Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:42

Семей полигону жабылганына жыйырма жыл толду, бирок...


Семейдеги радиация күчү өлчөнүүдө, 2011-жылдын 22-августу.

Семейдеги радиация күчү өлчөнүүдө, 2011-жылдын 22-августу.

Казакстанда Семей полигону расмий жабылганына кечээ туура жыйырма жыл толду. Ага чейин өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кең талаада Советтер союзу 40 жыл бою дүйнөдөгү өзөктүк сыноолордун чейрегин өткөргөн эле. Анын кесепетин жергиликтүү тургундар бүгүнкү күнгө чейин тартып келүүдө.

Семейдеги өзөктүк сыноолор 1989-жылы аяктаганы менен полигон расмий түрдө 1991-жылдын 29-августунда жабылган. Аянты 18 миң чарчы чакырым келген, совет доорунда “Семипалатинск -21” деп аталган полигон азыр деле ачык турат, ал аймакка билген да, билбеген да киши кирип кетүүсү мүмкүн. Казак мажлисинин Семей курамына кирген Чыгыш Казакстан облусунан шайланган депутаты Нуртай Сабилянов мунун себебин мурдагы полигондун аянтынын чоңдугу менен түшүндүрөт:

- Кезинде бул маселени көтөргөнбүз, полигондун бүткүл аймагын курчап, ага адам киргизбөө тууралуу. Бирок полигондун аймагы абдан чоң болгондуктан, көп каражат талап кылат.

Нуртай Сабилянов “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде, совет доорундагы өзөктүк сынактардан канча адам зыян тартканы тууралуу буларга токтолду:

- Маалыматтарга көз жүгүртсөк бир миллиондон ашуун киши Семей өзөктүк полигонунун запкысын көргөн экен. Бул 1949-жылдан, 1990-жылга чейинки маалымат. Мунун зыяны али да уланууда. Анткени урпактан-урпакка өтүүдө.

Ар бир жыйырманчы бала майып төрөлөт

Маргулан Хамиев
– “Невада-Семей” деген коомдук кыймылдын мурдагы активисти, кесиби боюнча окумуштуу биолог жана тоо инженери. Семейде өзөктүк жардыруулардан кийин пайда болгон атомдук көлгө 1992-жылы баргандан кийин өзү да сыркоолоп, зорго айыккан бул адис белгилегендей, полигон жабылгандан кийин аймактагы экологиялык абал оңолууда деп ырастоо абдан эле эртелик кылат:

- Экология оңолгон жок. Себеби Семейде курамында плутоний бар водороддук бомба сыналган. Анын радиациясынын жарым-жартылай азайуусу эле жыйырма төрт жарым миң жыл. Калдыктын баары ошол жерде жатыры, ал эч жакка кетпейт. Булардын зыяны али көп убакытка чейин тиет. Семей полигонун алсак, баш-аягы 428 сыноо өткөн болсо, ошонун 126сы жердин үстүндө болгон. Жер үстүндөгүнүн баары ошол жерде эле жатат, эч жакка кеткен эмес.


Бул аймакта жер алдындагы өзөктүк сынак жүргүзүлчү.
Окумуштуулардын айтымында, Семей полигону жабылган жыйырма жылдан кийин деле аймакта радиациянын деңгээли нормадагыдан он эсеге көптүк кылат. Жарык дүйнөгө келген ар бир жыйырма наристенин бирөөсү кемтик төрөлөт. Көптөгөн тургундар рак илдетинин түрдүү формаларына кабылышат.

Азыр элүү жаштагы дыйкан Айкен Акимбеков - алтымышынчы жылдардын ортосунда кубаттуу атомдук жарылуунун натыйжасында пайда болгон көлдүн жанындагы Саржал кыштагынын тургуну. Ал асмандан түспөлү козу карынга окшош булутту күндө көрүп чоңойгон муундун өкүлү. Акимбеков “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде буларга токтолду:

- Көбү (айылдын тургундары) өмүрдөн эрте кетүүдө. Алтымыш жашка чыга алышпайт, пенсияга жетпейт. Пенсияны эртерээк алышса, калкка дары-дармек, медицина жагынан көмөк болсо деп ойлойм.

Айкен Акимбеков “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде жергиликтүү тургундар өзөктүк сыноо өткөн аймактын зыяндуулугун билсе да, ал жерлерди жок дегенде жылкы жаюу үчүн уруксат берүүгө сурап жатканын кошумчалады. Мунун себебин дыйкан башка жер жоктугу, жергиликтүү эл эптеп оокат кылуусу керектиги менен түшүндүрдү. Бул маселе күн тартибинде турганын “Азаттыкка” казак парламентинин депутаты Нуртай Сабилянов да ырастады.

Совет доорунда өзөктүк сыноолор жөнүндөгү маалыматтардын баары жашыруун кармалчы. Ал эми элдин саламаттыгындагы көйгөйлөр же балдардын кемтик төрөлүшү гендин бузуктугу, болбосо тазалыктын начардыгы менен түшүндүрүлчү.

Генетикалык паспорт керекпи?

Толеухан Нурмухамедов, үй-бүлөнү пландоо боюнча Семей шаарындагы борбордун директору. Ал аймакта майып төрөлгөндөрдүн санын көбөйтпөө, организми генетикалык жактан өзгөрүүгө учурагандардын дарыланганча балалуу болушун алдын алуу үчүн генетикалык паспорт киргизүү демилгесин көтөрүп келет. Бирок дарыгердин бул демилгеси адам укугун бузуу катары жергиликтүү тургундар тарабынан сынга алынганы менен ал өз оюнан кайта элек:

- Ар бир аял милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүүсү керек. Анткени ал өзү үчүн эле эмес, биздин келечек үчүн да жоопкер. Эгер биз атаандаштыкка жөндөмдүү улут болобуз десек, биринчи орунда ден соолук турат.

Толеухан Нурмухамедов ошондой эле Орусия эл жашаган аймакта адамга каршы эксперименттерди жүргүзгөнүн моюнга алып, жабыр тарткандардын медициналык чыгымын төлөп берүүсү керек деп эсептейт. “Германия нацисттик доор учурундагы кылмыштар үчүн кечирим сураган, Орусия Казакстандын жеринде кыйраткыч сынактарды өткөргөнү үчүн эмне үчүн мындай кадамга барбоосу керек? - деп суроо коёт дарыгер.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG