Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Казакстандын баш калаасы Астананын күнүнө карата шаар калкы миллионго жеткени жарыяланды. Бирок мындай жаңылыкка казак коомчулугу ишенбей турат.

Астана шаарынын күнүн утурлай шаар бийлиги калаада миллионунчу наристе төрөлгөнүн жарыялады. Ал маалыматка караганда башкалаанын миллионунчу тургуну болуп Арайлым жана Олжас аттуу жаш түгөйлөрдүн кызы табылган. Буга байланыштуу казак президенти Назарбаев Астананын миллионер шаарлардын катарына кошулуусу менен калаа тургундарын куттуктады.

6-июль - Астана шаарынын күнү. Дал ушул датада президент Назарбаев да туулган. Эми калаа күнү менен журт башчынын туулган күнүн утурлай миллионунчу жарандын төрөлө калышы социалдык тармактарда ачуу шакабаларга жем таштады. Мисалы, Фейсбукта Даулет Ашимхан аттуу колдонуучу өз баракчасына «Жагынуунун формуласы миллионго жетти» деп жазган.

Facebook социалдык тармагынын дагы бир колдонуучусу Александра Алехова ушул жылдын майында эле Астана калкынын саны 880 миң болгонун эске салып, "1-майдан 4-июлга чейинки аралыкта башкалаанын бөбөктөрү, карылары жана эркектери да төрөп салды" деген жыйынтык чыгарган. Чындыгында эле статистикада эки ай аралыгында Астана калкы 120 миңге өсүп кеткен.

Жергиликтүү саясат таануучу Амиржан Косанов да Астана калкынын миллионго жеткенине ишенбегенин ырастайт. Анын пикиринде, казак коомчулугу бул сыктуу жаңылыктарды уга берип, акырында бийликтен чыккан кабарларга ишеним кеткен.

– Азыр Казакстанда экономикалык, социалдык көрсөткүчтөр жана шайлоолордун жыйынтыктары боюнча статистикалык маалыматтарга ишенишпейт. Астананын жашоочулары бир миллионго жетти деген маалыматка деле ишенишкен жок. Негизи эле шаар калкы эки ай ичинде 120 миңге көбөйдү деген демографиялык жарылууга ким ишенет?

Деген менен Астана калкынын миллионго жеткенине ишенгендер да жок эмес. Маселен, Евразия университетинин окутуучусу Рамазан Салыкжанов бийликтин айтканында негиз бар деп эсептейт.

– Астанада туруктуу каттоосу жок көп адам иштейт. Катталуу тартиби катаал. Менин оюмча курулуш, соода тармагында иштеп жүргөндөрдү каттоого алса, калктын саны чындап эле миллионго жетип барышы мүмкүн. Мен буга ишенем. Жер реформасына байланыштуу элдин бийликке болгон ишеними түшүп кетти. Ошондон улам туура маалыматка деле эл ишенбей калды.

Бирок Казакстандын Улуттук статистика комитетинин сайтында Астана калкы 880 миң адам деген маалымат 1-майдан бери жаңыланбай турат. Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Гүлмира Караулованын айтышынча, бийликтин маалыматы иликтенип бүткөндөн кийин гана сайттагы маалымат жаңыланат.

– Эл каттоо он жылда бир жолу жүргүзүлөт. Шаарга келгендер жана шаардан кеткендер тууралуу маалыматтар Миграция департаментинен статистикалык талон түрүндө келип түшөт. Жарандардын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу маалымат Юстиция министрлигинен келет. Калктын саны мына ушул маалыматтарга таянып аныкталат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жыл башында мүлктөрдү легалдаштыруу жана экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу боюнча кампания болгон. Ал иш-чаранын алкагында көптөгөн ишканалар жашырып жүргөн жумушчуларын ачыкка чыгарышкан. Астана калаасында каттоосуз жүргөндөрдүн катталышы шаардын демографиялык абалына жакшы таасир берген дешет.

Бирок казак коомчулугунда миллионунчу жаран журт башынын туулган күнүнө карата белек болду деген пикир күч.

Казакстандын жалпы калкынын саны учурда 17 миллион.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

XS
SM
MD
LG