Линктер

Казакстанда мунай чыры басыла элек


"Каражанбасмунай" компаниясынын мурдагы жумушчулары, Актоо, 27-июнь, 2016.

"Каражанбасмунай" компаниясынын мурдагы жумушчулары, Актоо, 27-июнь, 2016.

Казакстанда мунайчылардын нааразылыгы токтой элек. Беш жыл мурун иштен айдалган мунайчылар Актоо акимиятына пикетке чыгышты. Бирок мурунку жумушчуларды Актоонун акими кабыл алган жок.

27-июнда Казакстандагы "Каражанбасмунай" компаниясынын мурунку кызматкерлери Мангыстоо облусунун борбору Актоодо нааразылык митингине чогулушту. Алар - "Каражанбасмунай" компаниясынан 2011-жылы иштен алынган жумушчулары. Мунайчылар беш жылдан бери чечилбей келаткан талашка чекит коюуну Мангыстоо акими Алик Айдарбаевден талап кылышты. Бирок аким аларды кабыл алган жок.

Талашты чечүүнү талап кылып келгендерди Мангыстоо облус акиминин орун басары Шолпан Ильмуханбетова кабыл алды. Чиновниктин кабыл алуусуна араң кирген мурунку жумушчулар маселе чечилбесе, ачкачылык акциясына чыгарын билдиришти. Мунайчы Талгат Кулшаров:

- Биздин мурунку жумуш орундарыбызды калыбына келтирсин. Аргасыздан ишсиз жүргөн күндөрүбүз үчүн компенсация төлөсүн. Жумушсуздуктун айынан биз балдарга 60 теңгелик балмуздак да сатып бере албай калдык. Үйдө газ жок. Эмне үчүн өз өлкөбүздө мыйзамдын сакталышын талап кылалбайбыз?

Акимдин орун басары Шолпан Ильмуханбетова талаптарды акимге жеткирүүдөн башка убада бере алган жок.

- Мен түшүндүм. Сиздердин талаптарды Алик Айдарбаевге жеткирем. Маселе боюнча жыйынтыкты сиздерге кабарлайбыз.

Өз жумуш орундарын кайтарып берүүнү талап кылган мурунку мунайчылар колдоруна казак президенти Нурсултан Назарбаевди сүрөтү жана 2011-жылы Жаңы-Өзөн окуясы боюнча «Мунайчыларда айып жок. Алардын талаптары орундуу» деген сөзү басылган гезиттерди тутамдай келишкен.

2011-жылдын 17-майында айлык акынын тармактык коэффицентинин төлөнүшү боюнча өкмөт башчы Масимовдун буйругунун аткарылышын талап кылган "Каражанбасмунайдын" жумушчулары баштаган нааразылык акция 26-майда «Озенмунайгаз» компаниясынын жумушчуларына да жайылган. Бирок миңдеген мунайчылар катышкан нааразылыкты сот мыйзамсыз деп тапкан.

Мунай компаниялардын жетекчилиги иш ордун үч сааттан ашык убакытка таштап кеткен деген жүйө менен козголоңго чыккан жумушчуларды четинен иштен айдаган.

Казакстандын Мангыстоо облусундагы «Каражанбасмунай» компаниясына Кытайдын CITIC мамлекеттик компаниясы ээлик кылат.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

XS
SM
MD
LG