Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

"Ипотекачылар" үнү Ак Ордого жетпей калды


Нааразылык акциясына чыккандар, Астана, 1-октябрь, 2013-жыл
Нааразылык акциясына чыккандар, Астана, 1-октябрь, 2013-жыл

Астанада турак-жай насыясын төлөй албай калгандар Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуусун тапшырууга чогулган жеринен полиция кармап кетти.

Алматыдан атайын Астанага каршылык акциясына келген Марал Исмагулова үч бөлмөлүү батирди сатып алуу үчүн балдары менен бирге турак-жай насыясын алган. Ал беш жыл бою ипотека төлөмдөрүн убагында төгүп келет. Бирок ошого карабай, ай сайын төлөнчү үстөк акысы өсүп кеткен.

Исмагулова чогулган карызын банкка төлөөгө даяр, бирок банк үстөгүн алып салса гана карызын кайтарууга бараарын белгиледи. Анын айтымында, ал беш жыл мурда 28 миң доллар насыя алган, бүгүн анын карызы 60 миң доллардан ашты.

Исмагулова сыяктуу турак-жай насыясын алып, төлөй албай калган 200 чакты адам Астанада нааразылык акциясына чыккан. Муну менен алар президент Нурсултан Назарбаевден жана казак өкмөтүнөн маселени чечип берүүнү өтүнгөн. “Ипотекачылар” деп атыккандар өкмөттү насыя алгандардын карызын кайтаруу шарттарын жеңилдетүү жагын карап берүүгө үндөдү.

"Ипотекачылар". Астана. 1-октябрь, 2013-жыл
"Ипотекачылар". Астана. 1-октябрь, 2013-жыл
Астана, Алматы, Талды-Коргон жана Чымкенттен келгендерге “Нур Отан” партиясынын мүчөсү Асхат Бекенов чыгып, аларды өз кеңсесине чакырды. Ошону менен бирге Бекенов банктар насыячылардын карызын кечпей турганын айтты. Жооп иретинде акцияга чыккандар “Нур Отандын” кабылдамасында болуп, ал жактан майнап чыкпаганын депутатка билдиришти.

Насыячылардын баарында алардын учурдагы оор финансылык абалы жөнүндө далил кагаздары бар. Алар ушул документтерди президентке жолдогон катына тиркөөгө даярдыгын да айтышты. Насыячылар алгач Астанадагы “Байтерек” эстелигинин жанында чогулуп, Ак Ордого сапар тарткан. Орто жолдон аларды полиция токтотуп, жолун торогон.

Андан соң өкмөттүн өкүлдөрү катты кабыл алды, бирок алар насыячылардын же “Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна жооп кайтарышкан жок. Нааразычылыкка чыккандар президент Назарбаев менен гана жолугарын талап кылышты.

“Элге турак-жайды калтыргыла” кыймылынын жетекчиси Есенбек Өктешбаев “Азаттыктын” казак кызматына мындай деди:

Астана. 1-октябрь, 2013-жыл
Астана. 1-октябрь, 2013-жыл
- Бул маселени көтөргөнүбүзгө алты жыл болду. Бирок бизге парламент, өкмөт же президент тарабынан бир да колдоо көрсөтүлгөн жок. Ушул жылдар аралыгында кээ бир насыячылар катуу ооруга чалдыкты, кээ бирлери өз жанын кыйды. Бул жакка чарчаган жана күчтөн тайган адамдар чогулду. Ошондуктан биз Конституциянын гаранты – президентке келдик.

Өктешбаев жетектеген кыймыл президентке 12-августта да кайрылуу жөнөткөн. Бирок бул жана башка каттарга эч кандай жооп келген эмес. Кыймылдын өкүлдөрү алардын катын президент окуганынан күмөн санашат жана ошондуктан алар бул ирет президенттин резиденциясына келүүнү чечкен.

Катты кабыл алган өкмөт өкүлүнөн жооп ала албаган соң, насыя алып аны төлөй албагандар “Президент, жардам бер!” деп кыйкырып, плакаттарын алып чыгышты. Акцияга чыккандар Орынбор көчөсүндө төрт саат тургандан кийин, аларды полиция жана атайын кызматтын кызматкерлери төрт автобуска салып, Сары-Арка жана Есил райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетти.

Тасмада: "Ипотекачыларды" кармоо

"Ипотекачыларды" полиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG