Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Капсалаңдуу Жаңы-Өзөн шаары казак бийликтери үчүн дагы бир баш оору жараткандай. Шейшембиде белгилүү болгондой, президент Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Конституциялык кеңешинин бул шаарда мажлиске жана маслихаттарга шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деген чечимине вето салды. Декабрдагы тополоңдо 16 киши мерт болгон бул шаарда өзгөчө абал тартиби 31-январга чейин узартылган.

Казак президентинин басма сөз кызматы 10-январда тараткан билдирүүдө Нурсултан Назарбаев Жаңы-Өзөндүн тургундарынын Конституциялык сот чечими алардын Конституцияда жана мыйзамдарда каралган шайлоо укугун чектейт деген тынчсызданууларын эске алганы айтылган.

Ага чейин өткөн аптанын соңунда Казакстандын Конституциялык сотунун төрагасы Игорь Рогов өзгөчө кырдаал тартиби өкүм сүрүп жаткан жерде шайлоо өтүүсү мүмкүн деп жарыялаган болчу.

Мындан улам өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик менен кошо маслихатка, же жергиликтүү кеңешке белгиленген шайлоону Жаңы-Өзөндө өзөгөчө абал тартиби жоюлгандан кийин гана өткөрүүнү чечип, шайлоо комиссияларынын ишин токтоткон. Эми казак президентинин кадамы капсалаңдуу шаарда шайлоонун акыры кайра уюштурулушуна алып барчудай.


Укуктук прецедент


Алматыда жайгашкан Динмухамед Кунаев атындагы университеттин конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору Кабдулсамык Айткожин Конституциялык сот чечим чыгарган жок, түшүндүрмө берди деп эсептейт. Анын пикиринде, мыйзамдын көз карашынан алганда Жаңы-Өзөн боюнча Конституциялык соттун кадамы туура:

- Бир жагынан караганда, бул Конституциялык кеңештин чечими, токтому эмес. Президент ага каршы чыга албайт. Мен буга таң калдым. Ушундай бир укуктук прецедент жаралууда. Элибиздин падышасы Конституциялык кеңештин төрагасына, анын түшүндүрмөсүнө каршы чыгууда. Кызык укуктук жагдай пайда болду.

Профессор Кабдулсамык Айткожин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы менен маегинде түшүндүргөндөй, Казакстандын “Өзгөчө абал жөнүндөгү” мыйзамынын 15-беренеси мындай абал өкүм сүргөн жерде шайлоо өткөрүүгө тыюу салат. Ошол эле учурда бул берене Казакстандын Баш мыйзамынын 39-беренесине шайкеш келгени менен 33-беренесине каршы. Андыктан кырдаалды мыйзамдардагы карама-каршылыктар да чаташтырууда.


Коомдук пикирби же пиарбы?


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттин кадамын комментарийлеген жок. Куандык Турганкуловдун айтымында, президенттин ветосун Конституциялык кеңеш кароосу керек. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык кеңештин тыянагына жараша аракеттенет.

Ал эми саясатчы Уалихан Кайсар казак президентинин кадамын мындайча комментарийледи:


-Маалыматтарда иш таштоого ( Жаңы-Өзөндөгү) жети миң адам катышты деп айтылды го. Шаарда болсо 53 миң шайлоочу бар. Элүү үч миң адамдын саясий укугун бузуу – чектен чыгуу дегенди туюндурат. Андыктан алар (бийликтер) Жаңы-Өзөндөгү калктын пикирин билип, Казакстандагы элдин нааразылыгын көргөн соң артка чегинүүдө. Президент вето салууга ушундан улам барды деп ойлойм.

Казакстандын саны 9 миллион 180 миңге жеткен шайлоочуларынын 53 миңи эле Жаңы-Өзөндүн тургундары экендигин эске алганда, ал жердеги добуш берүүнүн жыйынтыгынын президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы же оппозициясы үчүн оң же терс таасири анчалык олуттуу мааниге ээ эмес. Бирок добуштар бурмаланбаган учурда Жаңы-Өзөн тургундарынын бийликтеги “Нур Отан” партиясына же президент Назарбаевге карата мамилесин так билүүгө болот.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы менен ой бөлүшкөн байкоочулар арасынан айрымдар бийлик Жаңы-Өзөндөгү шайлоо маселесинде өзүн туңгуюкка кептеп алды дешсе, экинчилери Констититуциялык соттун жарыясы жана президенттин кадамы алдын ала макулдашылган, Нурсултан Назарбаев бул маселеде жаңыөзөндөктүрдүн укугун коргоочу катары чыгуу менен өзүнө пиар жасоодо деп санашат.


Шайлоодон мурда өзгөчө абал алынышы керек


Казак оппозициясынын чет өлкөдөгү бюросунун өкүлү Серик Медетбековдун пикиринде, президент Конституциялык сотко каршы чыккандан көрө шайлоону утурлай Жаңы-Өзөндөгү өзгөчө абал тартибин жойсо мыйзамдуу кадам жасалмак:

- Президент Конституциялык кеңештин чечимне салган вето эч күчкө ээ эмес. Себеби мыйзамга каршы болуп калат. Анда президент идея боюнча Жаңы-Өзөндөгү өзгөчө абалды алуусу керек эле. Бул жасалган жок, Жаңы-Өзөндөгү өзгөчө абалды жок дегенде бир-эки күнгө алса болмок.

Былтыр 16-декабрда тополоң чыккан Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө абал оболу 5-январга чейин киргизилип, кийин 31-январга чейин улантылган. Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоо ушул жекшемби, 15-январга белгиленген. Шайлоого жети саясий партия катышууда. Алардын ичинен өзүн жалгыз оппозициячыл саясий уюм деп атаган “Азат” жалпы улуттук Социал-демократтар партиясынын жетекчилери шейшембиде бийлик аларга карата “кара пиар” жүргүзүп жатканын айтып чыгышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG