Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Күн дагы 5 миллиард жыл жарык чачат


Күн дагы 5 миллиард жыл өчпөйт.
Күн дагы 5 миллиард жыл өчпөйт.

Кыямат кайым болбойт. Чоң жарылуу 2,8 миллиард жылдан кийин болушу ыктымал. Күн дагы 5 миллиард жыл өчпөйт. Асманга жипсиз жана мыксыз асылган видеоэкран жасалды. Акчаны ойлоп, түн уйкусун жоготуу психологиялык туталанууга караганда ден соолук үчүн алда канча зыяндуу.

Кыямат кайым болбойт. Ааламдын жок болушу жөнүндөгү теорияга ылайык, Аалам ашкере ылдамдык менен кеңейип баратат. Анча мезгилден соң бул жараян туруктуу нукка түшүп, бардык жылдыздар жок болот. Ошондо материя жана энергия Аалам койнуна тегиз бөлүнүп, Ааламдагы энтропиянын1 деңгээли нөлгө жакындайт да, Ааламда жылуулуктун жок болчу учуру келет.

Башка бир теория боюнча Ааламдын кеңейүүсү кара материяга байланыштуу болуп, бир учурда кеңейүү ылдамдыгы өз чегине жетет. Анан мейкиндик жарылып, майда бөлүктөргө бөлүнүп, Ааламдын жашоосу бүтөт. Буга чейинки божомолдор боюнча Чоң жарылуу 22 миллиард жылдан кийин гана болушу ыктымал эле.

Эми Лиссабон университетинин окумуштуусу Диего Саес-Гомеc (Diego Saez-Gomes) жана анын шериктери түзгөн болжолго караганда, Чоң жарылуу бүгүндөн тартып 2,8 миллиард жылдан кийин болушу ыктымал. Бул Ааламдын азыркы жашынын 1,2 бөлүгүнө барабар мезгил. Бул теория боюнча Күн дагы 5 миллиард жыл өчпөйт.

Башка дагы бир болжол боюнча Чоң жарылуу же Кыямат кайым эсеп жетпеген чексиз убакыттан соң болушу ыктымал. “Андай болгондо Чоң жарылуу болбойт, бирок Аалам жөн эле жок болушу мүмкүн”, -дейт Диего Саес-Гомес. Ал эми АКШдагы Дортмут университетинин (Dartmouth College) профессору Роберт Колвелл (Robert Calwell) физикалык теория экзотикалык жана экстремалдык кырдаалдын негизинде изилденгенин айтат. (Булагы: New Scientist).

Асманга илгичсиз асылган видеоэкран жасалды. Mitsubishi Electric компаниясы жасаган аба дисплейинин1 туурасы 88,6 см, бийиктиги 112 см, диаметри 142.24 см. Асманда (абада) асылган сүрөт (видео) аны карап турган адамга тик абалда жайгашкан экран күзгү2 аркылуу чагылдырылат. Адам менен экрандын ортосунда нурду бөлүүчү оптикалык айнек (жабдык)3 орнотулат. Ал жарыктын агымын экиге бөлүп турат. Натыйжада эки башка сүрөт пайда болуп, ал күзгүдөн чагылат да сүрөт (видео) асманда булуттай калкып, илгичсиз илинип тургандай болуп көрүнөт.

“Адамдар абада илинип турган картинага көңүл бура албайт, себеби анын кайда турганын аныктаганга мээнин кубаты жетпейт. Ошон үчүн сүрөт кыймылсыз экранга да проекция болот. Адамдын мээси адегенде ошол сүрөттү көрүп, андан кийин асманда илинип турган образды көрөт”, -дейт долбоордун башчысы Токиодогу Уцумония (Utsunomia) университетинин доценти Хиротсугу Йамамото (Hirotsugu Yamamoto). Мындай реклама же сүрөттөр 2020-жылдардан тартып стадиондордун жана көчөлөрдүн үстүнө орнотула баштайт деп жоромолдонууда.(Булагы: Mitsubishielectric.com)

Рак менен атайын машыккан клетка согушат. Кесел адамдын организминен иммундук системанын клеткаларын алып, аларды коркунучтуу ооруларды пайда кылчу шишиктердин чабуулун артка кайтарууга үйрөтүп машыктыруу – рак менен күрөшүүнүн эң ыңтайлуу жолу. Бул ачылыш тууралуу АКШнын Сиэттл шаарындагы Фред Хучинсон атындагы Ракты изилдөө борборунун (Fred Hutchinson Cancer Reseach Center) окумуштуулар тобу жарыялады. Аталган ыкма менен дарыланган кеселдерде буга чейинки же эски усулдарга ылайык дарылангандарга салыштырмалуу рак жана ремиссиянын4 өнүгүү темпи азайган жана айыгуу 93% арбыган. «Рак азыр негизинен химиотерапия, радиотерапия жана хирургиялык операциялар аркылуу дарыланат», дейт доктор Стэнли Риддель (Stanly Riddel). (Кеңири маалымат үчүн караңыз: Fredhutch.org)

Акчаңыз үчүн сарсанаа болсоңуз саламаттыгыңызга зыян. Акчаны ойлоп, түн уйкусун жоготуу туталанууга караганда ден соолук үчүн алда канча зыяндуу экенин АКШнын Виржиния жана Колумбия университеттеринин окумуштууларынын жаңы изилдөөсү көрсөттү. Өзүнүн эртеңки каржылык абалына кыжаалат болуп жүргөн адамдардын кайсы бир жери (органы) көңүлү ток жана келечегине камырабай жүргөн адамдарга караганда көп ооруйт экен.

Экономикалык кооптонууларга удаа денеде ооруну дененин сезгенүүсү күчөшүнөн аныкталарын окумуштуулар атайын изилдеп, экөөнүн байланышына кызыгышкан. Кооптуу каржылык абалы үчүн түйшүктөнүп жүргөн адамдар санаага батып, эми эмне болот деген коркунучу күчөп, туталанып, психологиялык жактан денеде сезгенүү башталат. Изилдөөнүн жетекчиси Eileen Chon айымдын сөзүнө караганда, алты башка изилдөөнүн жыйынтыгы кооптуу экономика денеде ооруну пайда кылып, ооруга болгон чыдамкайлыкты азайтканын жана ооруну басчу дарыны көп ичкенге алып барарын көрсөткөн. (Караңыз: ctvnews.ca).

Түшүндүрмө:

1Энтропия - термодинамикада энергиянын кайрылбай чачылуусун түшүндүргөн термин.

2 Airial image - калкыма же асманда илинип турчу картина.

3 Retro-reflective sheet - экран күзгү.

4 Beam splitter – жарык агымын сындырчу жана бөлчү оптикалык айнек (жабдык).

5 Реми́ссия (лат. remissio «азаюу, алсыроо») — өнөкөт оорунун симптомдорунун алсыраган (толук эмес ремиссия) же жоголгон (толук ремиссия) мезгил.

XS
SM
MD
LG