Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Алматы шаарында курулушта иштеген Ринат Малыбеков 20-февралда ооруканада жан берген. Медициналык бүтүмдө “өлүмдүн себеби аныкталган жок” деп жазылган. Бирок туугандары Ринат полициянын зомбулугунан өлдү деп көшөрүүдө.

36 жаштагы Ринат Малыбеков 6-февраль күнү кечинде тамеки сатып алганы дүкөнгө чыккан боюнча үйгө кайткан эмес. Жанына документтерин, телефонун ала чыкпаптыр.

Айнур Есимбекова күйөөсү кечиккендиктен издөө салып таппай, эртеси Алатау ички иштер бөлүмүнө телефон чалган. 8-февралга оогон түнү, саат эки жарымдарда ага үч полициячы келип, күйөөсүнүн жоголгону тууралуу арыз жаздырышат.

Ринат Малыбеков Алматы облустук ооруканасында экени 9-февралда гана билингенин жеңеси Шолпан Ертаева эскерет:

- Башка телефондон чалышып, операция болуп, Алматынын ооруканасында жатканын кабарлашты. Чалган киши жанында жаткан шериги экен. Ал өзү сүйлөшүүгө дарманы келбептир.

Туугандарынын айтымында, хирургия бөлүмүндө жаткан Ринат кийинчерээк тилге келип, полициядан токмок жегенин айтып берген:

"Кийинки күнү гана Алатау ички иштер бөлүмүндө үч полиция ур-токмокко алганын айтты. Колун артына кайрып, кур менен байлап, ичке тепкилешиптир. Андан кийин чечиндирип, жерге жаткырып коюшкан. Ошондон кийинкиси эсинде жок, ооруканада гана көзүн ачкан", - дейт жеңеси Шолпан.

Ринаттын жакындары: агасы Серикжан Малыбеков, жубайы жана жеңеси Шолпан

Ринаттын жакындары: агасы Серикжан Малыбеков, жубайы жана жеңеси Шолпан

14-февралда Ринатка экинчи операция жасалат. Бирок бир жумадан кийин эсине келе албай, ооруканада каза болгон. Анын жесири Айнур Есимбекова бир жашар уулу, 3,5 жашар кызы менен учурда кайнагасыныкында баш калкалоодо.

Алматы ички иштер департаментинин маалымат кызматынын жетекчиси Салтанат Азирбек Малабеков жол-кайгуул полициясына документтерин көрсөтпөгөндүктөн бөлүмгө жеткирилгенин, мас абалында жол кыймылына тоскоол болгон үчүн кармалганын билдирди:

- Жол кайгуул полициясынын кызматкерлери жол кыймылына тоскоол болуп, өз өмүрүнө коркунуч келтирген адамды байкап калышып, аны регламентке ылайык кезметте турган участкалык кызматкерге өткөрүп беришкен. Ал өз кезегинде мас абалында коомдук жайда жүргөн деген берене менен протокол түзгөн. Экспертиза ал киши орто абалда мас экенин аныктаган. Ал эми арызда көрсөтүлгөн негиздер өздүк коопсуздук кызматкерлери тарабынан сөзсүз текшерилет.

Окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бирок маркумдун туугандары өлүмгө алып келген жагдай текшерилип аягына чыгарына ишенишпей, укук коргоо уюмдарына кайрылышты.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 3-мартта Алматыда баяндама жасап, 2015-жылдын жети айында Казакстанда кыйноо-зомбулук боюнча он гана иш сотко жетип, анын бешөө гана тийиштүү жазасын алганын билдирди. Ал эми акыркы алты айда Өзбекстандын абактарында беш киши каза болгон.

Кыргызстанда болсо жакында эле пара менен кармалды деп шектелген Медициналык академиянын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун өлүмү талкуу жаратты. Ал жүрөгү кармап өлдү делгени менен жакындары жана кесиптештери маркумдун денесинде көгала тактар калганын айтышып, мындан улам ур-соккудан улам ажал табышы мүмкүн деген талаш жаралууда.

Мына ушундай жагдайлардан улам эл аралык Amnesty International уюму акыркы жылы Борбор Азияда күч органдары тарабынан адамдарга зомбулук азаймак тургай күчөгөнүн айтып, коңгуроо какты.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG