Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

"Бийликти алууну" талкуулаган делген дагы бир аудио тарады


"Бийлик бөлүшүүнү" талкуулаган делген, интернетке тараган тасма.
"Бийлик бөлүшүүнү" талкуулаган делген, интернетке тараган тасма.

Интернетте "бийликти алууну жана бөлүштүрүүнү" талкуулаган делген айрым адамдардын сүйлөшүүсү чыкты. Буга чейин да ушундай эле эки аудио тасма тарап, оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков камакка алынган.

Интернетке тараган тасмада Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Тургун Нурматов аттуу адамдын сүрөттөрү тиркелип, Камчы аттуу адам жана аты белгисиз дагы бир аял бар экендиги белгиленген. Аудиодо бул адамдарга окшош үн менен сүйлөгөн жарандар күч түзүмдөрүнө кимди, кантип алып келүүнү талкуулашкан.

Алар "10-мартта чогулуп, кокус бийликти алып калышса, кантип өкмөт түзүүнү талкуулашканы" да айтылат интернетке тараган тасмада.

Үнү коомдук ишмер Дастан Сарыгуловго окшош делген киши улам чогулуп, олуттуу кызматтарга коюла турган кишилерди тактоо керектигин айтып, ар кайсы адамдардын талапкерлигин сунуштаган. Ал талкууга катышып жаткан аялга Ыргалай деп кайрылууда.

Укук коргоо органдары бул акыркы аудио тасма боюнча комментарий берише элек.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма тараган. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылгандар менен дал келерин айткан.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дуулатбек Турдуналиевдин сүрөттөрү коюлуп, интернетке тараган биринчи тасмада алар бийликти басып алууну, адамдарды чогултууну жана кызматтар кандай бөлүштүрүлөрү тууралуу кеп болот.

Экинчи видеодо болсо Асанов менен Кадыровдон сырткары оппозиционер Азимбек Бекназаровдун да үнү жазылган. Ал тасманын башында "20-мартта Азимбек Бекназаровдун адвокаттык кеңсесинде К.Кадыров, Б.Асанов, Р. Жээнбеков, М.Абылов, У.Маматаев, К.Кошалиев, М.Чолпонбаев, Б.Назаралиев, Э.Карыбеков, Э.Асаналиев бийликти басып алуу планын талкуулашты" деген жазуу турат.

Мындан улам "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен УКМК кызматкерлери кармап кеткен. 26-мартта алар Биринчи май райондук соттун чечими менен 12-майга чейин камакта калды.

Ошондой эле УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында энергетика маселелери боюнча адис Эрнест Карыбековду 25-мартта камакка алган. Соттун бүгүнкү чечими менен ал 12-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.

Айрымдар оппозиционер саясатчылардын кармалышын саясий куугунтук катары мүнөздөшүүдө. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров да бийликти күч менен тартып алуу тууралуу сөз болбогонун айтып, муну оппозиция өкүлдөрүн каралоо катары баалашкан.

Мындан тышкары интернетке тараган аудио тасмалардын биринде аты аталган Дуулатбек Турдуналиевге жүргөн жери белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу издөө жарыяланганы маалым болду.

Апрель ыңкылабынын баатыры, 2010-жылы Таластагы көтөрүлүштү уюштуруучулардын бири Дуулат Турдуналиев март айынын башында президентке мүрзөдө туруп кайрылуу жасаган.

Анда ал 2010-жылы ондогон адамдардын каны менен келген Атамбаевдин бийлиги элдин үмүтүн актаган жок деп тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG