Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Алматыдагы окуяга эки башка баа берилди


Алматы, теракт
Алматы, теракт

18-июлдагы Казакстандын Алматы шаарындагы Ички иштер башкармалыгына кол салуунун себептерин иликтөөдө президент менен ИИМдин пикири эки ача чыкты. Бүт Алматыны дүрбөткөн окуяны президент Назарбаев террордук акт деп бааласа, аны ИИМ министри жөн гана жалгыз адамдын өч алуу аракети катары сыпаттады.

18-июлдагы Казакстандын Алматы шаарындагы Алмалы райондук ички иштер башкармалыгына чак түштө куралдуу кол салуу болду. Белгисиз адам милициянын нөөмөтчүсүн тапанча менен атып, автоматын тартып алган. Куралга ээ болуп, аны менен полиция кызматкерлерине карай ок чыгарган. Атышуулардан үч полиция кызматкери жана эки жай тургун набыт болду. Дагы жети полиция кызматкери оор абалда ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Казакстанда бүт өлкө боюнча террор коркунучунун кызыл чеги жарыяланып, ал тартип кечке жуук кайра алынган.

Буга байланыштуу казак президенти Назарбаев күч кызматтарынын жетекчилерин кабыл алып, жалгыз адамдын милицияга кол салуусун террордук акт деп баалады.

Алматы, Казакстан
Алматы, Казакстан

- Биз баарыбыз Алматыда террордук акт болгонун билебиз. Мунун кесепетинен адамдар курман болду. Адамдар көп чогулган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынсын. Элди так, туура маалымат менен тынымсыз камсыздап тургула. Болбосо ар кандай имиштер тарап коомду дүрбөтө берет. Жалган имиштерди таратып, коомго чагым салгандар дароо аныкталып, аларга чара көрүлсүн. Иликтөө иштери тез арада аягына чыгарылсын.

Учурда полицияга кол салган жаран кармалып, куралдары алынды. Ал Кызыл-Ордо облусунун мобилдик телефон сатуу менен алектенген 27 жаштагы үй-бүлөлүү тургуну Руслан Куликбаев болуп чыкты. Анын мурда тоноочулук жана куралды мыйзамсыз сактоо боюнча соттолуп чыкканы аныкталды. Бул чуулуу окуядан кийин Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов аны салафит агымынын жактоочусу деп атады.

- 27 жаштагы Руслан Куликбаев Кызыл-Ордо облусунун тургуну, Байкоңур шаарында жашаган. Мурда соттолуп чыккан. Түрмөдө отуруп салафиттер менен байланышып калган. Азыр анын байланыштары да иликтенип жатат.

Ал эми Казакстандын ички иштер министри Калмухаммед Касымов Руслан Куликбаевдин полицияга кол салуусун мурда кылган кылмыштары менен байланыштырды. Министрдин пикиринде, Руслан Куликбаев полициядан өч алууну каалаган.

- Андан мурунку түнү ал дагы бир кылмыш кылган. Ал кылмыштын күбөлөрү бар. Түнү ал таксиде отурган жеңил ойлуу аялдар менен чатакташкан. Айдоочудан машиненин жарыгын жандырууну талап кылган. Ал машинеге карай тапанча менен атканда ичинде отурган аялдардын бири өлгөн. Ушундан кийин машинени айдай качып, ээн жерге жеткенде машинени аялдын сөөгү менен кошо таштап кеткен.

Казакстандагы "Тенгри ньюс" маалымат агенттигине Руслан Куликбаев бир күн мурун кылган кылмышы үчүн баары бир кармаларын билип полиция кызматкерлеринен өч алуу үчүн ушул кылмышка барган деп маалымат берген.

18-июнда белгисиз кылмышкер Алмалы райондук ИИБне келген. Документтерин сураган нөөмөтчүгө күтүүсүздөн тапанча менен ок чыгарган. Жарадар болгон нөөмөтчүнүн автоматын алып, милициянын имаратын аткылаган. Ошол жерде төрт полиция жараат алган. Бир жай тургун каза болгон. Андан соң көчөдө турган машиненин айдоочусун мажбурлап, Байзаков көчөсүнө карай айдаткан. Жолдо баратып кайгуул күзөт кызматынын машинесине карай ок чыгарган. Улуттук коопсуздук комитетинин имаратына жетип, ал жерден дагы полициянын машинесине ок чыгарган. Ошол жерде дагы эки полицияны жарадар кылган. Учурдан пайдаланып качып кеткен айдоочу кармалды.

Алматы, Казакстан
Алматы, Казакстан

Бирок ал кылмышкердин буйругун аткарууга аргасыз болгону аныкталды. Ал жерден дагы бир айдоочуну мажбурлап, Абай көчөсүнө барган. Кылмышкерге каршылык көргөзгөн айдоочуну автоунаа ичинде атып салган. Ошол жерден өзү да жарадар болуп акыры колго түшкөн. Жыйынтыгында үч полиция жана эки жай тургун мерт болду. Полициянын сегиз кызматкери жарадар болушту.

Казакстанда күч түзүмүнүн имаратына кол салуу бир ай мурун да катталган эле. 5-июнда отуздай куралдуу киши Актөбөдөгү курал саткан дүкөндөргө жана аскердик гвардиянын имаратына курал менен бастырып кирүүгө аракет кылышкан. Казак бийликтери аларды да диний радикал топтун мүчөлөрү деп атаган болчу.

Ал окуянын кесепетинен үч полиция жана төрт жай тургун бөөдө окко учкан. Антитеррордук операция учурунда 13 террорчу жок кылынып, бир нечеси кармалган. Ал окуядан кийин казак президенти өлкөгө өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сөз козгогон.

Алматыдагы атышуу: бир адам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00

XS
SM
MD
LG