Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Казак активисттеринин күрөшү


Казакстандагы нааразылык жыйындар.
Казакстандагы нааразылык жыйындар.

Казакстанда камалган укук коргоочуларды колдоо кыймылы жанданууда. Майдагы митингдер боюнча кармалган активисттердин бошотулуусун талап кылып, казакстандык дагы бир журналист мөөнөтсүз ачкачылыкты баштады. Ал казак бийлигинен адам укуктары боюнча Бириккен Улуттар уюмунун алдындагы милдеттерин аткарууну талап кылууда.

Журналист Рамазан Есергепов 20-июндан тарта Алматыда ачкачылык баштады. Ал өзүнүн акциясын жарандык активист жана коомдук ишмерлерди куугунтукка алууга каршы жүргүзүүдө. Акция Бирикен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин 117-сессиясынын ачылышын утурлай башталды.

Есергепов ачкачылык кармоо акциясы бийликтен “адам укуктары жана эркиндиктери боюнча адилеттүү жана позитивдүү реакция болгонго чейин” улана берерин айтууда.

- Мамлекет башчысына жана тиешелүү органдарга билдирүү жолдогонбуз. Билдирүүдө мыйзамсыз иштер тууралуу айтылган. Азыр биздин көз алдыбызда укук коргоочуларды жок кылып жатышат. Президент өзү баш болуп жер боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрүн четинен алып барып камап салышты. Алардын үстүнөн кылмыш иштерин козгоп атышат.

Журналист Есергепов
Журналист Есергепов

Казакстандык журналист Рамазан Есергепов Казакстанда жер маселеси боюнча май айындагы митингдерге катышып, азыр камакта жаткан активисттерди коргоодо. Ал Макс Бокаев, Талгат Аян, Жанат Есентаев, Гатаугали Бохан, Санали Капизов, Кубайдолла Шолак жана Махамбет Абжан аттуу активисттерге карата мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, куугунтукка алынып жатат деп эсептейт.

- Аларды азыр коргош керек. Азыр бошотуш керек. Алар миллиарддаган бюджеттик каражаттарды жеп койгону үчүн камалышкан жок. Алар ошол жегендерге нааразы болгон үчүн камакта отурушат. Ошол эле Макс, Талгат, Жанат, Магамбет. Алар боюнча чечимдер чыккан. Ошол чечимдердин аткарылышын талап кылып жатам. Сессияларды көрөбүз. Сотторду көрөбүз. Эгерде эч кандай реакция болбосо мен ачкачылыкты уланта берем.

Рамазан Есергепов коргоп жаткан активисттер мурдатан бери Казакстандагы ар кандай окуялар жана мыйзамдар боюнча бийликке нааразылыгын ачык айтып, жалгыз митингдерди өткөрүп келишкен. Алардын бири азыр камакта жаткан Макс Бокаев 17-майда 15 суткага камалган бойдон ушул күнгө чейин башка айыптар мойнуна илинип, камакта жатат.

Бокаев буга чейин сот адилеттигинин жоктугуна нааразылыгын билдирип, башка укук коргоочулар камалганга каршылыгын билдирип чогулган көпчүлүк жыйында буларды айткан эле.

- Чындыгында айтпай койгонго болбойт. Бул тынчтык митинги. Жалгыз адамдын пикетине уруксат алуунун кереги жок. Бул тынч митинг. Тил кесмек жок. Баш кессе да адамдардын оюн айткан адамдын оозун жабуу казакта жок.

Мөлдир Адылова
Мөлдир Адылова

Бул арада жер боюнча нааразылыкка чыкканы үчүн 15 суткага камалган активисттер бошоду. Нааразылык акцияга чыкканы үчүн камалгандар түрмөдөн жоошуп эмес, тескерисинче канат байлап, активисттик иштерин улантууга шыктанып чыгышканы байкалат. Алардын бири Мөлдыр Адылова буларды айтты.

- Акцияга чыкканыма, камалганыма өкүнбөйм. Түрмөнү көргөндөн кийин реформаны түрмөлөрдөн баштоо керек экенин түшүндүм. Ал жерде баары адамга каршы жасалыптыр. Адамды сындырыш үчүн бардык шарттар түзүлүптүр.

Журналист Рамазан Есергепов болсо буга чейин да бир нече жолу казак бийлигине каршы ачык акцияларга чыгып жүргөн. 2009-жылы коомдук иштерине байланыштуу үч жылга камалып да чыккан. Камакта жатып да эс учун жоготуп койгонго чейин ачкачылык кармаган.

XS
SM
MD
LG