Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Казак мунайчылары ачкачылык жарыялады


Oil Construction Company ишканасынын жумушчусунун кан басымын ченеген медик.
Oil Construction Company ишканасынын жумушчусунун кан басымын ченеген медик.

Казакстандын Мангыстау облусунда ачкачылык кармап жаткан мунайчылардын катары калыңдап жатат. 17-январда алардын саны 400 адамга жетти.

Эки апта мурда Oil Construction Company ишканасынын мунайчылары Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясынын жоюлушуна каршы нааразылык билдирип чыгышкан. Бир күн мурда аларга Каламкас жана Жетыбай мунай кендеринде эмгектенген жумушчулар да кошулду.

Алардын бири, үч баланын энеси Акзер Нуржанова буларды айтты:

- Эгер бизди бийлик укпаса жана биздин көйгөйдү мыйзам алкагында чечип беришпесе, баарыбыз ачкачылык кармоого даярбыз. Мен бир нече күндөн бери каршылык акциясын уюштуруп жаткандарды эне катары, мунайчы катары жана Мангыстау облусунун жашоочусу катары колдогону келдим. Бүгүнтөн тарта мен да ачкачылык жарыялайм.

Нуржанованын сөзүнө башкалар да кошулуп, алардын бир гана талабы - Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясын кайрадан каттоо экенин билдиришти.

“Төбөлсүз өлкөгө - көз карандысыз профсоюз” деп кыйкырып жатышты мунайчылар.

Oil Construction Company ишканасынын ачкачылык кармаган өкүлдөрү бийликтеги “Нур Отан” партиясына мүчө экенин айтышып, партиянын облустук бөлүмү бир да жолу алардын арыз-муңуна кулак салбаганына нааразылык билдиришти:

- Мына ушул жерде чогулган элдин баары “Нур Отан” партиясына мүчө акы төлөшөт. Эгер партия аларды коргобосо, колдобосо анда эмнеге акча төлөшөт? Эмне себептен ушул жерге бир басып келип коюшпайт? Биз бул жерде акча үчүн эмес, көз карандысыз профсоюздарды коргоо үчүн турабыз. Канчалаган адамдар ачкачылык кармап жатышат, - дейт чогулгандардын бири Имангали Молдагалиев.

Мангыстау облустук филиалынын жетекчи орун басары Халила Нургалиева мунайчылардын ачкачылык кармап жатышканы тууралуу кабардар экенин, бирок бул акция мыйзамсыз болгондуктан аларга эч ким барбаганын айтты.

- Алар бизди угушпайт. Эч кандай расмий билдирүү менен кайрылышкан жок. Эгер кат жазышса барабыз, - деди Нургалиева.

Ачкачылык кармаган мунайчылар
Ачкачылык кармаган мунайчылар

Мангыстау облусунун прокуратурасы жана акимчилиги комментарий берүүдөн баш тартышты.

Oil Construction Company ишканасынын көз карандысыз профсоюзу 2011-жылы негизделген. Ага 1611 адам мүчө. Аталган компания Каламкас жана Жетыбай кендерин иштеткен «Мангистаумунайгаз» ишканасына тейлөө кызматтарын көрсөтөт.

Компаниянын жумушчулары 5-январдан бери Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясынын жоюлушуна каршы ачкачылык акциясын кармап келишет.

Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясын жоюу чечимин Түштүк Казакстан облусунун экономикалык иштерге адистешкен соту үстүдөгү жылдын 4-январында чыгарган.

Бир нече күн мурда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак сотунун бул чечимин кескин сынга алган. Уюм соттун чечими жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Хью Уильямсон 10-январда тараткан билдирүүсүндө Казакстан бийлиги профсоюздар уюмун жоюу менен бир кадам артка таштады деп айтылат.

Уюмдун белгилешинче сот конфедерацияга өз таламын талашууга мүмкүнчүлүк бербестен чечим чыгарган. Юстиция министрлиги 2014-жылы кабыл алынган “Профсоюздар жөнүндө" мыйзамдын айрым талаптарын Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясы аткара албай калды деген жүйө менен сотко кайрылган.

Сот министрликтин доо арызын канааттандырып, бирикмени жоюу чечимин кабыл алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG