Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Карасуулук Элзада Муминова 2004-жылы 15 жашында Казакстанга чала тааныш үй-бүлө менен барып, күң катары сатылып кеткен. 13 жылдык азаптуу өмүрү тууралуу "Азаттыктын" студиясына келип айтып берди.

Казакстандагы “Замандаш” жамаатынын өкүлү Алтынбек Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, кордук көргөн кыргыз келин тууралуу Жамбыл облусунун Ак-Терек айылында жашаган имам 24-апрелде кыргыз тарапка маалымат берген. Ошондон кийин тез убакыттын ичинде Элзада Муминовага жардам берүү аракеттери башталган.

- Менин атам да, апам да жок. Атаганат, бирөө тирүү болсо ушул Казакстанга өлсөм да барбайт элем. Кыргызстандын бир бурчунда азыр иштеп жүрөт элем го. Мени алар кантип сатып жиберишкенин деле билбейм. Кийин эле мага Жаркенттеги казактар айтышпадыбы, көрсө мени 1972-жылы төрөлгөн адамга 150 миңге сатып ийишкен экен да. Алар мага «Сени бизге сатып жиберишкен, ушуну билесиңби?»- дешти. Анан мен аябай ачууланып кетем деп чыксам, кокус кача турган болсоң казактын түрмөсүнө салып берип чиритебиз деп коркутушту. "Сен биздин кулубузсуң, биз сени сатып алганбыз" дешти. Мен аябай корктум. Анан ошентип ал кишинин аялы болуп калып калдым. Аларга эки уул төрөп бердим, - деп билдирди Элзада Муминова.

Элзаданын ата-энеси ал кичине кезинде эле каза болуп калган. Ош облусунун Кара-Суу районунда 7-класста окуп жүргөн кезинде чала тааныш Рахат аттуу аялдын сөзүнө кирип ал Казакстанга бала баккыч болуп иштегени барып, 13 жыл бою кулчулуктун чынжырына байланган.

Элзаданы эми кыргыздар анын казак күйөөсүнө экинчи аялдыкка беришкен да. Айтуусуна караганда, 1972-жылы төрөлгөн күйөөсүнүн биринчи аялы тукумсуз экен. Анан бул 2-3 жылдын ичинде эки уул төрөгөн. Кичүү уулу колго кирип, жетилип, өз тамагын жегидей болуп калганда керегиң жок деп кууп чыгышкан.

Элзаданы чек арадан документсиз өткөрүшкөн экен.

- Мен Оштун Кара-Суу районунан 2004-жылы Казакстанга кеткем. Ошол бойдон Кыргызстанга келе албай жүрүп, мына быйыл 13 жылга аяк басканда араң бошонуп келдим. Кыргызстанда жүргөнүмдө бир Рахат деген эже, анын Улан деген күйөөсү экөө менден иштейсиңби деп сурап калышты. Ошол кезде атам да, апам да каза болуп, жашоодон кыйналып жүргөн элем. 7-классты эптеп бүтүп, жайкы каникулда болчумун. Рахат эже казак теңгеси менен айына 15 миңден айлык төлөп берип турабыз, кийим-кечегиңди алып беребиз, тамак-ашың бекер болот дегенинен дароо макул болдум. Бирок менин жанымда бир да документим жок эле. Алар мени чек ара тоскондорго 10 миң теңге берип эле документсиз Казакстанга өткөрүп кетишти. Ошентип Жамбылдын Айна-Булак деген айылына барып туруп калдык.

150 миң теңгеге сатылган

Элзаданы алдап алып барган аял мурда макулдашкан акысын төлөп берген эмес.

- Мен Оштун Кара-Суу районунан 2004-жылы Казакстанга кеткем. Ошол бойдон Кыргызстанга келе албай жүрүп, мына быйыл 13 жылга аяк басканда араң бошонуп келдим.

​Тескерисинче аны сыртка чыгарбай, уруп-кагып, зомбулук көрсөтүп, балдарын акысыз бактыргандан кийин казак жарандарына саткан:

- Анан мен ошол кыргыз эже, байкенин кичинекей кызын бактым, 3-4 айлык болсо керек эле. Рахат эже мени аябай урат эле. Күйөөсү Улан байке жакшы болчу. Бирок аялы эмнегедир мага кастарын тигип туруп алды. Зомбулук көрсөтүп ура берчү. Короодон сыртка чыгарчу эмес. Кийин Айна-Булактан көчүп, дагы башка казак айылына барганыбызда, 2006-жылы мени жаркенттик казактарга берди. Эмнеге бергенин түшүнгөн жокмун. Көрсө мени 150 миң теңгеге казактарга сатып ийиптир. Кийин аны мен ошол жаркенттиктерден уктум.

Балалуу болбогон кишиге экинчи аял

Элзаданы кулчулуктан бошотуп, жардам колун созгон «Замандаш» диаспорасынын өкүлү Алтынбек Сыдыков кыздын тагдыры тууралуу буларды айтты:

- Мындай кыздар көп да негизи бизде. Бирөөлөргө алданып барып кулчулукка кабылууда. Элзаданы эми кыргыздар анын казак күйөөсүнө экинчи аялдыкка беришкен да. Айтуусуна караганда, 1972-жылы төрөлгөн күйөөсүнүн биринчи аялы тукумсуз экен. Анан бул 2-3 жылдын ичинде эки уул төрөгөн. Кичүү уулу колго кирип, жетилип, өз тамагын жегидей болуп калганда керегиң жок деп кууп чыгышкан. Кандайдыр бир документтерге кол кой дегенинен Элзада балдарын тартып алуу ниеттерин билип калып, кол койбой Алматыга качып кеткен. Ал жактан Кыргызстандын консулдугунан жардам сурап кайрылып, эч кандай жардам ала албагандан кийин курулушта, кафелерде иштеп калат. Ошентип иштеп жүргөн кезинде дагы бирөөлөрдүн торуна түшүп, экинчи ирет ажырашкан бир казакстандыкка турмушка беришет. Үйлүү, жайлуу деп муну алдашат. Бирок экинчи күйөөсү Элзаданы Жамбылдын алыскы айылдарынын бирине алып барып, уруп-сабап көрбөгөн кордукту көрсөтөт. Үч жыл жашагандан кийин андан бир кыздуу болот. Элзаданын кордук көрүп жатканын көргөн айылдын аксакалдары чогулуп, Алматыдагы кыргызстандык ишкер балдарга ушундай мекендешиңер кордук көрүп жатат деп кайрылышып, 24-апрелде мен жана Алматыдагы Кыргызстандын консулу Гүлнур Балтабаева барып алып келдик.

«Кыргызстанга келдим, эми өлбөйбүз да»

Канчалык зордук-зомбулук көрсө да жаркылдаган кабагынан жазбаган Элзада азыр Кыргызстанга келгенине абдан сүйүнүп жатканын, эми бардык көйгөйлөрү чечилерине ишенерин айтат. Бирок азыр да анын алдында дагы толгон-токой кыйынчылыктар тургандай. Себеби өзүндө да, колунда көтөрүп жүргөн кызында да ким экендигин тактаган бир кагаз жок. Алгач ушул документ ишин бүтүрүп алып, анан кайра Казакстанга кыргыз жараны катары мыйзамдуу барып, эки уулун кайтарып алууну көздөйт:

- Чоң уулум 2007-жылы төрөлгөн, андан кийинкиси 2010-жылы төрөлүп, азыр алтыга чыгып калды. Аларды көрө элегиме мына быйыл үч жыл болду. Мени каңгыган кул деп күйөөм да, жеңем да (күйөөсүнүн биринчи аялы - ред.) сабай беришчү. Ошол ур-токмоктон качып, Алматыга баргам да. Анан кайра минтип калып отурбаймынбы. Менин эми азыр эң башкы максатым - уулдарымды өзүмө алуу. Ошолорду эптеп Бишкекке алып келип алсам, Кыргызстанда болсок, аларга татыктуу билим берсем, балдарымдын баарын чогуу чоңойтсом, мен окуй албаган окууну окушса деп кыялданып жатам. Бишкекте калгым келет, Ошко барбайм. Себеби алыс туугандарым мен жоголуп кеткенде издешпеди да. Алардан көңүлүм калды. Азыр Казакстанда мага окшошуп документи жок Кыргызстанга кайта албай бирөөлөрдүн колунда жүргөн бир аялды тааныйм. Чынара деген эже. Ал да кыйналып жүрөт. Кыргыз кыздарына айтарым: эч кимге ишенбегиле. Бирөөнүн тилине кирип ээн баспагыла. Азыркы заманда алдап кетет бат эле. Мен сыяктуу болуп кулчулуккка кабыласыңар демекмин.

Элзаданын мындан аркы тагдыры кандай болору белгисиз. Ал мекенине кайтары менен эле жардам сурап каккан алгачкы эшиги «Азаттык» үналгысы болду. Биздин редакциядан чыгары менен аны кулчулуктан куткарган «Замандаш» диаспорасынын өкүлү Алтынбек Сыдыков Ошко жиберерин, ал жактан туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, паспортун алуу жолдорун издерин айтты.

- Чоң уулум 2007-жылы төрөлгөн, андан кийинкиси 2010-жылы төрөлүп, азыр алтыга чыгып калды. Аларды көрө элегиме мына быйыл үч жыл болду.

Кулчулукка каршы эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, жылына дүйнөдө 800 миң киши адам соодасынын курмандыгы болууда. Бул тармакта бир жылдык айланган акчанын суммасы 9 миллиард долларга чукул. Эң эле өкүнүчтүүсү, заманбап кулчулукка кабылгандардын көбү коомдун аялуу катмары болгон өспүрүм кыздар, балдар жана аялдар. 2015-жылга чейинки эки жылда башка өлкөгө иштегени кетип, кулчулукка кабылган 246 адам куткарылган. Ал эми 404 кыргызстандык чет жакта иштеп жүрүп, түрдүү жагдайда жашоо менен кош айтышкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG