Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Ак ордого сын айткандар “экстремистпи?”


K+ телеканалынын эн белгиси
K+ телеканалынын эн белгиси

Казакстан бийликтери “экстремисттик” деген айып менен оппозициячыл топтордун жана бир нече маалымат каражаттарынын ишин токтотууну көздөөдө.

Алматы шаардык прокуратурасы президент Назарбаевдин режимин сындап келген каттоодон өтө элек “Алга” партиясын, Элдик кыймылды, “Республика” жана “Взгляд” гезиттерин, К+ телеканалын “экстремисттик” деп табууну соттон сурады.
Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорлугунун өкүлү Нурдавлет Суюндуков шаршемби күнү журналисттерге маалымдады. Эгерде сот бул сунушту туура деп тапса, анда аталган саясий топтор, гезит-телеканалдар ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болот.

Бийликтин мындай кадамга баруусуна өткөн жылдын декабрь айында Жаңы-Өзөндөгү нааразылык толкунун дал ушул саясий топтор менен маалымат каражаттары ашкерелеп койгону себеп болгондой. Анткени ал кандуу окуяны чагылдырууда мамлекеттик маалымат каражаттары бийликти бир беткей актап туруп алган. Бир жыл мурун Жаңы-Өзөндөгү мунайчылардын толкунунда 17 киши полициянын огунан каза тапкан эле. Өткөн айда “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов Жаңы-Өзөн окуясына катышы бар деп күнөөлөнүп, жети жылга кесилген.

Казакстан журналисттер союзу прокуратуранын эркин маалымат каражаттарга тыюу салуу аракетин айыптап чыкты. Уюмдун төрагасы Сейитказы Матаев:

Казакстан журналисттер союзунун төрагасы Сейитказы Матаев
Казакстан журналисттер союзунун төрагасы Сейитказы Матаев
- Бул жаңылык мени абдан таң калтырды. Мунун баары Жаңы-Өзөн окуясына жана ага тиешеси бар деп айыпталган Владимир Козловго байланыштуу болуп жатат. Бул боюнча биз атайын маалымат жыйынын өткөрүп, прокуратура айыптап жаткан эркин маалымат каражаттарын колдоп чыгабыз. Биз керек болсо аларды сотто да коргойбуз.

Прокуратуранын бул айыбын маалымат каражаттарынын укугун коргогон "Адил сөз" уюму да сынга алды. Бийликтер бул аракети менен маалымат коопсуздугун артык кылабыз деп тыртык кылып алышы мүмкүн, - дейт уюмдун жетекчиси Тамара Калеева:

- Азыл калк маалымат издеп жашап жатат. Алар көбүрөөк ушактарга ишенишет, ошон үчүн экстремисттик, чагымчыл сайттарды эл жакын кабыл алат. Мындай аракеттерден кийин деле дестабилдешүү улана берет.

Калеева прокуратуранын бул жоругун мыйзамсыз деп атап, эркин басылмаларды жабуу аракети, 1930-жылдардагы "башкача ойлонгондун баарын жазага тарткан заманды сүрөттөйт" деп кабатырланды:


"Адил сөз" уюмунун жетекчиси Тамара Калеева
"Адил сөз" уюмунун жетекчиси Тамара Калеева
- Казакстанда оппозициялык маалымат каражаттары гана ушундай мыйзамсыз кысымга кабылып жатат. Башкы прокуратуранын өкүлүнүн билдирүүсү өзү эле мыйзамсыз, биринчи кезекте маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга каршы келет. Биз муну менен советтик заманды мындай коёлу, тээ 1930-жылдардагы башкача ойлонгондорду жазалаган заманга баратабыз.

Эми Алматы соту эки саясий топтун жана эки гезиттин, телеканалдын тагдырын кандай чечет азырынча белгисиз. "Адил сөз" уюмунун башчысы Калеева эгерде сот оппозициялык маанайдагы басылма, топтордун ишин чектесе, Казакстан тоталитардык өлкөгө айланып бараткандын дагы бир далили болот деп эсептейт. Ал Казакстанда президент Назарбаевдин режимин кичине сындап койгондун баары кандайдыр бир жол менен сөзсүз жазаланып жатканына кабатыр.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG