Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Атырауда жанкечти бүлүк салды


Атырауда буга чейин террорчулукка шектелген аракеттер катталган, 2011-жыл

Атырауда буга чейин террорчулукка шектелген аракеттер катталган, 2011-жыл

31-октябрда Казакстандын батышындагы Атырау шаарында удаа-удаа эки жардыруу болду. Казак бийлиги азырынча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Бир жардыруу облакимиат жайгашкан имараттын жанында, экинчиси турак үйдүн жертөлөсүндө орун алды. Жергиликтүү бийликтер жертөлөдөгү жардыруудан жанкечти өзү мерт болгонун тастыктады.
Буга чейинки Ак Төбөдө, андан кийин Атырауда болгон окуялар бийликтин мындай нерселер экинчи кайталанбайт, “Халифат жоокерлери - тантырактык" деген сөздөрү негизсиз экенин кайра бир ирет далилдеди.
Расул Жумали


Кээ бир серепчилер Атыраудагы окуя Казакстанда диний экстремизм жок деген ырастоолорду төгүндөгөнүн көрсөттү дешет. Сентябрдын башында Казакстанда диний ишмердүүлүк боюнча жаңы мыйзам күчүнө киргенде, мурда белгисиз ислам уюму береги заңды жокко чыгарууну, болбосо зобун-зордукка барарын эскерткен эле.

Атыраудагы кош кабат жардыруу тууралуу жергиликтүү “Ак Жайык” гезитинин кабарчысы Сония Тойкен “Азаттыкка” буларды билдирди:

“Бүгүн эртең мененки саат 10 чамасында удаасынан эки жардыруу болду. Анын бири облус акимчилигинин кашында, экинчиси акимчиликтин бет маңдайындагы “Сарыарка 30” деп аталган турак үйдүн жертөлөсүндө орун алды. Жардыруудан кийин акимчиликтин жана турак үйдүн айланасын полиция курчап, бул жакка унаа каттамдары токтотулдлу”.

Экинчи жардыруудан жанкечти жигиттин денеси чар тарапка бөлүнүп кеткенин Сония Тойкен турак үй кооперативинин төрагасына шилтеп билдирди. Ал эми үйдүн тургундарынын бири жертөлөгө чарчы бойлуу жигит кирип кеткенден кийин жардыруу болуп, ал өзү мерт кеткенин көргөн.

Быйыл май айында Казакстандын батышындагы Актөбө шаарында облустук коопсуздук кызматынын кире беришинде белине шахиддин курун тагынган жанкечти бомба жардырган. Бул төбөлсүз Казакстан тарыхында биринчи жанкечтилик деп катталган. Андан жанкечти өзү мерт кетип, эки киши жараат алган. Ал эми июль айында Ак Төбө шаарында коопсуздук кызматтары менен белгисиз адамдар аткылашып, атайын кызмат бир адамын жоготкон. Мына ушундан кийин 16 миллион элдүү Казакстандын жетекчилиги ислам экстремизми өлкө бейкуттугуна коркунуч жаратканын мойнуна алган. Өлкө калкынын 70% жакыны ислам динин тутат деп эсептелет.

31-октябрда Атырауда болгон жардыруудан жанкечти күм-жам болгонун облпрокуратура тастыктап, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Ал эми анын жүйөөсү жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербеди.

Сентябрдын аяк ченинде казак парламентинин жогорку палатасы-Сенат “Диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер жөнүндө” заң кабыл алган. Президент Назарбаев бекиткен жаңы мыйзамга ылайык, диний уюшмаларды каттоо тартиби катаалдап, мамлекеттик мекемелерде, окуу жайлар менен ооруканаларда, аскерий бөлүктөрдө диний ибадаттарды аткарууга тыйуу салынган. Бирок намазкана-зияратканаларда намаз окууга эч кандай тыйуу жок. Бул заң чет элдик миссионерлерден жыл сайын каттоодон өтүп турууну талап кылат.

Мунун алдында белгисиз ислам уюму эгерде береги заң кабыл алынса, каршылык чараларын көрөрүн эскертип жүргөн. Ал эми 21-октябрда жарыяланган видеокайрылууда өзүн “Жунд ал-Халифат” (Халифаттын жоокерлери) деген топтун бетин чүмбөттөп алган, автоматчан жана гранатчан төрт аскери непада Казакстанда өкмөттүк мекемелерде намаз окууга уруксат берилбесе, зобун-зордукка барышаарын эскерткен. Бул видеотасманы алгач АКШда жайгашкан SITE Intelligence борбору жарыялаган. Бул борбор диний экстермисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө байкоо салат.

Дүйшөмбү күнү Атырау шаарында болгон жардыруу менен “Халифаттын жоокерлери” тобунун коркутуусунда байланыш болушу мүмкүнбү? Бул суроого алматылык серепчи Расул Жумалы андай дегенге али эрте деди "Азаттыкка": “Эки окуянын ортосунда түздөн түз байланыш бар деп айта албайм. Муну аныктоо, арийне, тергөөчүлөрдүн парзы. Анын үстүнө “Халифат жоокерлеринин” коркутуусунан бери бир нече гана күн өттү.”

Лекин, казакстандык эксперт мындай террорчулуктардын себеп-жүйөөлөрү, атап айтканда, динзар жаштардын арасындагы жумушсуздук, алардын кылмыштуу топторго жетеленип кетүүсү, исламдын Борбор Азияга жат жөрөлгөлөрүнүн жайылтуунун зыяндуу жактары элге ачык-айкын түшүндүрүлүш керек деген пикирин айтты:

“Маселе азыр соңку төрт-беш айда болгон береги сыяктуу кандуу окуялардын чыгуу себебин жана өз ара байланышын табууда. Ырас, күч органдарынын билдиришинче, бул исламчылардын жосуну. Буга чейинки Ак Төбөдө, андан кийин Аcтанада болгон окуялар бийликтин мындай нерселер экинчи кайталанбайт, “Халифат жоокерлери” деген тантырактык" деген сөздөрү негизсиз экенин кайра бир ирет далилдеди”.

Казакстандын Коопсуздук комитетинин Астанадагы баш кеңсесинин тергөө абагынын жанында 23-майдан 24-майга караган түндө жарылган кызыл түстөгү, 1991-жылы чыккан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа жарылып, анын ичиндеги эки киши мерт болгон.

Белгилей кетели, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму, ошондой эле адам укугун коргоочу "Фридом Хауз" уюму “Диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер жөнүндө” Казакстанда кабыл алынган жаңы заңды кайра карап чыгууга чакырган. "Фридом Хаус" 2011-жылда “Дүйнөдөгү эркиндик” деген изилдөөсүндө Казакстанды саясый жана жарандык, ошондой эле сөз эркиндиги жок өлкө деп тааныган
XS
SM
MD
LG