтилген жыйынга чогулуп, тараптар кызматташууну жолго коюунун шарттарын талкууга алышты.

Жыйындын аягында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун караган расмий документтерге эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери кол койду. Бул документтер негизинен эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, саясий-гуманитардык жана маданий тармактар боюнча кызматташуу ниетин ичине камтыйт. Мына ошол кол коюудан кийинки маалымат жыйынында эки президент кызматташуунун негизги багыттары боюнча жетишилген макулдашуулардын шарттары туурасында журналисттерге айтып берди. Мында айрыкча Еврошаркет менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы саясий диалогдун үзгүлтүксүз көпүрөсүн орнотуунун зарылчылыгы боюнча маселеге басым жасалды. Атамбаев КМШда биринчи болуп, Украинадагы бийликтин кулашын тааныганын айтып, бирок жаңы бийлик кийин орус тилинин макамы тууралуу мыйзамды жокко чыгарып, чоң саясий катачылык кетиргенин айтты.

Атамбаев: Украин кризисин сүйлөшүү менен чечүү керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун өзүн халиф деп жарыялап алган жетекчилиги Борбор Азияда, анын ичинде негизинен Фергана өрөөнүндө өзүнүн провинциясын түзүү планы бар экенин жашырбайт. Ошондой чабуулга каршы туруу үчүн Кыргызстан учурда аскердик колдоого муктаж" деп билдирди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Венадагы маалымат жыйынында.

Орусиянын аскер базасынын Кыргызстанга келтирген пайдасы тууралуу европалык журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Учурда диний радикализм, террордук баскынчылык сыяктуу коркунучтардын алдын-алуу үчүн Кыргызстан Орусиядан курал-жарак жана ок-дары алып жатканын жашырбайм жана ушундай эле аскерий жардамды Европалык өнөктөштөрдөн дагы күтмөкпүз” – деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Мындан сырткары президент Атамбаев Кыргызстан Орусия менен экономикалык жана коопсуздук жаатында негизги өнөктөш экенин белгилеп, ошол эле кезде өлкө өзү тандап алган демократиялык жолдон кайра артка кайтпайт деп ишендирди.

“Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бирден-бир парламенттик башкаруу жолун тандап алды. Эми бул жолду өнүктүрүүнүн үстүндө гана иштеп, артка кайтууга жол жок” –деди Атамбаев. Кыргызстандын президентинин Европага жасаган турнесинин саясий маанисине токтолгон президент Европа мамлекеттери Кыргызстан демократиялык-светтик коомду куруу жолуна ишенген үчүн бир эле учурда Европанын беш мамлекети расмий визит жасоого чакыруу жөнөткөнүн айтты.

Атамбаев: Кыргызстан парламентаризмден кайтпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Өз кезегинде Австрия президенти Хайнц Фишер Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоого аларын убада кылды. "Биздин өлкөлөрүбүздүн көп жалпылыктары бар, Кыргызстан парламенттик башкаруудагы, демократиялык принциптерди туу туткан өлкө. Демократия - татаал иш, ошондуктан биз Кыргызстандын өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Ошондой эле Австрия президенти кыргыз-австрия кызматташуусунун потенциалын белгилеп келип, инвестицияларды коргоо жана укук коргоо тармагында кызматташуу боюнча пландарына токтолду. “Мен жеке өзүм жана Австрия Кыргызстандын биздин өлкө менен да, Европа союзу менен дагы мындан аркы кызматташуусун колдойбуз”, - деди Автрия президенти өз сөзүндө.

Күндүн экинчи жарымында президент Атамбаев Вена шаарында өтүп жаткан кыргыз-автриялык бизнес форумдун ишине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык климаттын жакшырышы жана чет элдик ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттар туурасында сөз сүйлөдү. Андан кийин президент Атамбаевдин катышуусунда Автриянын Федералдык экономикалык палатасы менен Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицяларды тартуу агенттиги өз ара кызматташуу туурасында макулдашууга кол койду.

Бул иш-сапардын алкагында, ошондой эле Атамбаев Австриянын парламенттинин федералдык кеңешинин президенти Соня Цвацл менен жолугушуп, Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүү шарттары туурасында пикир алмашуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын Европанын беш ири мамлекетине жасаган иш-сапары бүгүн, 23-март күнү Австриядан башталды. Мамлекет башчысын биринчи айым Раиса Атамбаева жана бир катар жогорку кызмат адамдары, ишкерлер коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG