Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Казакстан - Кытай кризистен жаңы келишимдер менен чыгат


Нурсултан Назарбаев жана Си Цзинпин. Бээжин, 31-август, 2015-жыл.

Нурсултан Назарбаев жана Си Цзинпин. Бээжин, 31-август, 2015-жыл.

Казакстан менен Кытай акчалай наркы 23 миллиард доллардык жаңы келишимге кол коюшту. Президент Назарбаев бул тууралуу Бээжинде жүргөн жеринен жарыялады. Жаңы келишимдер Кытайдагы экономикалык солгундоонун кесепетин Казакстан да сезе баштаган учурда түзүлүүдө. Жакында эки өлкөдө тең улуттук акчалар девальвацияланган болчу.

Казак бийлиги президент Назарбаевдин Бээжиндеги азыркы сапары учурунда кол коюлган келишимдер казак – кытай экономикалык кызматташтыгына жаңы дем берет деп күтүүдө.

Назарбаевдин өзү кытайлык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп жатып белгилегендей, Казактан “акыркы жыйырма жылдан ашуун мезгилде Кытай менен көбүнесе энергия секторунда, чийки зат казуу тармагында кызматташып келди”.

Жаңы этапта тараптар эми экономиканын кайра иштетүү, анын ичинде чийки затты кайра иштетүү секторунда, машине курууда карым-катнашты күчөтүүгө киришүүдө.

Назарбаевдин айтуусунда, Бээжинде президент Си Цзинпин менен “конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн” жүрүшүндө биргелешкен 45 ишкана түзүү макулдашылды, алардын 25и боюнча наркы 23 миллиард доллардык келишимге кол коюлду.

Казак президенти ошондой эле Бээжинден “дүйнөлүк экономика кризисти баштан кечирип жатканда Кытай менен карым-катнаш Казакстан үчүн жеңил эмес этапты өтүүдө жакшы таяныч болот”,- деп ишендирди.

Астана менен Бээжиндин экономикалык жаңы келишимдери Кытайда өндүрүш менен катар чийки затты керектөө солгундап, баа арзандашынын кесепетин Казакстан да тарта баштаган учурда түзүлүүдө.

Президент Назарбаев экономика буга чейин болуп көрбөгөн секторалдык кризиске кептелгенин жакында эле моюнга алган:

- Мунай менен темирдин арзан баасы эксперттер айтып жаткандай, кеминде дагы беш жылга сакталат. Казакстандын продукциясына биздин негизги өнөктөштөрүбүз Кытай менен Орусиядан суроо-талаптын азайышы биздин товарлар сатылуучу базарды кыскартты. Азыр каржылык эмес, секторалдык кризис. Казакстандын өнөр-жай ишканаларынын баарына, дээрлик баарына тийди. Бизде мындай болгон эмес.

Казакстандын жалпы экспортунун 21%, ал эми кара май соодасынын 60% Кытайдын үлүшүнө туура келет. Азыр баррели 50 доллардын тегерегине түшүп калган мунайдын акчасы болсо казак өкмөтүнүн негизги киреше булагы.

Казак-кытай сүйлөшүүлөрү. Бээжин, 31-август, 2015-жыл.

Казак-кытай сүйлөшүүлөрү. Бээжин, 31-август, 2015-жыл.

Эксперттер эгер кара майдын жылдык орточо баасы 50 доллардын тегерегинде калса, казак экономикасы быйыл өспөй турганын буга чейин эле болжошкон.

Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы Кытайда болсо өндүрүштүн басаңдашы чийки заттын глобалдык баасынын арзандашына салым кошкон негизги факторлордун бири.

Британиядагы Глазго университетинин иликтөөчүсү Луки Анечески “Азаттыктын” түркмөн кызматы уюштурган талкууда белгилегендей, Кытайдагы экономикалык солгундоонун кесепети Борбор Азиянын чийки зат саткан өлкөлөрүнө өзгөчө тиет:

- Былтыр рублдин кризиси, албетте, Казакстан менен Түркмөнстанга да тийди, аны Орусияда мигранттары көп Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан да сезди. Башкача айтканда, Орусиядагы каржылык, монетардык кризис мигранттардын мекениндеги реалдуу секторго сокку урду. Себеби алар жакындарына мурдагыдай акча жөнөтө албай калды. Ал эми чийки заттын эң ири сатып алуучусу кабылган быйылкы кризистен Борбор Азиянын мигранттары жок өлкөлөрү жабыр тартууда. Бул кризистердин бири экинчисинен оор деп айта албайм. Тилекке каршы, Борбор Азия үчүн алар бир учурда болууда. Кытайдагы кырдаал беш-алты айда Борбор Азиянын реалдуу экономикасына да сокку урат. Аймактагы инвестициянын, курулуштун көбү Кытай тарабынан жасалган да.

Ушул шейшемби күнү Кытайдан түшкөн маалыматтар өлкөдөгү товар өндүрүш быйыл августта акыркы үч жылды алганда эң көп кыскарганын каңкуулады.

Бул кабар өз кезегинде Азия, Европа, АКШнын биржаларында баалуу кагаздардын, чийки заттын баасын кайрадан арзандатты. Ал эми Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард Индонезиядан сүйлөгөн учурунда глобалдык экономиканын өсүшү күтүлгөндөн төмөн болоруна токтолду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG