Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Назарбаевдин музейине баары эле кире албайт


Назарбаев борборундагы Назарбаевдин айкели. 25-август, 2015-жыл.

Назарбаев борборундагы Назарбаевдин айкели. 25-август, 2015-жыл.

Астанадагы Назарбаев борборунда көрүүчүлөр үчүн алгачкы экскурсиялар уюштурула баштады.

Айрым оппозициялык саясатчылар аны жеке адамга сыйынуунун дагы бир белгиси катары сыпатташса, президент тарапкерлери аны Назарбаевге сый-урмат көрсөтүү экенин айтып, бул иштин эрөөн-терөөнүн эске алышпайт.

2012-жылы ачылган борбор заманбап, чатыры айнектен салынган тогуз кабат имаратка былтыр көчүрүлгөн.

Бул жерде “Биринчи президенттин китепканасы” жана “Мамлекет башчынын фонду” жайгашкан. Нурсултан Назарбаев ачылыш салтанатында жаңы имарат жеке каражатка салынганын ырастап, президенттердин борборлору дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бардыгын, жаш муун ал жерден мекен тарыхы, тил боюнча билим аларын белгилеген.

Акысыз экскурсия азырынча китепканага гана уюштурулуп турмакчы. Бирок ага жеткиче бир нече жолу текшерүүдөн өтүү керек. Борборго чөнтөк телефон, фотоаппарат, камера жана компьютер алып кирүүгө уруксат берилбейт. Кире бериште ар бир киши сөзсүз паспорт же башка документ көргөзүүгө тийиш.

Экскурсиячы Динара Жасымбаеванын айтуусунда, имаратты мамлекеттик күзөт кызматы кайтарат, себеби бул жерде президенттин иш кеңсеси, жеке китепканасы жана буюмдары сакталат. Айрым маалыматтарга караганда, Назарбаев “маал-маалы менен” борборго келип турат.

Биринчи кабаттагы чоң холлдон баштап, президенттин көптөгөн айкел, сүрөттөрү коюлган.

Коюлган буюмдардын арасында башка мамлекеттердин башчылары, Пеле же Рафаэл Надаль өңдүү белгилүү спортчулар тартуулаган белек-бечкектерди, Назарбаевдин курал коллекциясын да көрсө болот.

Андан тышкары президенттин ар кайсы жылдары кийген кийим-кечеси, жаш кезиндеги, үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөттөрү коюлган.

Эл башынын курал коллекциясын мергенчи мылтыктар, 20дан ашуун тапанча жана револьверден тышкары 1910-жылы чыгарылган «Максим» пулеметун да камтыйт.

Экспонаттар Нурсултан Назарбаевдин идеяларын, ишмердигин изилдеген окуучу-студенттерге абдан чоң эмоциялык таасир тийгизерин борбордун кызматкерлери бир ооздон белгилешет.

- Биздин китепканада "Дүйнөнү өзгөрткөн идеялар" деп аталган интерактивдүү билим берүү борбору иштейт. Мектеп окуучулары, студенттер үчүн көптөгөн сабак өтөбүз, дарс окуйбуз, ар кыл интерактивдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз, - дейт Динара Жасымбаева.

Ал эми үчүнчү кабатта орун алган «Тунгуч президенттин китепканасы» фондуна Назарбаев үйүндөгү айрым китептерди да тапшырган. Бирок бул жерде китептердин электрондук версиясын гана окуй алышат.

Китепкананын директору Сандугаш Абсадирова айтып бергендей, окурмандык күбөлүк бардыгына эле берилбейт:

- Окурмандардын саны чектелген. Күбөлүктөр президент администрациясынын, министрлик мекемелердин кызматкерлерине гана берилет. Бул топко ошондой эле магистратура, аспирантурада окугандар, мамлекет башчынын өмүр баянын, ишмердигин, азыркы Казакстандын тарыхын изилдегендер кирет.

Катардагы жарандар болсо китепкананын сайтындагы атайын форманы толтурууга тийиш.

Назарбаевдин борборунан тышкары Астанада казак президентин даңазалаган, ишмердигин пропагандалаган башка жайлар да биртоп.

Он жылдан ашуун убакыттан бери баш калаада тунгуч президенттин музейи иштейт. 2014-жылы ачылган Казакстандын Улуттук музейинде да Назарбаевге арналган көптөгөн буюм-тайымдарды көрүүгө болот.

Саясатчы Жармахан Туякбай бул өңдүү музей-борборлорду, айкелдерди жеке адамга сыйынуунун дагы бир белгиси катары сыпаттайт:

- Акыркыжети-сегиз жылдан бери жеке адамдын керт башына сыйынуу адатын байкап келатабыз. Бир адамдын ишин, бийликте турганда жасаган иштерин даңазалоо, көкөлөтүү барган сайын жайылууда. Мен көргөзмө, китепканалар гана эмес, тирүү кишиге эстелик орнотуу жөнүндө да айтып жатам. Мунун бардыгын жеке адамга сыйынуунун белгиси деп эсептейм.

Ал эми мажлис депутаты Мурат Абенов бир инсандын ишин, сиңирген эмгегин, жетишкендиктерин баалоодо жаман эч нерсе жок деген пикирде.

Назарбаевдин борбору 2012-жылы казак мамлекет башчысынын токтому менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG