Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

УКМК Убактылуу өкмөттүн изине түштүбү?


Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева жана Эдил Байсалов. 2006-жылы ноябрда Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан, миңдеген адамдар катышкан оппозициянын митингинде.
Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева жана Эдил Байсалов. 2006-жылы ноябрда Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан, миңдеген адамдар катышкан оппозициянын митингинде.

Коомдук-саясий ишмер Эдил Байсалов аны камоо боюнча бийлик УКМКга буйрук бергенин айтып чыкты. Атайын кызмат аны четке кагып, бирок өз эрки менен келсе, каршылыгы жок экенин билдирди.

Анын алдында Fergananews.com агенттиги Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрү Ошто, Жалал-Абадда жана Өзбекстанда өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, 2010-жылы Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева менен анын аппаратын башкарган Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө, билдирүү жасоого көндүрүп жатканын жазып чыккан.

УКМК Байсаловдун аны камоо тууралуу айткандарын оюнан чыгарылган сөз катары сыпаттады, бирок Fergananews.com агенттигиндеги макала боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Эдил Байсалов камалышы ыктымал деген сөздөр Башкы прокуратура өткөн аптада июнь коогасын уюштургандардын бири деп айыпталган Кадыржан Батыровдун качуусу боюнча кылмыш ишин козгоп, президенттин тапшырмасы менен мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөндөн тарта күчөгөн.

Байсалов 19-сентябрда маалымат жыйынын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевди аны камоо тууралуу буйрук берген деп күнөөлөдү. Fergananews.com агенттиги жазып чыккан маалыматты текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев кызматтан кетиши керектигин айтты:

- Урматтуу Алмаз Шаршенович, урматтуу Фарид Аблезимович, биз сиздерге ишенбейбиз, биз силердин прокуратураңарга ишенбейбиз, Улуттук эмес, Атамбаевдин коопсуздугун коргоп калган комитетке ишенбейбиз. Бардык фракциялардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн парламенттик комиссия ушул маселеде айтылгандардын баарын ийне-жибине чейин изилдеп чыгышы керек. Ал жерде фактылар жетиштүү жазылган. Мисалы, аксакал Бөрүбай Жураев Ташкентке барды беле, барса аны кайсы кызматкерлер коштоп барган, кайсы кызматкерлер Бишкектен атайын Ошко барган, баарын такташы керек. Анткени бул иштердин баары тымызын жасалган эмес. Кайсы кызматкерлердин кимдердин тууган-уруктарына жолукканына ондогон кишилер күбө.

Байсалов: Мени камоого буйрук берилген
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

УКМК Байсаловдун кармоо тууралуу буйрук берилген деген билдирүүсүн оюнан чыгарылган сөз катары сыпаттап маалымат таратты. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов Убактылуу өкмөттүн тушундагы кандайдыр бир иштеринен корксо, өз эрки менен келип, мойнуна алса жазасы жеңилдээрин кыйытып, буларды айтты:

- Өз эрки менен келүү кандайдыр бир жеңилдиктерди берет. УКМК өзүнө тагылган милдеттер менен алектенет жана Байсаловдун мындай албууттанган сөздөрүнө баа берүүгө убактыбыз деле жок.

Бирок атайын кызмат Fergananews.com агенттиги жазган макала жана анда айтылган доомат боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

19-сентябрда аталган сайтка "Кыргызстандын атайын кызматы Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы "этникалык компромат" чогултуп жатат" деген тема менен материал жарыяланган. Анда УКМКнын аттуу-баштуу кызматкерлери түштүктө өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен бир канча жолугушуу өткөргөнү, июнь коогасы боюнча айыпталган өзбек активисттеринин туугандарына Роза Отунбаевага каршы көрсөтмө берүүгө көндүргөнгө аракет жасалганы айтылат.

Ошондой эле ушул айдын башында чекисттер Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бөрүбай Жураевди коштоп Ташкентке барганы, Кыргызстандан качып барып ошол жакта баш калкалап жүргөн, жикчилдик боюнча айыпталып кылмыш иш козголгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдурасулов, Жалалидин Салахутдинов жана башкалар менен жолукканы, аларды да Отунбаева менен Эдил Байсаловго каршы видеокайрылуу жасоого көндүргөнгө аракет кылганы белгиленген.

Fergananews.com агенттигинин жетекчиси Даниил Кислов бул маалымат ишенимдүү булактан алынганын жана материалга кирбей калган дагы башка өңүттөрү бар экенин "Азаттыкка" айтып берди:

- Мен ошол маалымат булактарын ачык көрсөтө албаганым өтө өкүнүчтүү. Анткени бул маалыматтарды айтып берген адамдар эгер алардын аты ачык аталса, өмүрлөрүнө коркунуч туулуп калышынан чочулап турушат. Анан калса алар ошол материалда жазылгандан дагы башка жагдайларды айтып беришкен эле, биз аларды белгилүү себептерден улам азырынча жаза албайбыз. Ачык айтайын, биз бул маалыматты кокусунан эле билип калдык. Биз бир булактан алынган маалыматты кечээ кечке дагы башка маалымат булактары аркылуу тактап-бышыктадык. Биз бул темада жазууну сөзсүз улантабыз. Анткени бул биздин кызыкчылыбызга төп келген тема. Кыргызстандын азыркы бийлиги түштүктөгү этникалык жаңжал боюнча Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрүн күнөөлөп, атүгүл жаңжалды ошолордун өзү уюштурган дегендей билдирүү жасап жатканы акылга сыйбаган нерсе.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов азыркы бийлик саясий каршылаштарын куугунтуктап, атайын компроматтары чогултуп жатат, кимдир бирөөлөрдү камоо тууралуу буйрук берилген деген дооматты негизсиз деп билдирди:

- Баары тең болгон окуялар. Андан сырткары эгер ошондой аракеттер болгон болсо мына президент тапшырма бербедиби. Баарын тактап чыгыш керек. Жасалма нерселер, атайын иштер болбошу керек. Анын эч кимге кереги да жок. Президентке да керек эмес. Кимде кимдин ошого тиешеси бар болсо жооп бериши керек, тиешеси жок болсо анда маселе да жок. Кимдир бирөө атайын кулагынан тартып алып чыкканга акысы да жок. Баары тең мыйзамдын негизинде ачык-айкын болушу керек.

“Азаттык” бул макаланы жазып жаткан учурда Fergananews.com агенттигиндеги макалада аты аталган Бөрүбай Жураев жана башка өзбек коомчулугунун лидерлеринен комментарий ала алган жок.

Башкы прокуратура 14-сентябрда июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун качышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы жагдайларды таап чыкканы негиз болгону айтылган.

Ал эми парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында саясатта этникалык жагдайды колдонуу опурталдуу экенин эскертти:

- Саясий күрөштө улут аралык мамилелерди пайдаланбаш керек. 2010-жылдагы окуя жөн жерден чыккан жок, ошол өзбек факторун саясий маселелерди чечүүдө пайдаланабыз дегенден келип чыккан деп ошо окуяны иликтеген комиссия да айткан. Ошондуктан акылыбызга келишибиз керек. Сабак алышыбыз керек. "Фергана" сайты УКМКнын агенттери Ошко барып өзбек лидерлери менен сүйлөшүп, Атамбаевдин башкасынын баарын жамандап көрсөтмө бер деп көндүрүп жүрөт деп жазып жатат. Балким коркутуп жатат, балким алдап, сатып алабыз деп жатышат.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле басма сөз жыйынында атайын кымат өкүлдөрү күнү-түнү беш машине менен аңдып жүрүшкөнүн айтып чыкты. Бийликтин камакка алуу ыктымалдыгы жогору экенин, ага даярданып жүргөнүн кыйытты:

- Чачымды алдырып, ыңгайлуу болушу үчүн спорттук күрмөчөн жүрөм, - деди ал.

Текебаев: Батукаевди чыгарууга Атамбаев кийлигишкен
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00

​Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев баштаган мурдагы санаалаштарынын ортосунда пикир келишпестик бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен кийин башталган.

XS
SM
MD
LG