Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Шайлоого аттанчу партиялар катары суюлду


№5232 шайлоо участогу. Ош
№5232 шайлоо участогу. Ош

БШК быйылкы парламенттик шайлоого катышчу партиялардын документтерин кабыл алууну аяктады.

Боршайком башчысы Туйгуналы Абдраимов биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү милдети жүктөлгөн Мамкаттоо кызматы ишти жакшы уюштура албагандыктан БШК кийлигишүүгө аргасыз болгонун билдирди.

"Канча жылдан бери шайлоо жараяндарына уюштуруучу да, талапкер катары да катышып келатам, шайлоочулардын тизмеси азыркыдай сапатсыз түзүлгөнүн көргөн эмес элем", - деди​ ал журналисттерге берген жыйында.

Туйгуналы Абдраимов Мамлекеттик каттоо кызматы кетирген алешемдик айынан 6-августтан тарта Боршайком өзү ишти колго алууга аргасыз болгонун, ошондон бери 800 миң жаран ID картасындагы белги боюнча тизмеге туура киргизилгенин маалымдады.

Учурда биометриканы Бишкектен тапшырган, бирок борбордо катталбаган 200 миңден ашуун жаран республиканын башка аймактарында, катталган жериндеги тизмелерге кирип калган. Бул өз кезегинде чоң көйгөй жаратууда. Эми алар үчүн Бишкектеги 204 участокко кошумча дагы 39у ачылганы турат.

Туйгунаалы Абдраимов бул добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына терс таасир тийгизбейт деп ишенет:

- Эми биз аларды шайлоого чейин участокторго “отургузабыз”. Ким кай жерден добуш берсе, ошо боюнча жыйынтык кете берет. Негизгиси – шайлоого чейин жетишип калуу керек. Жетишебиз.

Бирок бул демилгенин мыйзамдуулугунан күмөн санагандар да жок эмес. Алар шайлоодон кийин соттук териштирүүлөрдүн бир түрү дал ушул жагдайдан улам чыгышы ыктымал дешүүдө.

Боршайкомдун мурдагы башчысы Акылбек Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды тизмеге паспортто көрсөтүлгөн дарек боюнча киргизүүдөн башка жолу жоктугун, демек, буга мекеме күнөөлүү эместигин, ошол эле учурда кошумча участок ачуунун өзү мыйзамга каршы келерин айтты:

- Мыйзамда участкалык комиссиялар туруктуу негизде эки жылга түзүлөт деп жазылган. Убактылуу комиссия тууралуу эч кандай жобо жок. Шайлоочу каалаган жеринен добуш бере алат деген ченем бар. Эгер жаран шайлоо күнү ушул жерде добуш бергим келет деп арыз менен кайрылса, шайлоо комиссиялары аны милдеттүү түрдө кабыл алышы керек.

Парламенттик шайлоого катышам деп чыккан 34 партиянын ичинен 14ү гана белгиленген мөөнөткө карата тиешелүү документтерин, талапкерлер тизмелерин жана күрөөгө 5 миллион сом төгүлгөнү тууралуу кагазын тапшырууга жетишти. Алардын катарына илинбей калганы үчүн “Эгемен Кыргызстан” партиясынын теңтөрагасы Бектур Асанов Боршайкомду күнөөлөп чыкты:

- Биз 700 миң сомун төктүк. Калганын 10 күндүн ичинде тапшырсак болот. Мыйзамда ошондой деп жазылган. Бирок алар толук сумма жок деп жатат.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Туйгуналы Абдраимов “Эгемен Кыргызстан” партиясынын дооматтарын четке кагып, мөөнөт 25-август күнү 18:00дө аяктаганын айтууда:

- Алар мыйзамды бир аз башкача айтып жатат “силер текшерип бүткөнчө” деп. Ошол жер бир аз эки башка маани бергендей болуп калган, бирок документтерди текшерүү үчүн алар күрөөнү төктү деген кагазы колунда болушу керек.

5 миллион сомун төгүп, документтерин текшерүү үчүн чогултуп келгенге жетишкен 14 партияны атай кетсек, алар – “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү - Прогресс”, “Азаттык”, “Республика - Ата-Журт”, “Аалам - партияда жоктор партиясы”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан – Эмгек”, “Замандаш”, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Мекен Ынтымагы” жана “Кыргызстан элдеринин конгресси”.

Учурда республика боюнча ачыла турган 2 миң 374 шайлоо участогунда 2 миллион 417 миң шайлоочунун тизмеси илинип турат. Чет мамлекеттегилер үчүн 26 өлкөдө 36 участок уюштурулууда. Шайлоону чагылдырууга 204 ММК аккредитациядан өттү, 23 интернет басылма менен БШК ортосунда меморандум кабыл алынган.

Шайлоону уюштурууга жалпысынан 224 миллион сом талап кылынары эсептелип чыккан, бүгүнкү күнгө карата өкмөт бул сумманы толугу бойдон бөлүп бергенин Туйгунаалы Абдраимов кошумчалады.

29-августта Боршайком талапкер партиялардын лидерлери менен “Этика кодексине” кол койгону жатат.

XS
SM
MD
LG