Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Коңшулардын чек араны чечүү убадасы


Ош, 26-октябрь, 2016-жыл
Ош, 26-октябрь, 2016-жыл

Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн Ошко болгон сапарынын алкагында кыргыз-өзбек бийликтери жаңы меморандумга кол койду.

Меморандумга ылайык, эми эки өлкө билим берүү жана маданий-гуманитардык алакаларын жакшыртмакчы.

Өзбекстан менен Кыргызстандын жетекчилери соңку жолугушууда мамлекеттер ортосундагы чек арадан өтүүнү жеңилдетүү жана талаш тилкелерин тактоо боюнча да сүйлөштү.

Кубаныч коштогон жолугушуу

Өзбек делегациясын кыргыз өкүлдөрү “Достук” өткөрмө бекетинде тосуп алды. Коңшулардын тобун өзбек вице-премьер министри Адхам Икрамов өзү баштап келди.

Делегация курамында Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын башчылары, маданий ишмерлер жана диниятчылар да келген. Алар адегенде Ош шаарында өтүп жаткан айыл чарба жармаңкесине күбө болушту.

Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди

​Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди

Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик "Достук" чек ара бекетинен тосуп алды.

Фергана облусунан келген Турсунали Мухаммедов сүйүнүп жатканын жашырган жок:

- Бүгүн чоң тарыхый күн. Бул күндү эки өлкөдө бири-биринен куда күткөн ата-энелер, келин болуп түшкөн кыздар, күйөө балдар жана катардагы эле миңдеген жарандар жылдап күткөн. Эми ылайым, ушундай карым-катышыбыз дагы да бекемделе берсин. Чек аралар ачылып, дайыма жылуу мамиледе жүрө берели.

Өзбекстандык меймандар менен жергиликтүү калк да жылуу маанайда учурашып жатты. Алардын арасында коңшуларды көрүп жашып жибергендер да болду. Ош шаарынын тургуну Патила Жусуева:

- Өзбек туугандар менен илгертен биздин жерибиз, суубуз, асманыбыз бир. Миң жылдардан бери биз куда-сөөк, коңшу болуп, ынтымакта жашап келгенбиз. Кийин аткаминерлер айынан эки эл кичине араздашып, катташпай калган. Мына кудайга шүгүр, Өзбекстандан келген өкүлдөрдү көрүп, көзүбүз сүйүнүп, жерибизде мурдагыдай тынчтык, ынтымак болот деп кубанып отурабыз. Эми кайра мурдагыдай карым-катыш чыңалып, куда-сөөк болобуз деп жетине албай турабыз.

Көптөн күткөн конокторго андан ары калаанын борбордук аянтында атайын даярдалган концерттик программа да тартууланды. Анда ырчы-бийчилер жана жергиликтүү өзбек шайырлары да өнөрлөрүн тартуулады.

Өзбекстандыктар 10 мүнөттө тигилген боз үй жана беш жүз комузчунун аткаруусундагы "Маш ботой" күүсү менен таанышты. Жаш өспүрүмдөр “Тынчтык керек” аттуу ырды аткарышканда, коңшу мамлекетин айрым чоңдору жашып да кетишти.

Достук сапары менен келген коңшу өлкөнүн өкүлдөрү кыргыздын улуттук даамдарынан ооз тийип, Ош мамлекеттик университети менен таанышты. Кийин Ош шаарындагы “Бабур” өзбек драм театрында “Манастын уулу Семетей” аттуу пьесага күбө болушуп, “Сулайман-Тоо” архитектуралык музейине киришти. Оштун символу болгон тоодо эки өлкө расмийлери кыска маалымат жыйын куруп, иш сапардын алкагында сүйлөшүлгөн айрым жагдайларга токтолушту.

Өзбекстандык делегация Ошко келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

"Чек аралар такталат"

Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов мындай деди:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы миң километрден ашыгыраак аралыкты түзөт. Анын көпчүлүк бөлүгү биздин мурдагы президентибиз Ислам Каримовдун тушунда аныкталган жана такталган. Эми калган участкалар боюнча учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери, чек ара кызматтары жана башка органдары тыкыр иштеп жатышат. Жакынкы айларда биз талаш тилкелердин 80% толук тактап бүтүп, бир чечимге келебиз. Буюрса, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды да тез арада жакшы жолго салабыз.

Расмийлер иш сапар соңунда эки өлкө ортосундагы алакалар боюнча бир топ маселелерди талкуулады. Жабык эшик артында бир сааттай сүйлөшүүдөн кийин тараптар маданий-гуманитардык жана билим берүү боюнча мамилесин чыңдоо боюнча меморандум кабыл алышты. Ага Кыргызстандан Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков менен Өзбекстандан Анжиян мамлекеттик университетинин ректору Акрамжан Юлдашев кол коюшту. Кыргыз-өзбек вице-премьер министрлери эми мындан башка тармактар боюнча да өлкөлөрдүн ымаласы жакшырат деп убада кылышты:

- Биз бири-бирибиз менен достукту чыңдоо, элибиздин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды күчөтүшүбүз керектигин түшүнүп жатабыз. Анын ичинде чек ара, соода-сатык, жарандарыбыздын карым-катышы боюнча маселелерди көтөрүп, ачык талкуулап алдык. Мунун жыйынтыгын жарандарыбыз буюрса, сезе баштайт. Чек арадан өтүү да жеңилдейт, - деди Кыргызстандын биринчи-вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев.

Маалым болгондой, 130 адамдан турган Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы 1-октябрь күнү Анжиянда болуп кайткан. Анда кыргыз-өзбек расмийлери ар тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, чек ара тилкелеринде айрым жеңилдиктер байкалган. Эми эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү жакын арада Бишкек шаарында да жолугуп, соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү маселесин талкуулары күтүлүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG