Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы кыргызстандыктардын арына тийген сөзүнөн башка дагы бир билдирүүсү менен талоонго калды.

Астанада улуттук пантеон же коомго, белгилүү тармакка зор эмгек сиңиргендердин сөөгүн коюучу атайын жайды куруу же курбоо маселесин казак интернет колдонуучулары катуу талкуулап жатат.

23-майда эл алдында Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы “Астана чынында бул пантеонду курушу керек” деген эле.

Казак маалымат каражаттарында улуттук пантеондун болжолдуу баасы 79 млрд теңге же 235 млн долларга жакын болору жазылды.

Искусство таануучу Валерия Ибраева өлкөгө, элге эмгеги сиңген делген адамдар акыркетке узаганда сөөгү коюлчу атайын сарай салуу демилгесин мындайча мүнөздөйт:

- Пантеон империялык идея. Мисалы, Лениндин мавзолейи. Ал түптөлүп, анан уланган Советтик империянын салты. Наполеондуку да ошондой. Маселе аны курууга жумшалчу сапырылган акчада эмес, кеп биз демократиялык өлкөбүзбү деген суроого түртөт. Пантеон, мавзолей же жалпы элдин өлүккө баш урушу бул абсолюттук түрдө империялык күйүт. Эгер Казакстан империя болгусу келсе, анда мен биздикилерге суктанбайм.

Ибраеванын оюнча элге, тарых жана маданиятка чындап кызмат өтөгөн адам үчүн сөөгүнүн каерде коюлганы эмес, эмгегинин салмак-баасы маанилүү:

- Кандай гана улуу болбосун эс-акылдуу киши, менимче, муну кааламак эмес. Мисалы, пирамидаларды курган Египет фараондору акыретте да фараон бойдон калгысы келген. Анткени ошо кезде эгер бийлигиңди сактап калгың келсе, пирамида курушуң зарыл деген ишеним болгон да. Биздеги маданият адамдарынын көбү египеттик ишенимден эбак эле алыстаган деп ойлойм.

Ал эми каражат жагынан алганда, теңге кунсузданып, мунай арзандап, экономикалык кыйынчылыкка батып турган Казакстан бул чыгымды азыр көтөрө алабы? Казакстандык саясат талдоочу Расул Жумалы пантеон идеясын максатсыз сарптоолордун бири деп сыпаттады:

- Мамлекет каражатынан зор сумманы, 80 млрд теңгени бөлүү натуура. Бул өтө чоң сумма. Соңку жылдары элге кажети аз, күдүгү көп долбоорлорго көп каражат короп жатат. Анын ичинде ири эл аралык форумдар, ЭКСПО сыяктуу аяк-башы жок иштер уюштурулду. Буга көпчүлүк каршы.

Дагы бир саясат талдоочу Досым Сатпаевдин пикири мындай:

- Бул коомчулукта чоң кыжырдануу жана каршылык жаратты. Көпчүлүгү мындай демилге азыркы социалдык-экономикалык талапка жооп бербейт деп жатышат. Экинчиден, ким элдин чыныгы уулу, ким урматталып эскерилиши керектигин тарых гана аныктайт. Көпчүлүгү ушул эле саясий элитанын өкүлдөрү артыкчылык тизме менен пантеондон орун алып калышат деп чочулашууда.

Пантеон же болбосо элге, искусство, илимге зор эмгек өтөгөндөр акыретке кеткенде сөөгүн урматтап кое турган жай же храм дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар жана кызматын улантууда.

Алар эски доордун архитектуралык өзгөчөлүгүн чагылдырган, азыркы доорго мурас байлык катары, туристтерди тартуучу зыярат жайы катары да белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG