Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Жапония Казакстандын АЭС куруу долбоорун колдойт


Синзо Абэ жана Нурсултан Назарбаев. Астана, 27-октябрь, 2015-жыл.
Синзо Абэ жана Нурсултан Назарбаев. Астана, 27-октябрь, 2015-жыл.

Жапония Казакстандын алгачкы атомдук электр станциясын куруу пландарына колдоо көргөзөрүн жапон премьер-министри Синзо Абэ бүгүн Астанадан билдирди.

Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин айткандай, жолугушууда өзөктүк куралды сыноого дүйнө боюнча тыюу салууга чакырган билдирүүгө да кол коюлду.

Назарбаевдин сөздөрүнө караганда, Казакстан менен Жапония анын өлкөсүндө акчалай наркы 700 миллион доллардык он долбоорду ишке ашырууну мечемдөөдө. Ушундай эле суммага башка алты долбоор буга чейин эле ишке ашырылган.

Казакстан жапон премьери Синзо Абэнин Борбор Азия боюнча сапарында жыйынтыктаган акыркы өлкө болду.

Бул сапардын учурунда Жапония менен Түркмөнстан 18 миллиард, Өзбекстан менен Жапония 8 миллиард доллардык келишимдерге кол коюшту. Кыргызстанга болсо Токио 120 миллион доллар бере турган болду. Анын 107 миллиону кредит, калганы грант түрүндөгү каражат.

Айрым талдоочулардын пикиринде, Жапония да Борбор Азиядагы таасирин арттырууну көздөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG