Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

9-июнда Казакстанда парламенттин жогорку палатасы – Сенат өлкөнүн Ооганстандагы эл аралык коалицияга катышуусу боюнча НАТО менен түзүлгөн келишимди ратификациялоодон баш тартты.

Сенаторлордун пикиринде, казак аскер кызматчыларынын Ооганстанга жиберилиши өлкөнүн тынчтыкты сүйгөн мамлекет катары беделине шек келтирет. Бирок айрым саясатчылар менен саясат таануучулар бул акыркы чечим эместигин айтышууда.

Казакстандын Ооганстандагы эл аралык коалицияга катышуусу боюнча НАТО менен түзүлгөн келишимди буга чейин 18-майда парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилис ратификациялаган болчу.

Мыйзам күчүнө кириш үчүн жогорку палата – Сенат тарабынан да жактырылып, президент тарабынан кол коюлуусу керек эле. Бирок Сенат документти 9-июнда күтүүсүздөн четке кагып, бул маселе парламенттин кош палатасынын жыйынында каралуусу керектигин белгиледи.

Сенаттагы талкуу учурунда мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгон депутаттардын бири Светлана Жалмагамбетова казакстандык офицерлердин Ооганстанга барышы ал жердеги жаңжалга аралашкан өлкөлөрдүн санын гана көбөйтөрүн белгиледи:

- Штабдык офицерлер барган күндө деле алар кырдаалды өзгөртпөйт. Казакстандын тынчтыкты сүйгөн өлкө катары аброюн жокко чыгаруу жарабайт.

НАТО менен түзүлгөн келишимге ылайык, Казакстан Ооганстанга болгону төрт офицерин жөнөтмөк.

Талкуу учурунда сенаторлордун дагы бири Тасбай Симабаев Казакстан быйыл мусулман өлкөлөрүнүн Ислам конференциясы уюмун башкарып жатканын эске салып, Ооганстанга контингент жибербестен бейтарап турумду кармануу туура болоруна, бул казакстандыктардын мүдөөсүнө да жооп берээрине, коомчулук мыйзамды четке кагууну суранып жатканына токтолду.

“Акыркы чечим деп айтуу кыйын”

Оппозициядагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын баш катчысы Амиржан Косановдун пикиринде, Сенаттын чечиминен улам эле коомчулуктун пикири эске алынды, Казакстан Ооганстанга аскер кызматчыларын жибербей турган болду деп айтуу эртелик кылат:

-Бул чечимди акыркы чечим деп кабылдоо кыйын. Анткени Сенат каршылыгынын негизин мындай чечимди парламенттин палаталарынын биргелешкен пленардык жыйынында кабыл алуу керек деген маселе түздү. Андыктан ошол биргелешкен жыйынды күтүү керек.

Албетте Казакстан өзүнүн эл аралык милдеттемелерин аткаруусу абзел, бирок дал ушул маселеде (Ооганстанга аскер жөнөтүүдө) менимче, бейтараптуулукту карманганы оң. Аңгеме али бүтө элек.

Казакстанда парламенттин эки палатасы тең бийликтин“Нур Отан” партиясына таандык. Тышкы иштер министри айткан чечимге палаталардын бири каршы чыгат дегенге мен ишене албайм. Бул бийликтин өз ичиндеги маселе болушу керек.


Алматылык саясат таануучу Айдос Сарым казак Сенаты орусиячыл топтордун таасири астында эмоциналдуу чечимге барганын белгиледи. Анын көз карашында, Казакстан Ооганстандагы эл аралык коалицияга катышуусу абзел.

"Талибандын" эскертүүсү

Казакстандык аскерлердин Ооганстанга жиберилишине ириде мурдагы ооган согушунун ардагерлери каршы чыгышкан. Төмөнкү палата –Мажилис келишимди ратификациялагандан кийин алар парламентти таратуу демигесин да көтөрүшкөн болчу.

Өткөн айда "Талибан" кыймылы да өз эскертүүсүн жасаган. “Өз элинин мүдөөсүн жана аймактын кызыкчылыгын жетекчиликке алгандын ордуна Казакстан Американын кызыкчылыктарын коргоого көңүл бурууда. Казакстан бийликтеринин туура эмес чечими Казакстан менен Ооганстандын мамилесинде узакка созулуучу терс кесепеттерге алып келет”,- деп айтылган "Талибандын" билдирүүсүндө.

Мындан улам айрым эксперттер казакстандык аскер кызматчылардын Ооганстанга жөнөтүлүшү өлкөдө теракт жасалуу тобокелчилигин жогорулатарын, андай теракттарды “Талибан” өзү эмес, Борбор Азиянын “ал-Кайида” жана “Талибан” менен байланышы бар радикал топтор ишке ашыруусу мүмкүндүгүн белгилешип, эскертүүгө олуттуу маани берүү зарылдыгын айтып чыгышкан.

НАТОнун өкүлдөрү болсо Казакстандын Ооганстанга жиберүүчү тобун чакан, бирок маанилүү деп баалашкан. Кокус Казакстан такыр эле баш тартса, мындай кадам Астананын АКШ жана НАТО менен алакасына доо кетирбейби? Оппозициядагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын баш катчысы Амиржан Косанов:

- Менимче эч нерсе болбойт. Маселен Казакстан Ооганстанга багытталган жүктү өз аймагынан өткөрүү боюнча милдеттеме алган жана аны аткарып жатат. АКШ менен стратегиялык өнөктөш экендигин айткан. Бир нече офицер барбай калса эле кандайдыр бир өзгөрүү болуп кетпейт. Бирок бул Акордонун Кошмо Штаттар алдындагы бир саясий оюну болушу мүмкүн.

Ооганстандагы эл аралык коалицияда азыр 47 өлкө бар. Алардын 19у НАТОнун мүчөлөрү эмес, алтоо Ислам конференциясы уюмуна кирет. Казак Сенатынын Ооганстанга аскер кызматчыларын жиберүүнү караган келишимди ратификациялоодон баш тартышы Шанхай кызматташтык уюмунун Казакстандагы саммитинин алдына туш келди. Саммит Астанада келээрки аптанын соңунда болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG