Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Жаш ырчылар эки жээкке бөлүндү


Дайыр Исмадияров менен Арсен Өмүралиев
Дайыр Исмадияров менен Арсен Өмүралиев

Кыргыз эстрадасындагы айрым жаш аткаруучулар бири-биринин кесипкөйлүгүн сынга алып, эки жаат болуп турган кези.

Амир Аскаров аттуу жаш ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасында кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчыларды чыныгы таланттар жана музыкалык деңгээли төмөндөр деп экиге бөлүп, айрымдарынын ысымын кошо жазган. Ошондой эле аталган ырчы коомчулукту сапаттуу ырларды угууга чакырып, "эки нотаны бириктире албагандарды ээрчибегиле" деп айрым кесиптештерин кескин сындады.

Анын бул пикири жаңы чыгып келаткан ырчыларды эки жаатка бөлүп, кайым айтышка жем таштады. Талашты баштаган Амирдин өзү сахнаны музыкалык билими жоктор ээлеп алганын айтып, сапаттуу ырчыларды баалоого мезгил жетти деген пикирде:

- Ырчы болуу оңой эмес, сен эл алдындагы адамсың. Бул чоң жоопкерчилик, сенин чыгармаларың менен бүтүндөй муун тарбияланат. Эч билимиң жок, үнүңдү студиядан оңдоп жаздырып алып, туш келген ырды ырдап жүрө берген болмок беле? Мындай ырчылар ар кандай пиар менен жүзүн таанытып алып, ошого жылдыз болуп жүрүшөт. Көркөм кеңеш деген иштесе жакшы болмок.

Азыркы жаш ырчылар бири-бирине сын айтпай эле койсо болот. Баары окшош, музыкалык билими барынын, жогунун деле деңгээли бирдей.
Алмагүл Турдалиева

Ошондой эле жаш ырчы маданият тармагындагы ар кандай наамдарды татыксыз жаштар алып жатканына, кыргыз эстрадасындагы мындай көрүнүштөргө улуу муун унчукпай жүргөнүнө нааразы болуп интернетте бугун чыгарды.

Кыргыз шоу-бизнесинде анча белгилүү эмес аткаруучунун ачык сыны айрым кесиптештерин безге сайгандай чычалатты. Амир Аскаров сахналашы Дайыр Исмадияровду "таланты жоктор" категориясына киргизген. Исмадияров өзүнүн таланты, музыкалык билими тууралуу биздин сурообузга мындай жооп берди:

- Бул сынга мен эч көңүл бурбайм. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Мындай кептер айтылып келген, айтыла берет. Менин пикиримде, азыр кыргыз эстрадасы башкаларга салыштырмалуу жакшы эле баратабыз. Башка мамлекеттерге салыштырсак, бул деле биздин экономикабызга көз каранды. Ал жакта билеттер эки миң сом, бизде эки жүз сом. Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Өсүш үчүн колдоо керек.

Ырчы Амир Аскаров
Ырчы Амир Аскаров

Өнөр секисине серпилип жаткан жаш ырчылардын интернеттеги акыйнеги, аларды талкуулаган күйөрмандарынын кызуу талашы ушу тапта токтолбой уланууда. Талкууда Орусиядагы сынактан ийгилик жараткан ырчы Кайрат Примбердиев сахнаны билими жоктор ээлеп алды деген пикирди колдоп, айрым кесиптештерине музыкалык билим алууга кеңеш берген. Ал эми экинчи тарап муну аты жок ырчылардын арзан пиар жасоо аракети катары баалашат.

Акыркы жылдары жаш аткаруучулардын дарегине сындар арбын айтылып келет. Өнөрпоздор эми минтип ич ара бири-биринин кесипкөйлүгүн ачык сындоого өтүштү. Атын атагысы келбеген өлкөдөгү белгилүү радиолордун биринде иштеген кызматкер эстрада ырчылары буга чейин эле экиге бөлүнүп жүрүшкөнүн айтат.

Кайсы нотаны алаласың, кандай жанрда ырдайсың десе ошону билбеген ырчылар бар да. Студиядан компьютер менен үнүн оңдоп алып ырдай берет.
Курмангазы Азыкбаев

Учурда маани-маңызсыз ырлар, жеңил-желпи аткаруучулар эл арасында өз күйөрмандарын таап жатат деген "Санжыра" радиосунун музыкалык редактору Алмагүл Турдалиева кыргыз сахнасына жаңылык киргизүүгө умутулгандар жок деген пикирде:

- Азыркы жаш ырчылар бири-бирине сын айтпай эле койсо болот. Баары окшош, музыкалык билими барынын, жогунун деле деңгээли бирдей. Окшош стиль, окшош ыр, окшош клип. Өзгөчөлөнөйүн дегендер аз. Чыныгы музыка ушундай деп элди ээрчите алышпайт. Элди жеңил- желпи ырлар менен көндүрүп алдык окшойт, анан айрым күйөрмандар ошону каалашат.

Ал эми чыгармачыл чөйрөдөгү улуу муун бүгүнкү жаштарды тилди, нукура музыканы бузууда деп сынга алып келгенине көп болду. Эл артисти Курмангазы Азыкбаев маани-маңызы жок ырлар руханий дүйнөнү талкалап жатат деп эсептейт. Ыр-пыры аралашкан эстраданын болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин бирок, бүгүнкү жаандан кийин козу карындай жабыраган, музыкалык билими тайкы ырчылардын популярдуу болуп жатканы жалпы чыгармачыл чөйрөнүн деңгээлин түшүрүүдө дейт Азыкбаев:

- Кайсы нотаны алаласың, кандай жанрда ырдайсың десе ошону билбеген ырчылар бар да. Студиядан компьютер менен үнүн оңдоп алып ырдай берет. Эл аны билбейт. Менин жаш ырчыларга кеңешим ушундай абал менен көпкө узабайсыңар.

Айрым музыкалык серепчилер Маданият министрлигиндеги көркөм кеңеш ырчыларды тыкыр тескөөсүн туура дешет. Алардын пикиринде, аталган кеңеш жаштардын деңгээлин өстүрүүгө чоң түрткү болмок. Анткен менен, соңку жылдары эл аралык сынактарда ийгилик жаратып жаткан ырчылар дагы арбып бараткандай.

"Азаттыктын" архиви: "Ыр-пыры" аралашкан шоу-бизнес". 29-январь, 2016-жыл

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG