Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Назарбаев: Казакстан латын арибине өтөт


Казак президенти Нурсултан Назарбаев. 2015-жыл
Казак президенти Нурсултан Назарбаев. 2015-жыл

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ушул жылдын соңуна чейин казак алфавитин латын арибине өткөрүү үчүн бирдиктүү стандарт кабыл алуу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу мамлекеттик "Эгемен Казакстан" гезитинде жарыяланган макалада айтылат. Назарбаев жаңы алфавит коомчулуктун мүдөөсүн эске алуу менен илимпоздор тарабынан түзүлүшү керектигин белгилеген. Ошондой эле Назарбаев 2018-жылдан тарта жаңы алфавитти окутууга адис даярдоо зарыл жана латын тамгасын орто мектептерде үйрөтүү үчүн казак тилиндеги окуу куралдарын чыгаруу керектигин билдирген. Гезитте жарыялаган макалада Назарбаев:

- Бул деген биз азыр эле бардык чөйрөдө латин арибине өтөбүз деген сөз эмес. Башкача айтканда, 2025-жылы документтерди латынчага өткөрүшүбүз керек. Мезгилдүү басылмалар латынча басып чыгара баштайт. Бул мөөнөт жакындап келе жатат. Андыктан убакытты уттурбай ишти колго алышыбыз керек, - деген.

Президент Назарбаевдин пикиринде, жаңы алфавитке өтүү сырткы коом менен байланыш түзүүдө натыйжалуу жана балдардын англис тилин үйрөнүүсүнө жеңил болот. Макалада казак алфавитин латын арибине өткөрүүнү Назарбаев 2012-жылы "Казакстан 2015-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын" жарыялаган учурда эле маалымдаганы айтылат.

2025-жылы толук латын арибине көчүү тууралуу ниетин жарыялаган казак президентинин пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Латын тамгасына өтүү мурдагы советтик айрым өлкөлөрдө экинчи тилге айланган орус тилинин таасирин азайтуу саясаты дегендер дагы жок эмес. Социалдык тармактарда бул маселенин саясий жагын көбүрөөк талкуулап жаткандай. Казакстандык серепчи Өмүрзак Айтпай узак мөөнөттү талап кылган жараяндын аягына чыгарына ишенип турат:

- Бул коомчулукта көптөн бери талкууланып келаткан маселе. Латын арибине өтүү эл башынын дайыма назарында болуп келатат. Муну колдоп иштерди аткарууга тапшырма берилген.

Казак коомчулугу латын арибине даярбы? "Азаттык" радиосунун казак кызматы Астана тургундарынын пикирин сураган:

- Негизи өтүү оңой эле, 4-классымда бир жыл латын алфавитин окуганбыз. Азыр латын алфавитине өткөнүбүз оң деп ойлойм.

- Азыр эл даяр эмес деп ойлойм. Билбейм, акырындап анан өтүшүбүз керек го.

- Кириллица тамгаларын калтыруу керек. Себеби, мектеп окуу жайлардын баарында ушул тамга менен окушат.

- Биз даяр элебиз, өтө беришибиз керек.

- Эми баарыбыз кириллица менен жазып көнүп калдык. Мындай өзгөртүүлөрдүн кажети жок.

- Муну атайын мамлекеттик программа менен ишке ашыруу керек.

Казакстан Кыргызстан сыяктуу эле 1929-1940-жылдары латын алфавитин колдонгон. Андан кийин кириллица тамгасына өткөн.

Кыргызстанда дагы алфавитти реформалоо демилгеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Латын арибине өтүү сунушуна каршы болгон да, колдогон да окумуштуулар бар. Тилчилер 80 жылдай мезгилден бери колдонуп келаткан азыркы алфавиттен башкага өтүү чоң каражатты, узак убакытты жана эмгекти талап кылаарын белгилешет. Ал эми латын тамгасына өтүшүбүз керек дегендер дүйнөлүк тил болгон англис тили латын арибинде экенин белгилеп, бул техниканын дагы тили деген жүйөнү айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG