Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Какзакстандын Башкы прокуратурасынын жарыясына караганда, өлкөнүн түштүк борбору Алматыда мерчемделген террор аракеттери алдын алынды.

Ишке ашпай калган жардыруулар президент Нурсултан Назарбаевдин көптөн берки оппоненти, качып жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязовго жана катталбаган “Алга” партиясына байланыштырылды.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын 28-марттагы жарыясына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алматы шаарынын аймагында ишке ашыруу мерчемделген теракттарды “даярдалуу баскычында” алдын алды.

"Он беш миң доллар берилген"

Башкы прокуратуранын маалыматында көрсөтүлгөндөй, алдын алынган теракттардын уюштуруучусу - Казакстандын 2009-жылдан бери тартип коргоо органдарынан жашырынып жүргөн жараны, 37 жаштагы Александр Павлов.

Ал “БТА” банктын Казакстандын тартип коргоо органдары тарабынан издөө салынган мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун жеке күзөт кызматын башкарат жана “жашыруун тапшырмаларынын аткаруучусу”.

Тараздагы чабуул, 12-ноябрь, 2011-жыл

Тараздагы чабуул, 12-ноябрь, 2011-жыл

Башкы прокуратура белгилегендей, Александр Павлов менен бирдикте катталбаган “Алга” саясий партиясынын жетекчилеринин бири Муратбек Кетебаев аракеттенген. Чет өлкөдө туруктуу жашаган Кетебаев “Мухтар Аблязовдун ишенимдүү кишиси”.

Казак Башкы прокуратурасы ырастагандай, теракттарды уюштурууну мерчемдегендер март айынын башында шериктерине 24-мартта Алматынын коомдук жерлеринде, парк зоналарында, административдик имараттарына жакын жерлеринде бир катар жардырууларды ишке ашырууну тапшырышкан.

Теракттарды уюштуруу үчүн Павлов тарабынан 25 миң доллар бөлүнүп, анын 15 миң доллары аткаруучуга берилген. Калган 10 миң доллар теракттар ишке ашырылгандан кийин төлөнүп берилмек.

“Саясий согуш”

Казак Башкы прокуратурасынын маалыматында теракттын уюштуруучулары катары президент Нурсултан Назарбаевдин узактан берки оппоненти, анын бийлиги менен ачык күрөшүүгө өткөн Мухтар Аблязовдун кызматташтары аталганын эске алганда, коомчулук буга канчалык ишенет?

Биз бул суроону оппозициячыл саясатчы Петр Своикке жолдодук:

- Эгер карапайым адамдарды эске алсак, жарым-жартылай ишенет да, жарым-жартылай ишенбейт. Ишенгени коомдук пикир азыр түрдүү теракттар жөнүндөгү маалыматтарды кабыл алууга кыйла эле даяр. Бул жагынан ишенүүсү мүмкүн.

Экинчи жагынан ишенбегени ошол эле жөнөкөй катмардагы коомдук пикир биздин тартип коргоо органдарга, жумшак айтканда, анча ишенбейт. Андыктан мунун баары атайын кызматтардын өздөрү тарабынан эле ойдон чыгарылган дегендик катардагы казакстандыктардын кабылдоосуна ылайык келет. Ал эми коомчулуктун бул иштеги фигуранттар делгендер тууралуу маалыматы көбүрөөк бөлүгүнө келсек, биринчи жыйынтык - бул бардык тарабынан куру саясат экендиги. Аблязовдун бийлик менен, бийликтин Аблязов менен согушунун уландысы.


Петр Своик

Петр Своик

Петр Своик “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде өзү бул ишти “саясий согуш” деп эсептерин жана Башкы прокуратуранын ага дароо эле аралашканы да күмөн жаратарын кошумчалады:

- Улуттук коопсуздук боюнча комитет бетин ачкан кылмыш тууралуу эмне үчүн Башкы прокуратура жарыялайт деген суроо дароо эле жаралат. Башкы прокуратура акыр-аягында Казакстандын мыйзамы кандай аткарылганына көзөмөл салуусу керек. Өлкөнүн кылмыш-жаза мыйзамдарында соттун чечими чыкканга чейин эч кимди кылмышкер деп жарыялоого болбой турганы айтылган. Мындан сырткары иш сотко берилгенге чейин процессуалдык аракеттер, тергөө ачкан жагдайлар шардана кылынбоосу керек. Бизде болсо мыйзамдуулукка көзөмөл салуучу орган иш тергелип, сотко өткөнгө чейин эле күтүүсүздөн өздөрү жаңыдан тергелип жатат деген иштин жагдайлары тууралуу бүткүл дүйнөгө жар салууда. Бул - мыйзамдуулукка көзөмөл салуучу органдын мыйзамдын чегинен түздөн-түз чыкканы.

Жаңы-Өзөн сотун улай

Казак Башкы прокуратурасынын маалыматында көрсөтүлгөндөй, оперативдик тергөө иштеринин учурунда теракттардын башкы максаты – калкты коркутуу, хаос жана дүрбөлөң маанайын жаратуу, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү экендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин 233-беренеси
(террорчулук) боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар адамдар камакка алынган, учурда алар “моюнга алган” көрсөтмө берүүдө.

Коомдук проблемаларды анализдөө боюнча Алматыдагы борбордун директору Меруерт Махмутова “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде төмөнкү жагдайга көңүл бурду:

- Менимче чынында бул азыр баарына Аблязов күнөөлүү экендигине далил топтоо аракетиндей көрүнүп жатат. Андыктан бул Жаңы-Өзөн окуялары боюнча башталган сотко кандайдыр бир далил базасын байлоо аракети. Бир окуяны экинчисине байланыштыруу, уюшкан кылмыштуу топ жаратуу аракети. Себеби далил жок болсо да аны баары бир ишке тиркөө керек да. Мен муну ушундайча көрүп жатам.

Полициянын огунан 17 адам өлгөн Жаңы-Өзөн тополоңу боюнча сот Актау шаарында 27-мартта башталган.

Жаңы-Өзөндөгү окуя боюнча соттолуп жаткандар.

Жаңы-Өзөндөгү окуя боюнча соттолуп жаткандар.

Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу катталбаган “Алга” саясий партиясынын лидерлеринин бири Владимир Козлов “социалдык кастыкты козуткан” деген айып менен камакка алынган. Казак бийликтери бул партиянын артында да качып жүргөн банкир Мухтар Аблязов турат деп эсептейт.

2000-жылдардын башында оппозициячыл кыймыл уюштургандан кийин түрмөгө түшкөн Мухтар Аблязов 2003-жылы бизнеске кайтып, саясаттан четтеген. 2005-жылы “БТА” банктын башчылыгына келген. 2009-жылы банкы улутташтырылып, өзү Казакстандан качкан. Казак бийликтери аны каржылык кылмыштары үчүн айыптаган. Аблязов андан бери Британияда башкалкалап жүргөн эле. Бирок быйыл февралда британ соту аны сотту сыйлабаган деген жүйө менен 22 айга түрмөгө кескен. Камакка алынарда Британиядан да чыгып кеткен, азыр кайда жүргөнү белгисиз.

Ал эми катталбаган “Алга” партиясы Башкы прокуратуранын партия жетекчилеринин биринин ишке ашпай калган теракттарга тиешеси бар деген маалыматын четке кагып, бул атайын кызматтын ойдон чыгаруусу экендигин белгиледи.

Петр Своик болсо ишке ашпай калган теракттар жөнүндөгү маалыматтардын канчасы чын, канчасы жалган экендиги суроо бойдон калып жаткканы менен “кандайдыр бир нерсе болгон, реалдуу адамдар чындап камалган, бул иш сотко чейин жеткирилет жана чоо-жайы ошондо билинет" деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG