Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Жоголгон тажик полковниги Сириядан табылды


Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

Тажикстандык полковник, ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимов Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын интернетте жарыялады.

Өткөн айда үй-бүлөсүн таштап кеткен Халимовдун айтышынча, тажик бийлигинин намазга, мусулман кийим-кечелерге жана диний жөрөлгөлөргө каршы саясатын жектеп, Сириядагы согушкерлерге кошулуп кеткен.

Тажик милициясынын өзгөчө отряды - ОМОНдун мурдагы командири, полковник Гүлмурод Халимов интернетте 27-майда жарыяланган видеотасмада ата журтуна “жихадга” келерин эскертип, “Ислам мамлекети” тобуна кошулуу чечимине тажик өкмөтүнүн исламдын үрп-адаттарына каршы жүргүзгөн саясаты түрткү бергенин айтат. Анын сөзүнө караганда, өзү менен кошо Сирияга тажикстандык он жаран кеткен.

40 жаштагы полковник 23-апрелде иш ордунда кызматтык күбөлүгүн калтырып, дарегин айтпай дайынсыз жоголгон. Анын автомобили бир нече күндөн кийин табылган. Халимовдун орус тилинде жазылган видеосунда Орусияда эмгектенген тажикстандык мигранттарды “каапырлардын кулуна айландыңар”, "Алла жолунан чыктыңар" деп сындайт. Мекендештерин Сирия жана Ирактын өздөрү басып алган бөлүгүн халифат деп жарыялаган “Ислам мамлекети” тобунун желдеттерине кошулуп, жихадга аттанууга үндөйт.

Сегиз уул-кыздын атасы Гүлмурод Халимов мекендештерин Тажикстанда дагы орто кылымдык тартиптерге таянган халифатты курууга чакырат. Ал демократияны “каапырлардын дини” деп атап, америкалыктарды “чочко” кейпинде деп сыпаттап, “биз келип, силердин түбүңөрө жетебиз” деп коркутат.

Халимов үч жыл мурда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча отряды - ОМОНдун командири болуп дайындалган. 1992-97-жылдардагы жарандык согуш учурунда президенттик гвардияда кызмат өтөгөн жана сержанттан полковник даражасына чейин чоңойгон. Аскердеги кызматы үчүн бир нече мамлекеттик сыйлыктарды алган. Рашт районундагы жана Хорог шаарындагы козголоңчу топторго каршы операцияга катышкан. Москвада жана АКШнын Луизиана штатында аскерий машыгуулардан өткөн.

Качкын полковниктин бир тууганы Назир Халимовдун “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, агасы келгенден кийин Америкага керемет өлкө экен деп суктанып жүргөн. Назир Халимов тасмадагы адамдын жүзү-башы, үнү агасыныкына куюп койгондой окшош болгону менен “агасы эч качан сакал койбогонун” айтат.

Мурдагы командирдин туугандарынын сөзүнө караганда, 23-майда аялына үч күндүк командировкага баратам деген бойдон дарегин билдирбей жүргөн. Кесиптештери Халимовду акыркы ирет 6-майда ички иштер министри Рахимзода ОМОНдун командирлери менен Душанбеде өткөргөн жыйында көргөнүн айтышат.

Буга дейре жергиликтүү медиа Халимов 10 тажикстандык жаран менен Сирияга кетиптир деп жазып чыгышкан. Бирок мындай маалыматты тажик бийликтери тастыктап же четке каккан эмес.

Тажик ОМОНунун офицерлери мурдагы командиринин жихадчылардын катарына өткөнүн 28-майдагы чогулушта “динге жана мекенге чыккынчылык кылуу” деп айыпташты. Ал боюнча атайын кайрылуу ОМОНдун атын атабаган офицеринин “Азаттыктын” тажик кызматына айтышынча, жакында коолмчулукка жарыяланат.

Халимовдун кесиптештеринин бири полковник аскер адамы катары “Ислам мамлекети” тобунун артында ким турганын жакшы билген, андыктан анын согушкерлерге кошулуусуна динден бөлөк нерсе себеп болушу мүмкүн эместигин белгилейт.

28-майда Тажикстандын Жогорку Соту “Ислам мамлекети” тобун террорчул уюм деп тааныганы маалымдалды. Коңшу өлкөдө "Өзбекстан ислам кыймылы", "Ансорулла", "Салафия", "Жамаати Таблиг" уюмдарынын ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG