Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Казакстандын Атырау облусунун тургуну, эрте карып кетүү оорусу менен жабыркап келген Нуржан Уркешбаев жакында үйлөнөт. Ал тойго туугандарын, досторун жана өзүн дарылаган доктурларды гана эмес, орусиялык белгилүү алып баруучу Андрей Малаховду да чакырганы маалым болду.

Атыраудагы Мукур айылында төрөлүп, өскөн Нуржан бүтүндөй өлкөгө сейрек оорудан улам белгилүү болгон. Ал Казакстанда “прогерия” же болбосо эртеп карып кетүү илдети менен ооруган жалгыз адам.

Мындан 15 жыл мурда Нуржан тууралуу жергиликтүү каналдар атайын сюжет көрсөткөн соң Аксай республикалык клиникасынын профессору Зита Мажитова аны текшерүүгө алып, кийин Германияга алып барып көрсөтөт. Немис доктурлары Нуржандын териси гана карып, ал эми ички органдары жайында болгонун аныкташкан.

Нуржан үй-бүлөсүндө тун бала. Ал кичинекейинен чоң ата, чоң энесинин колунда өскөн. Биринчи жолу небересинин терисиндеги өзгөрүүлөрдү Нуржан беш жаш кезинде чоң энеси байкаган. Бирок райондогу дарыгерлер оорунун диагнозун түшүндүрө албай коюшкан. Андан соң чоң эне баласын көргөзбөгөн эмчи-домчу калган эмес. Эч нерсе жардам бербей, наристе күндөн күнгө картая берген.

Мектепти аяктаган соң Нуржан ширетүүчү кесибине ээ болгон. Бирок ал азыр музыкант болуп иштейт. Домбрада ойноп, ырдап тойлордо акча табат.

Ал өтө шайыр болгондуктан айылындагы жакшылыктар Нуржансыз өтпөйт.

Нуржандын болочок келинчегинин аты Асемгүл экени гана белгилүү.

Бир нече жыл мурда Нуржан Уркешбаев Андрей Малаховдун белгилүү ток-шоусуна чакырылган. Телеберүүдөн кийин Казакстандагы айрым ишкерлер Нуржандын пластикалык операциясын төлөп беришкен.

Эки комплекстүү пластикалык операция 2011-жылдын июнь айында өткөрүлгөн.

Программанын жүрүшүндө Андрей Малахов анын үйлөнүү тоюна келем деп сөз берген. Августтун башында өтө турган тойго даярданып жүргөн Нуржан алып баруучуга чакыруу жөнөтүп, жооп күтүүдө. Тойго коноктор көп келет деп күтүлүүдө.

Нуржандын үйлөнүү тоюна чакыруу баракчасы.

Нуржандын үйлөнүү тоюна чакыруу баракчасы.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG