Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Ош: милиция коркуп көчөнү жаап алдыбы?


Оштун милициясы жана УКМКнын аймактык башкармалыгы имараттарына кирчү эки жолдун баш-аягын тосуп алышты.

Кадимки эле транспорттор каттачу Алиев жана Баялинов көчөлөрүнөн алар эми бир да машинени өткөрбөй жатышат. Күч органдары муну коопсуздук менен байланыштырууда. Калаа бийликтери да ушундай позицияда. Бирок шаардыктар арасында буга нааразылыктар орун алып, жол жабылгандан улам тыгын жаралып жатканы айтылат.

Жолдун жабылышы элди жүдөттү

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгы менен УКМКнын Ош аймактык бөлүмү Касымалы Баялинов көчөсүнүн башын мындан бир жыл мурда жаап салган. Кийин Эргеш Алиев көчөсүнүн милиция тарабы тосулду.

Жакын арадан бери Баялинов көчөсүнүн этегине да блокпост коюлуп, бул ортолук өзүнчө эле “анклав” болуп калды. Бул жерден азыр катардагы машинелер эки жакка таптакыр каттай албайт. Мындан ушул эле көчөлөрдө жашаган тургундар да жүдөп жатышкан экен.​

Алиев көчөсүндөгү тосмо
Алиев көчөсүндөгү тосмо

Эргеш Алиев көчөсүнүн жашоочусу Абдыразак Ашырбаев пикирин ортого салды:

- Өз үйүбүзгө айланып келип, кыйналып атабыз. Биздей кары адамдарга утур тегеренип келе берүү аябай түйшүк жаратат экен. Мындай тосуп алганы таптакыр туура эмес. Элге, шаарга тиешелүү жолду тосуп алууга булардын акысы жок. Милиция болобу, министр отурабы, айырмасы канча? Бир чоңу келип "бул жагын тосуп кой" деп буйрук кылат, шарт этип блок пост коёт. Дагы бири келип буйрук берди эле, экинчи көчөнүн башына шлагбаум коюп койду. Биз болсо өз үйүбүзгө өзүбүз кире албай ит болуп атабыз. Башкаларды мындай кой бул жакта жашап аткан адамдарды такыр ойлошкон жок.

Аталган эки көчөнүн жабыктыгынан айдоочулар ары-бери каттаганда эки квартал айланып калышат. Маселен, Ленин көчөсүнөн Черемушка кичирайонуна кеткендер, же Молдо Нияз көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө түшөм дегендер үчүн бул сезилээрлик тоскоолдук жаратат. Мунун айынан кээде Ош улуттук драма театрдын алдында тыгын жаралып калган учурлар бар. Шаар тургуну Азамат Кожоев мындай дейт:

- Шаардын жетекчилери калаада тыгын болуп, машине батпай атат дешет да, анан эми бул кылганын карагыла. Өздөрү бир эмес, эки жолду тосуп алышты. Өтө көп каттам болбосо да ары-бери каттаган адамдар бул жерден арбын эле өтчү. Бул жерден азыр өздөрүнөн башка эч ким кирбейт. Чычкан өткүс кылып тосуп салышкан. Булар күч органдары болгон үчүн эч ким эч нерсе деп булардын үстүнөн арыздана албайт экен. Анан булар билгенин кылып атышат.

Милицияда жолду ачайын деген ой жок

Күч органдары болсо көчөлөрдү бууп салган себебин коопсуздук менен байланыштырууда.

Баялинов көчөсүндөгү блокпост
Баялинов көчөсүндөгү блокпост

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Укук коргоо органдары өздөрүн коргосо, анан элди коргой алат. Биринчи кезекте биз өзүбүздүн коопсуздукту карашыбыз керек, андан кийин гана калктын коопсуздугун карайбыз. Жолду тосуп салганыбыз ушул коопсуздук чараларынын эле бири. Анткени бул жерде шаар менен облустун коопсуздугун караган негизги органдардын имараттары жайгашкан. Тагыраак айтканда, мамлекеттик коопсуздук кызматынын имараты, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын имараты, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экинчи корпусу жана №5 тергөө абагы ушул жерде жайгашкан. Жакынкы күндөрдө бул жолду ачуу биздин планыбызда жок.

Ош шаардык мэриясы да күч бийликтеринин бул пикирин колдогон позицияда. Жолду жабууга да калаа бийликтери атайын уруксат берген экен. Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов жолду жабуунун себебине токтолду:

Тосулган көчөлөрдүн картасы
Тосулган көчөлөрдүн картасы

- Акыркы убактарда исламчыл террористтер, Сирия окуялары сыяктуу көп сөз, ушак-айыңдар кетпедиби. Ошол себептүү күч органдары бизге атайын кат менен кайрылган. Биздин адистер, МАИ кызматкерлери бул ишти бир сыйра мониторинг кылгандан кийин ал жолдун бардык тараптарын жаап салууга уруксат бергенбиз. Тагыраак айтканда, мага чейинки жетекчилер уруксат беришкен. Бул эми “сактыкка кордук жок” деген эле ыкма да, муну көп деле саясат кылыштын кереги жок деп ойлойм.

Ак үйдүн жолу неге тосулбайт?

Кантсе да шаардыктар арасында бул маселе толтура нааразылыктарды жаратууда. “Күч органдары өздөрү кооптонуп атса, катардагы жарандар да көчөлөрүн жаап, үйлөрүнө ок керекпи” дегендер да бар. Шаар тургуну Азамат Кожоев кайрадан кепке кошулду:

Алиев көчөсүнүн башка тарабынан тосулушу
Алиев көчөсүнүн башка тарабынан тосулушу

- Элдин коопсуздугун кайтарган милиция менен УКМК өздөрү коркуп, өздөрү коргонуп жатса, анда карапайым адамдар каякка барат? Булар ошентип жолдун баарын тосуп, тескерисинче адамдарда шек жаратышууда. Эгер террорист ушундай эле жардыргысы келсе, биринчи барып милицияны эмес, катардагы адамдарды жардырат да. Алар деле биринчи барып куралданган милицияга барып тийишчүдөй жинди болбосо керек. Мисалы, Бишкек шаарында Ак үйдүн алды, же ошол эле Ички иштер министрлигинин алдында жолду эмнеге жабышпайт анда? Алар деле кооптонуп атабыз, бирөө кол салат деп жолду жаап сала беришпейби. Мен деле анда кооптонуп атам, жол башкармалыгына арыз жазам. Көчөнүн кире беришинен баштап тосуп алып, эч кимди киргизбей, өткөрбөй жата берсем боло береби?

Коопсуздукка жана ыңгайга карап шаардын жолун тосуп алган окуя Ош шаарында биринчи жолу катталып жаткан жок. Базарбай Нурматов көчөсүнүн Шакиров көчөсүнө чыгып бараткан бөлүгүн ички аскерлер кызматынын атайын заставасы кырдаалга шылтап тосуп алган. Кийин алар жолдун эки тарабын толук жаап, ал жерди биротоло өздөрүнө короо кылып алган. Азыр шаардыктар ал жерде жол бар экенин деле унутуп калды. Эми ИИМ менен УКМКнын бөлүмү Баялинов жана Алиев көчөлөрүн “менчиктештирип кетпесе” деп чочулагандар бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG