Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Казак түрмөсүндөгү кордук жана зордук


25 жаштагы Сабина ден соолугу улам начарлап баратканын айтууда
25 жаштагы Сабина ден соолугу улам начарлап баратканын айтууда

Жарандык активисттер казак түрмөлөрүндө эркектерге караганда аялдар көбүрөөк кордолоорун айтып чыгышты.

Ушул күндөрү Сабина Махининанын Павлодар облусунун Шидерти кыштагындагы абак жайдын офицери аны зордуктаганга аракет жасаганын ачык айткан видеосу интернетте кеңири тарап, казак түрмөлөрүндөгү кыйноолор тууралуу талкууга жем таштады.

Интернетте кеңири жайылган бул видеодо 25 жаштагы Сабина ооруканада жаткан жеринен башынан өткөн кордукту баяндаганын көрүүгө болот. Аны түрмө кызматкерлери уруп-согуп, абак жайдагы башка аялдардын жүрүм-туруму, сүйлөшкөн сөздөрү тууралуу "бизге жеткирип турасың" деген талап койгон экен.

Махининанын айтымында, аны оперативдүү бөлүмдүн башчысы иш бөлмөсүнө чакырып алып, зордуктоого да аракет жасаган. "Баарынан баш тарткандан кийин мага кысым күчөдү, чындык таппаган соң ачкачылык жарыяладым" дейт жабырлануучу.

"Мени уруп-согушту. Ачкачылык кармап отурганыма он күн болду. Мага кордук көрсөткөндөр эч кандай жазага тартылган жок", – деп сүйлөдү ал видео кайрылуусунда. Сабина ошондон тарта ачкачылык жарыялап, качан гана эс-учун жогото баштаганда "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.
(тасма UTube булагынан алынды- орус тилинде)
Сабина эгер ал ачкачылыктан көз жумса, ага түрмөнүн жетекчиси күнөөлүү болоорун билдирет. Жарандык активист Елена Семенова 24-октябрда Сабина жаткан ооруканага түрмөнүн башчысы жана прокурор келип, аны дагы бир ирет коркутуп кетишкенин айтты:

Жарандык активист Елена Семенова
Жарандык активист Елена Семенова
- Түрмөнүн башчысы Болат Набиев жана атайын прокурор Абылгасов ооруканага келип, "баарына өзүң күнөөлүүсүң" деп Сабинаны коркутуп кетишиптир. "Сенин сөздөрүң сага эмес, Семеновага таандык" дептир. Ошол окуянын баарына мен катышып, ушул чырды мен уюштургансып сүйлөптүр. Сабина түрмө башчысына “мен ачкачылыкты токтотпойм” деп айтыптыр.

Сабинанын укугун коргоп жаткан жарандык активист Елена Семенованын маалыматына ылайык, 6 жылга соттолгон 25 жаштагы кыз жаза мөөнөтүн Чымкенттеги колонияда өтөп, жакшы тартиби үчүн Павлодардын Шидерти кыштагындагы абак жайга которулган. Чымкенттеги түрмөдө шарт өтө начар болгондуктан, Сабинага келген түрмө башчылары "аны кайрадан Чымкентке которобуз деп коркутушкан", дейт Семенова.

Сабина Махининанын видео кайрылуусун интернетке жайгаштырган блогер-активист Вадим Курамшин казак түрмөлөрүндө эркектерге караганда аялдар көбүрөөк кысымга кабылат деп ырастайт.

Казакстанда түрмө полициялары, башчылары келбеттүү кыздарды "өзүнүн күңү кылып алат" деген Курамшиндин айтымында, Сабина да өң-келбети чырайлуу болгон үчүн аны түрмө башчысы каалагандай пайдалангысы келген деп кошумчалады.

Павлодар облусунун Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын тарбия департаментинин жетекчиси Борис Гаврилюк окуянын чоо-жайы азыр иликтенип жатканын «Интерфакс-Казакстан» агенттигине билдирип, бирок видеодогу дооматтар чындыкка коошпостугун айткан.

Жарандык активист Вадим Курамшин окуянын себептери иликтенип, түрмөдөгү кыйноолор талкууланып жаткан чакта, 15 күндөн бери ачкачылыкта отурган кыздын бөйрөк оорусу өтүшүп, буту баспай калганын айтты.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG