Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Казак жаштары Ninety one тобуна каршы


Ninety one тобу
Ninety one тобу

Заманбап корей топторунун стилинде түзүлгөн казакстандык Ninety one тобунун концерттери Казакстандын бир катар шаарларында өтпөй калды. Буга жергиликтүү жаштардын каршы чыгышы себеп болду.

Бир жыл мурда негизделген Ninety one тобунун алгачкы ыры - "Айыптама" жарык көрөрү менен Казакстандын башкы хит-параддарында алдыңкы орундарга чыгып, топтун күйөрмандары күн сайын өсө баштаган. Жыл өтпөй топтун курамындагы беш жигит Казакстан боюнча алгачкы концерттик турнесин баштады. Бирок заманбап корей музыкалык топторунун образында же болбосо k-pop стилин алып жүргөн бул топтун концерттери бир нече шаарда үзгүлтүккө учурады. Буга топтун мүчөлөрүнүн кийингендерин жана жүрүш-туруштарын жактырбаган жаштардын нааразылыгы себеп болду. 20-октябрда топтун Кызылордо шаарына белгиленген концерти өтпөй калды. Шаар тургуну Серикхан Жузеевдин айтымында, жергиликтүү жаштар топтогу жигиттердин жүрүм-турумуна каршы:

- Кызылордо жаштары биздин менталитетке сыйбаган топко каршы. Башка шаарларда тыюу салынгандай эле биздин калаада да концерттин өткөрүлүшүнө жол бербейбиз. Анткени алардын кийген кийими, жүрүш-туруштары биздин казак жигиттерине таандык эмес.

Шаар акиминин орун басары Нурлан Жалиев билдиргендей, Ninety one тобунун концертинин өтпөй калышына жергиликтүү бийликтин эч тиешеси жок.

Ошол эле маалда топтун Кызылордодогу концертин уюштурган Владислав атуу жигит концерт залын ижарага берүүдөн бир нече ресторандын кожоюндары баш тартканын айтты:

- Бир ресторан баш тартты, андан кийин экинчиси. Ушундай кантип болсун? Мен кайсы бир мамлекеттик маданий имаратта, маселен драма театрда өткөрө турган болсом атайын бийликтен уруксат алмакмын. Бирок мен кечени ресторанда уюштуруп жаткандан кийин ал жерде той өткөрөмбү, үлпөт кечесинби же концертпи, өзүмдүн ишим эмеспи.

Ичке шымдарды кийип, кулактарына сөйкө тагынган, чачтары сары-кызылга боёлген бул жигиттердин негизги күйөрмандары секелек кыздар.

Ninety one тобунун концерттери буга чейин Чимкент, Актөбө, Караганды жана Жезказган шаарларында да өтпөй калган. Жезказган шаарынын акимчилиги жүздөн ашуун жаштардан кат түшкөн соң бул топтун концертине уруксат бербөө чечимин кабыл алган. Аталган топтун продюсери Ерболат Беделхан балдардын кийинүү стилинен өөн эч нерсе көрбөйт. Анын пикиринде, казак жаштары ансыз деле чет элдик ырчыларды угушат.

- Биздин жаштардын 99% пайызы чет элдик ырларды угушарына таң калабыз. Алар тил билбесе да америкалык, корей жана башка ырчыларды сүйүп угушат. Андан көрө ошолордой эле кийинген, бирок казак тилинде ырдаган жаштарды укканга эмнеге болбосун? Ансыз да биздин эстрада 100% тойлор үчүн иштешет. Эгер алар мыйзамсыз бир нерсе кылып жатышса, мен жооп берүүгө даярмын.

Топтун түзүлүшүнө Алматыда 2014-жылы өткөн K-Top Idols долбоору негиз болгон. 2015-жылы топко дагы эки жигит алынып, Ninety one деген аталышта чыгармачылыгын баштаган. Казакстандын эмгек сиңирген артисти Дилназ Ахмадиева эски көз караштарды таштап, жаш таланттардын чыгармачылыгын колдоо зарыл деп эсептейт:

- Пайдасыз, эскирген стереотиптерден арылуу керек. Бул балдардын миңдеген күйөрмандары бар. Жаштар аларды жакшы көрөт. Алар сахнага жылаңач чыгышкан жок да, ал эми чачтын түсүндө деле жаман эч нерсе жок. Ар ким мүнөзүнө жараша боёп чыгат да.

Ninety one тобунун аталышы англис тилинен которгондо "токсон бир" дегенди билдирет. Топтун продюсери бул санды Казакстан төбөлсүздүк алган 1991-жылга байланыштырып тандаган. Ерболат Беделхандын айтымында, топтун ырлары, стили жана чыгармачылыгы көз карандысыз жана эркин дегенди билдирет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG