Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Чубак ажынын көздөгөнү эмне?


Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 2011-жыл.
Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 2011-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттары бир нече айдан бери жума намазга жумуш убагында узагыраак тыныгуу болсун деген мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Бир дагы укуктук мамлекетте мындай мыйзам жок.

Мындай демилгеге каршы чыккан депутаттарды (алардын ичинде Жанар Акаев да бар) азыр коомчулук жемеге ала баштады. А эмнеге жемелей баштады деген суроо туулбай койбойт.

Анткени Чубак «ажы» Жалилов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында убактысын аябай Жанар Акаевге арнап жазган ачууга алдырган пикирин жарыялады. Ал жерде мурдагы муфтий ачык эле Жанарды жек көрүүгө, аны менен бир дасторконго отурбоого, аны исламдын душманы деп эсептөөгө жана башка чыныгы мусулмандын табитине жатпаган нерселерге үндөдү.

“Жумуш убагында ашыкча тыныгууга каршы” дегенди “намазга каршы”, “исламга каршы”, “бүт кыргыз элине каршы" деген мааниге өткөрүп, Жанардын сөзүн эмне үчүн тыныгууга каршы чыгып жатканын бурмалап, элдин кыжырын кайнатып, Орозо айында жек көрүү менен зомбулукту жайылткан сөздөрдү жарыялап жатканы туурабы?

Эмне үчүн дин кызматкери саясатчылардын пикир билдирүүсүнө жаалы кайнап, зордукка чакырган жооп кайтарат? Эмне үчүн дин кызматкери динден тышкары, байистүү мамлекетте жашап туруп, мыйзамдардын талкуусуна радикалдуу баа берип, анысы аз келгенсип, элди да терс жакка бурмалайт? Ислам – тынччылык менен сабырдуулуктун дини деп ишенип келаткандарга өзүнүн сөздөрү, дин кызматкерине жарашпаган туталануусу, ачуулугу, жинге алдыргандыгы менен кайра терс үлгү болуп олтурат.

Чубак ажыны Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү урматтап, анын ар бир айткан сөзүн ыйык тутканын өзү билип туруп, ошонусунан пайдаланып, Конституцияда, Эмгек кодексинде жазылган СВЕТТИК мыйзамдарга, аларды коргоого үндөгөн эл өкүлдөрүнө каршы чыккан адамдын өзүн чыккынчы жана эл душманы деп эсептейм.

Кечээ жакында эле Улуттук филармониянын алдында бачата бийин бийлеп жаткан жаштарга сакалчандар асылып, бийлетпей коюшту. Бий мусулмандыкка жатпайт имиш. Эми светтик мамлекеттин ичиндеги мыйзамдардын талкуулары, эл тандаган эл өкүлү мыйзам боюнча өз пикирин билдирүүсү да мусулмандарга каршылык экен. Эртең кимди куугунтуктап чыгышат? Кыздар окубасын деп чыгышабы? Же болбосо, күйөөсүнө каяша айткан аялдарды таш менен ургулап өлтүргүлө деп чыгышабы?

Качанкыга чейин ушундай орто кылымдын түшүнүгү менен жашап, өздөрүнчө отуруп алып, көөп, элди башкаргысы келип, шейх болууну көздөгөн адамдарды унчукпай карап отура беребиз? Көз ачып жумгуча «Ооганстан-2. Өз халифатыңды кур» долбоорунда жашап калып жүрбөйлү.

Ал эми Жанар Акаевдин жөн жерден диний куугунтукка алынып жатканын карап туруп, унчукпай отуруп берген анын кесиптештери – экс-муфтийден корккон, муфтияттын айтканын кулдай аткарган, намызсыз популисттер.

Эмитеден эле бийлик диндин алдында бир да сөз айта албай атса, анда биротоло эле Ислам мамлекети болуп, Ооганстанга кошулалыбы? Китепканаларды жардырып, балдарга курал-жарак карматып, секелек кыздарды кулдукка сатып, маңзат менен соода кылууга өтөлүбү? КЫРГЫЗ атыбыздан, тарыхыбыздан, ата-бабаларыбыздан калган мурастан, эгемендүүлүгүбүздөн, эркиндигибизден кол жууйлубу? Укуктуу мамлекетте жашайлы деп күрөшүп келген чыгаан жарандарыбыз эмгегинен ажырап жана андан баш тартып, экстремисттерге кул болуп, чыныгы маңкурттарга айланалы.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун китептерин окугандын ордуна, жалган бийлигине мас болгон, ажылыктагы коррупцияга айыпталган, укуктуу мамлекет тууралуу билими жана түшүнүгү жок муфтийлердин тантырагандарын угуп отурсак, 5-10 жылдын ичинде эмне болобуз?

Мусулмандардын лидери болгондон кийин кайра жинин басып, расмий түрдө пикирин жакшынакай түшүндүрүп берсе болот эле го. Бирдеме болсо эле, ар кимге «мусулман душманы» деген «наамды» жабыштырып, туталанып чыгуунун өзү туурабы?

Мына, мен өз пикиримди билдирдим. Эми мен да эл душманы болдумбу? Мурдагы муфтийдин сөздөрүн сындадым, ооба. «Аалымды сындагандай сен кимсиң өзү?» дегендерге – мен укуктуу, светтик мамлекеттин жаранымын, андыктан, мен өз өкмөтүмөн, эл өкүлдөрүнөн менин кызыкчылыктарымды жана укуктарымды коргоону талап кылууга толук укугум бар.

Ошондой эле, диний кызматкерлердин саясатка аралашуусун, өз ордунан пайдаланып, адамдардын ачуусун, жек көрүүсүн жана уруш-талашын туудурган ураандарын эч убакта туура деп эсептебейм жана колдобойм.

Кандай мыйзам кабыл алынат жана ал кантип талкууланат - мындай процесстер диний кызматкерлердин басымы жана кийлигишүүсү жок өтүшү зарыл.

Ойгонгула, болбосо, арабдардын акчасына байып, элдин башын айлантып отурган кээ бир диний кызматкерлердин жана аларга кошомат кылабыз деп ырсайып отурган бийлик башында тургандардын айынан эртең Ооганстандын филиалында жашап калбайлы.

P/S. Ошол эле депутаттар тимеле абдан динчил, жандүйнөсү таза, коррупцияга малынбаган, эч кимдин акчасын жебеген, сойкуканаларды ээлебеген, беш маал намаз окуп, шарияттын ар бир пункту боюнча жашаган, жашы жете элек кыздарды боюна бүтүрбөгөн, мыйзамсыз түрдө экиден-үчтөн аял албаган, сөгүнбөгөн, арак ичпеген, эч качан калп айтпаган адамдарбы, ушунчалык эле нукура мусулман болуп, жума намазга эки саат отуруп алмайын жашай албай калган? Мунун баары элге жана диний кызматкерлерге кылган кошоматчылыгы. Өлкөдөгү жумушсуздукту жок кылуу ордуна, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуунун ордуна, калкты жакырчылыктан чыгаруунун ордуна, медицинага көңүл бөлүүнүн ордуна, айлап-айлап эки сааттык жума намаздын тыныгуусун талкуулап отурушат. Уят эмеспи. Ошол элеби Кыргызстандын чечилбеген эң негизги көйгөйү? Жума намазга эки сааттык тыныгууну мыйзамдаштырып койсо, кыргызстандыктардын бардык көйгөлөрү чечилип калабы?

Алия Суранова, блогер

P.S. Aвтордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
XS
SM
MD
LG