Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Шанхай кызматташтык уюмунун Астанадагы жыйынында казак өкмөт башчысы уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соодада улуттук валютага өтүүнү сунуш кылды.

Ушул эле күнү казак президенти Назарбаев экономиканын долларга көз карандылыгын азайтууну өкмөттүн маанилүү эки иш багытынын бири катары атады. Мунун алдында Астана менен Бээжин ич ара валюта алмашууну караган келишимге кол койгон эле. Казак бийликтери мындай чараларга мунай арзандашынан валюта кирешеси азайып, коңшу Орусиянын улуттук акчасы күндөн-күнгө алсырап жаткан учурда барууда.

Астанада кечээ ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынын тоскон казак премьери Карим Масимовдун айтымында, казак тарап уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда соода жүргүзүүдө эсеп-чотту улуттук валюта менен жүргүзүүнү мүмкүн деп санайт.

Масимов кошумчалагандай, азыр эки тараптуу деңгээлде ишке ашырылып жаткан бул ишти эми жалпы Шанхай кызматташтык уюмунун алкагына чыгаруу керек.

Казак премьери эки тараптуу деңгээлде дегенде Казакстан менен Кытайдын мисалын эске алды окшойт.

Казак президенти ШКУнун премьер-министрлери менен жолугууда. Астана, 15-декабрь, 2014-жыл.

Казак президенти ШКУнун премьер-министрлери менен жолугууда. Астана, 15-декабрь, 2014-жыл.

Анткени, кытай премьери Ли Кэцяндын Астандагы сапары учурунда эки өлкөнүн улуттук банктары валюта алмашууну караган келишимге кол коюшту.

Ага ылайык, тараптар кытай акчасы юань менен эсептегенде 7 миллиардга, доллар менен 1,1 миллиардга барабар улуттук валюталарын алмашат. Бул каражат эки ортодогу соода-сатыкта колдонулушу керек.

Бирок алматылык талдоочу, экономика илимдеринин доктору Рахман Алшанов “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Кытай жана Казакстан ортосундагы айрым соодада юань же теңге колдонулганы менен курс өзгөрүп кетсе, эсеп-чот баары бир доллар менен жүргүзүлөт:

- Акчаны ар бир өлкөнүн үнөмдөгүсү келгени түшүнүктүү. Ири көлөмдөгү соода жүгүртүүлөрдө улуттук валютаны конвертациялап, доллар же еврого айлантканда да жоготуу сезилерлик болот. Казакстандын Кытай менен соодасы өсүүдө. Бирок орус рубли нарксыздануусунун таасири астында теңгенин долларга карата катнашында да чоң өзгөрүү болуп кетсе, кайра эсептөө, курс доллар менен такталат. Эсептешүү теңге жана юань менен жүрө берет. Кытайлыктар мындай эсептөөлөрдү куну түшүп жаткан рубль менен жүргүзүүгө абдан сак болушууда.

Дүйнөлүк базарда кара майдын, темирдин баасынын аразандашынан улам Казакстанга да четтен валюта мурдагы көлөмдө түшпөй калды.

Ушундан уламбы президент Нурсултан Назарбаев дүйшөмбүдө көз карандысыздык күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жатып, экономиканын долларга көз карандылыгын азайтууну өкмөт менен Улуттук банктын эки башкы милдетинин бири катары атады.

Күндөн-күнгө алсырап жаткан рублди Орусия менен өз ара соодада колдонууга казак өкмөтү да, ишкерлер да кызыкдар эмес.

Демек, ири соода өнөктөштөрдүн валютасынан Казакстан азырынча юанды пайдаланууга ыктап тургандай.

Казакстан менен түзгөн валюта алмашуу келишимдери өз кезегинде Кытай үчүн улуттук акчасынын глобалдык ролун жогорулатып, эл аралык резервдик валютага айлантууну көздөгөн максатына шайкеш келет.

Алматылык талдоочу, экономика илимдеринин доктору Рахман Алшановдун пикиринде, кытай акчасы жакынкы келечекте эл аралык резерв валютасына айлана алат деп айтуу кыйын:

- Бул үчүн юань эркин жүгүртүлгөн валюта болушу керек. Юандын курсун өйдө- ылдый кылган валюталык коридорго алар былтыртан бери уруксат бере баштады. Антпесе, юандын курсу долларга бекем байланган да. Дагы бир маселе, Кытайда мамлекеттин экономиканы башкаруудагы үлүшү али чоң. Акыркы учурларда мамлекеттик ишканалардын банкрот болушуна мүмкүнчүлүк бере башташты. Проблема инвестиция ашыкча болуп кеткенинде. Мамлекеттик ишканалар ири долбоорлорду, кредиттерди алып алгандыктан, ал өзүн - өзү актабай жатат. Бул юандын курсуна да таасир бериши мүмкүн. Эгер кытай валютасын эркин конвертацияга коё берсе, базар экономикасына терең адаптацияланууну талап кылат. Анткени, Кытайда көп көрсөткүчтөрдү мамлекет тескейт. Эркин базардын шартында юань өзүн кандай алып жүрөт бул суроо жараткан маселе.

Адистер чет элдик валюта кирешесинин басымдуу бөлүгүн кара майдан алган Орусия сыяктуу эле, Казакстанды да бейпайга салган маселе – баанын арзандоосунун бир себеби катары Кытайда экономиканын өсүү ыргагы, аны менен катар мунайга суроо-талап басаңдаганын айтышууда.

Эл аралык валюта корунун соңку болжолуна караганда,быйыл өсүш Кытайда 7,4% гана болот. Бул былтыркыдан 0,3% төмөн дегендик.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG