Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Түркиядагы “тазалоо” бизнеске көчтү


Түркияда ушу тапта 20 миң 335 адам камакка алынганын премьер -министр Бинали Ыйылдрым билдирди.
Түркияда ушу тапта 20 миң 335 адам камакка алынганын премьер -министр Бинали Ыйылдрым билдирди.

Түркияда өткөн айдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки “тазалоо” чаралары эми бизнеске көчкөндөй. Акыркы күндөрү күч түзүмдөрү тинтүүлөрдү бизнес компанияларда жүргүзүп, ушул сектордо иштеген адамдарды бутага алууда. Бийликтер ошондой эле түрмөлөрдү төңкөрүш аракетине чейин камалгандардан бошотуу чараларына да киришти.

Стамбулда коопсуздук күчтөрү 18-август күнү эртең менен да жүздөн ашуун үйлөрдө жана иш орундарында рейд жасап, мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда белгисиз сандагы адамдарды кармады.

Бул рейддердин алдында прокурорлор дагы кеминде 187 кишини камоого буйрук чыгарганы маалымдалган эле. Алардын көпчүлүгү бизнес жана каржы сектордо иштегендер жана бийликтер аскерий төңкөрүш аракетинин артында турат деп айыптаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин долбоорлорун каржылоого катышкан деп шектелгендер.

Dogan деген жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда, полициянын каржылык кылмыш боюнча бөлүмдөрү 18-августта рейддерди Стамбулда эле эмес, Түркиянын башка 17 провинциясында да жүргүздү.

Бул агенттиктин маалыматы боюнча бейшембиден эки күн мурда, 16-августта рейддер учурунда кармалгандар арасында негизинен курулуш тармагында иш жүргүзгөн Akfa холдинг деген компаниянын ээси Фатих Акташ менен анын жубайы Йелиз Акташ да бар. Анда бизнестин 120дай топ-менеджерлерин кармоо боюнча буйрукту ишке ашыруу үчүн полиция Стамбулда 44 компаниянын кеңсеcин тинткен эле.

Ошентип, Түркияда азыр өткөн айдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки тазалоо чаралары эми бизнес секторго бурулгандай. Азыркыга чейин болсо бийликтин мындай аракеттери мамлекеттик секторго жана билим берүү мекемелерине бурулуп жаткан:

- Полицияны, аскер кызматчыларын, сот системасынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн кошкондо 40 миң 29 адам кармалды. Алардын тергөөсү уланып жаткандары 5187, ал эми 20 миң 335 адам камакка алынды, - деди премьер -министр Бинали Ыйылдрым 17-август күнү кечинде мамлекеттик ТРТ телеканалынан сүйлөгөндө, кармоолор жана камоолор боюнча соңку маалыматтарды мисал келтирип.

Түрк өкмөт башчысы ошондой эле АКШда жашаган жана алар Вашингтонду өткөрүп берүүгө чакырып жаткан диниятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар делгендерге карата көрүлүп жаткан башка чаралар боюнча да акыркы маалыматтарды айтып өттү.

- 4262 мекеме-ишкана жабылып, алардын мүлкү мамлекеттик институттар тарабынан алынды. Мен ошондой эле FETOго байланышы бар мамлекеттик кызматчылардын да соңку санын бере кетейин. Ар кайсы министрликтен алынган акыркы маалыматтарды бириктиргенде кызматтык милдеттеринен четтетилгендер саны 79 миң 900 адам, мамлекеттик кызматтан бошотулгандар саны 5014, баарын кошкондо 84 миң 914 киши.

Премьер-министр Бинали Ыйылдырым айткан "FETO" - түрк бийликтеринин Фетхуллах Гүлендин уюмуна берип жаткан азыркы аныктамасынын кыскача мүнөздөмөсү.

Алар аны “Фетхуллачылардын террористтик уюму” деп аташууда.

Түрмөлөрдү бошотуу

Аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки кармоолор, камоолор жана күтүлүп жаткан сот жараяндардан улам Түркия бийликтери түрмөлөрдү бошотууга да киришкендей.

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, быйыл 16-августка карата Түркиянын түрмөсүндө жаткандар саны алардын сыйымдуулугунан 26 миңге ашып кеткен.

Стамбулдагы түрмө комплекстердин бири. 5-август, 2016-жыл.
Стамбулдагы түрмө комплекстердин бири. 5-август, 2016-жыл.

Эми өлкөнүн юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, өкмөт учурда өкүм сүрүп жаткан өзгөчө абал режиминин алкагында кабыл алган чечимдердин бирине ылайык түрмөлөрдөн 38 миңден 93 миңге чейинки сандагы айыпкер бошотулушу мүмкүн:

- Түркия түрмөлөрүндө азыр 214 миң адам бар. Азыркы эрежеге эки этап менен 93 миң адам камтылат. Биринчи баскычта булардын 38 миңи бошотулат. Алардын көпчүлүгү ачык абактарда кармалып турган айыпкерлер, бирок айрымдары жабык абактардан да болот.

Министр Бекир Боздаг кошумчалагандай, түрмөлөрдөн мөөнөтүнөн мурда бошотула тургандар быйыл аскерий төңкөрүш аракетине же 1-июлга чейин кылмыш жасагандар, бирок аларга адам өлтүрүү, терроризм жана мамлекеттик коопсуздукту бузганы үчүн айыпталгандар кирбейт.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкы комиссары Зеид Раад ал-Хусеин Түркияда бир учурда миңдеген адамдардын камакка алынышын сынга алып, мындай шартта адам укуктары, мыйзам талаптары сакталышы күмөн экенине көңүл бурган болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG