Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Жолдошбаевдин кезектеги жоругу...


Камчыбек Жолдошбаев
Камчыбек Жолдошбаев

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

"ПолитКлиника” гезитине Жалал-Абаддын 28 тургунунун атынан Санабар Исаеванын “Шарап Абдыкадыров кылмыш ишине мыйзамсыз тартылууда!” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган каты жарык көрдү. Журналист Семетей Талас уулу "Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев мас абалында кол көтөрдү” деген ат менен “ПолитКлиниканын” суроолоруна жооп берди. Семетей Камчыбек Жолдошбаев анын жолун тороп, сөгүп-сагып, ур-тепкиге алганын, ал аны сабап салайын дегенин, бирок антсе эртеси “депутатка кол көтөрдү” деп жаманатты кылышмак деген ой менен кол көтөрбөгөнүн, адегенде укук коргоо органдарына кайрылсамбы деп ойлоп, бирок арыз жазбаганын, жазар-жазбасын азырынча айталбастыгын, өзү төрт жылдан бери ичкилик ичпестигин, намаз окуп жүргөнүн айтып берди.

Ушул эле гезиттен Нарымбаевдин сотунда Түлеевдин кызы тууралуу сот: “Назгүл Түлееваны жабырлануучу деп таануудан баш тартылсын” деген чечим чыгарганын, “Түрмөдөн чыккан Раушан Рыкунова-Качиева менен анын адвокаты Айткулов баш кошуп алышканын, мандатынан ажыраган Урмат Ишенбековдун ордуна “Кыргызстан” фракциясынан Айтмамат Назаров депутат болгонун, укук коргоочу Калича Умуралиеванын сабалышын милиция иликтеп жатканын, Улуттук университеттин чарба иштери боюнча проректору А. Нурзак менен башкы бухгалтери Б. Ольга пара менен кармалып, эми башты жерге салып сурак берип олтурганын кабарлады.

“Элдин арманынан, азасынан күлкү жасабагыла?” Мына ушундай ат менен 7-апрелде жакындарын жоготкондордун куудулдарга жана жалпы элге кайрылуусу басылды. Кайрылууда 2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын тарыхында бурулуш жыл болгонун, бирок бир боорунан, жубайынан, жакындарынан, балдарынан айрылып калгандар үчүн өзгөчө азалуу күн экенин, азыркы күндө шейит болгондордун 40тай жетим балдары мектептерде окуп, чоңоюп келатканын, жакындарынан ажырагандар Рахман Разыковго же башка эл сыйлаган куудулдардын жеке өздөрүнө шек келтирүүдөн алыстыгын, бирок алардын оюндарында “таманыма ок жегем” дедиртип, курман болгондорду чоң сахнадан күлкү-шакабага айландырып турганы оор тийгенин, энелердин арманы менен көз жашынан күлкү жасаган кыргыз элинин нарк-насилине деги эле туура келбей турган жаман жорук болорун, ошондуктан 7-апрель баатырларынын үй-бүлөлөрү 7-апрель окуясы менен Ош окуясын шакабага алып, аларга эле эмес, жалпы элге, кечээги тарыхыбызга шек келтирип жатышканын, кыргыз эли ич ара бөлүнбөй, ушул эки алааматта жанын кыйгандарга таазим кылып, алардын арбактарына ар дайым куран окуп, коомдогу жаман көрүнүштөрдөн бачым арылууга аракет кылып, Ата Журттун өнүгүп-өсүшүнө салым кошуу башкы милдет экенин, анткени 7-апрель жана Ош окуяларынан жабыр тарткандардай эчким күйбөгөнүн, мындан ары эч кимдин башына ушундай күн түшпөшүн, сырттан душмандар “кыргыздар эмне болор экен?” деп күн сайын тиктеп турганын белгилеп, “Биз алардын отуна май тамызып, бирибизди-бирибиз шылдың кылбай, Ынтымак, Ырыс-Кешик, Ыйманыбыз менен жооп кайтаралы” деп жазды.

“Асман плюс” гезитинен сиздер депутат Төрөбай Зулпукаровдун “Ак үйдө намазкананын болгону Конституцияга да, мыйзамга да каршы келбейт” деген маегин, “Биздин депутаттардын уруусу жана урпагы ким?” деген сурамжылоону, шаардык театр жөнүндө директору Урмат Белекбаевдин айткандарын, Айтемир Аскеровдун “Калк турмушун жакшырткан берекелүү насыя” деген макаласын, кезинде Таластын агездеги “Россия” деген колхозунда азыркы депутат Өмүрбек Бабановдун атасы Токтогул Бабанов башкарма болуп иштегенин Бабановдун шоопуру Токтогул Азимкан аттуу адам атайылап Таластан келип жазып берген эскерүүсүн окуйсуздар. Мындан тышкары парапсихолог Лариса Асанбекованын “Каргыш” кандай болорун түшүндүргөн макаласы, журналист Чолпон Субакожоеванын “сандан-санга “Манас таануу” китебинен алынып жарыяланып жаткан “Манас-Асман, Асман-Манас” деген бөлүмүнөн манасчылар Сагымбай Орозбаков, Чоюке Өмүр уулунун өмүр баяндары, Улан Орозбаевдин “Капиталисттик доордо адамдар жыркычтарга айланды” деген макаласы басылды.

XS
SM
MD
LG