Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Батыш украин кризисинен улам Орусияга каршы киргизген санкциялары коңшу Казакстандын бийликтерин да камтамачылыкка түшүргөндөй. Казак өкмөт өкүлдөрү алар санкциялар мындан ары да күчөтүлгөн учур үчүн атайын план кабыл алганын айтышууда. Кечээ казак өкмөтүндө ири структуралык өзгөрүүлөр жасалып, президент Нурсултан Назарбаев ишкерлер үчүн салык мунапысын жарыялады.

Казак өкмөтү Орусияга каршы санкциялар күчөтүлгөн учур үчүн өзүнчө план кабыл алганын Астанада, шаршембиде президент Назарбаевдин катышуусу менен өткөн жыйында экономика жана бюджеттик пландоо министри Ерболат Досаев билдирди. Казак министринин айтымында, президенттин тапшырмасы менен даярдалган план сентябрда кайра каралып, алымча-кошумчалар киргизилет.

Ушул эле күнү казак өкмөтүнүн структурасында олуттуу өзгөрүүлөр жасалды. Министрликтер менен мамлекеттик комитеттердин саны кыскартылып, бирок энергетика министрлиги кеңейтилип, күчтөндүрүлдү. Бул чечимди Назарбаев “бүткүл энергия секторун бир колго алуу” деп түшүндүрдү. Мындан сырткары эки-үч министрликтин функциялары бириктирилип, Инвестиция жана өнүгүү, улуттук экономика деп аталган жаңы министрликтер уюштурулду.

Казак бийликтери бул чараларды өлкөдөгү эң ири мунай кени – Кашаган убактысынча жабылып, Украинага экспорт төмөндөп, Бажы союзу боюнча башкы соода өнөгү – Орусия Батыштын санкцияларына кабылган кезде көрүүдө.

Орусияга каршы санкциялардын Казакстан үчүн кесепети жогорку деңгээлде ачык талкууланбаганы менен анын “экономикага кыска же узак мөөнөттө тийүүчү таасирин“ түшүнүү бар дейт “Азаттык” менен маегинде алматылык экономист Марат Каирленов:

- Таасир болорун, болгондо да олуттуу болорун баары түшүнөт. Орусия биздин ири соода өнөгүбүз. Анын үстүнө биз бир экономикалык мейкиндиктебиз. Ири соода өнөгүбүздөгү экономикалык төмөндөө, албетте Казакстан экономикасына да терс кесепетин тийгизет. Биздин продукциябызга суроо-талапты азайтат. Инвестициялардын келишине да бөгөт коёт. Мен Батыштан да, Орусиядан да келүүчү инвестицияны эске алып жатам. Мисалы, соңку кездери биздин базарда кредиттөөнүн көлөмүн тездик менен көбөйтүп жаткан каржы мекеме – Орусиянын “Сбербанкы” эле. Биздин банктар стагнацияга түшсө, “Сбербанктын” Казакстандагы бөлүмү тез өсүп, бешинчи же алтынчы оюнчуга айланып калган. Эгер бул банкта проблемалар башталса, Казакстандын кредит базарына да терс кесепети тиет.

"Сбербанк” Еврошаркет Европанын каржы базарынан акча алуусун чектеп, “кара тизмеге” киргизген орусиялык беш мамлекеттик банктын арасында бар.

Жакында Эл аралык валюта кору Батыштын Орусияга каршы санкцияларынын Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнө тийүүчү ыктымал таасирин комментарийлеп, эгер Орусия улуттук дүң өндүрүш 1 пайызга басаңдаса, мунай, газ саткан Казакстан, Азербайжан өңдүү өлкөлөрдө төмөндөө 0,25 пайызды түзөрүн белгилеген.

Теңгенин куну кеткенде Алматыда болгон нааразылык. 15-февраль, 2014-жыл.

Теңгенин куну кеткенде Алматыда болгон нааразылык. 15-февраль, 2014-жыл.

Алматылык экономист Марат Каирленов “Азаттык” менен маегинде Батыштын Орусияга каршы санкциялары Казакстан үчүн да геосаясий жана башка тобокелчиликтерди жогорулатарын, мындан улам капиталдын сыртка агымы буга чейинкиден да күчөп кетүүсү ыктымалдуулугун кошумчалады:

- Билесизби, акча тынчтыкты сүйөт да. Өлкөдөн капиталдын кетиши бизде ансыз деле чоң болчу. Эгер төлөө балансын карасак, акыркы үч жылда 15 миллиарддай доллар чыгарылып кетти. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын алсак, 8 миллиард чыгарылып кеткен. Бул Казакстандын экономикасы үчүн чоң эле акча. Улуттук дүң өндүрүштүн 4 пайызына барабар. Жыл башында тенге мына ушундан улам да девальвация болду.

Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан казакстандык ишкерлер үчүн пайдалуу жактарын көргөндөр да бар.

Бажы брокерлери ассоциациясынын төрагасы Геннадий Шестаков “Азаттык” менен маегинде Батыш Орусия үчүн чектөө койгон товар, технология ага Казакстан аркылуу кириши мүмкүндүгүн болжоду:

- Бизде Орусияга багытталган товарларды ташуу менен байланышкан жүк агымы көбөйөт. Бул жерде алар үчүн да, биз үчүн деле проблема жаралбайт. Болгону логистика узарат, бирок татаалдабайт. Мында казак ишкерлери да өз пайдасын көрө алат. Бажы союзунун ичинде соода-сатык жөнөкөйлөштүрүлгөн жана түшүнүктүү болгондуктан Казакстан үчүн олуттуу тоскоолдук жок. Болгону товарлар Орусияга түз барбастан, Казакстан аркылуу кетет.

АКШ менен Еврошаркет Орусияга каршы санкцияларынын акыркы айлампасында ага курал-жаракты, жарандык да, аскерий да максатта колдонулуучу товарларды, ошондой эле мунай өндүрүшүндө керектелүүчү технологияларды сатууга тыюу салган эле.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG