Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Теңгенин арзандашы мигранттарга сокку урду


Казакстанда иштеген мигранттар.

Казакстанда иштеген мигранттар.

Казак теңгесинин девальвациясы акча которуулардан көз каранды мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө терс таасирин тийгизди.

Тажикстандык Мамнуна Бобокулова Алматыда батирде турат, күйөөсү экөө базарда бут кийим сатат. 11-февраль алардын эсинен кеткис күнгө айланды. Көпчүлүккө окшоп эле акчасын теңгеде топтогон үй-бүлө бир заматта 20 пайыз жоготууга учурады.

- Кечээ мен кайын-журтума акча которуу үчүн 30 миң теңге даярдадым. Девальвацияга чейин бул акчага 200 доллар сатып алчумун. Азыр 160 эле доллар болуп калды. Бул биздин үй-бүлөлүк бюджетибиз үчүн чоң акча. Дароо өзүңдү жаман сезет экенсиң.

40 доллар – бул орточо айлыгы 120 доллар жана жумуш ордулары жокко эсе Тажикстан үчүн чоң сумма.

Мамнуна Бобокулова жана анын жолдошу Алматыдагы базарда бут кийим сатып, Тажикстандагы орточо айлыктан 5-6 эсе көп табышат.

Мигранттардын кабагы салыңкы

Казакстанда орточо эсеп менен 80 миңдей тажик мигранттары иштейт. Алардын көбү курулуш иштери менен алектенишет же базарда соода жүргүзүшөт.

Казакстан Борбор Азиядагы мигранттарды кабыл алуу боюнча Орусиядан кийин экинчи орунда турат. Көптөгөн адамдар Казакстанда Орусияга караганда айлык акы азыраак болгону менен, ушул өлкөнү тандашат. Көптөгөн мигранттарды маданияттын, диндин окшоштугу, географиялык жакындык, курулуш иштеринин көптүгү жана салыштырмалуу саясий туруктуулук өзүнө тартат.

Сухроб Султонов да Тажикстандан келген. Ал Алматыда айдоочу болуп иштейт. Сухроб Казакстанда расалык чабуулдар жок экенин жана полиция көп текшербегенин белгилейт:

- Эгерде сиздин документтериңиз жайында болсо жана мыйзамды бузбасаңыз, кабатыр болбой эле койсоңуз болот. Кээде полиция мени токтотот, бирок баары жайында болгондуктан, дароо эле коё беришет, - деди Сухроб.

Казакстандагы азыркы абалдан улам мигранттардын Казакстандан кетиши күмөн, бирок баары бир көбүнүн маанайы пас.

Мигранттар пикетке чыкпайт

Бобокулова өлкөдө экономикалык же саясий каатчылык байкалганда жергиликтүүлөргө караганда, ал өлкөгө келген эмгек мигранттар көбүрөөк жабыркарын айтты. Азыр ал жергиликтүү тургундар митингге чыкканын байкап жатат.

Баалар көтөрүлүп, адамдар арасында кымгуут пайда болду. Бирок Бобокуловага окшогон жүздөгөн мигранттар баары бир пикетке чыгышпайт. Мамнуна айткандай, казак жарандыгы барлар мамлекеттен кандайдыр бир компенсация алышы мүмкүн же жок дегенде нааразылыгын билдирип, митингге чыкса болот. Бирок мигранттар эч кимге арыздана алышпайт.

Бобокулова доллар менен карыз алып, эми кыйын абалда калган тааныштарынын окуяларын айтып берди:

- Алар бир нече ай бою карызынан кутулуу максатында акча топтоп жатышкан. Башкалар Тажикстандан карыз алып, товар алышкан эле. Бир күндө эле алардын финансылык абалы кескин начарлады.

Бобокулованын кайниси Бекзод Тажикстанда жашайт. Мамнуна жана агасы жөнөткөн акчага анын ата-энеси жана бир туугандары жан багат. Эми ал да Казакстандан жумуш караштыра баштады. Бирок азырынча чечим кабыл ала элек.

- Девальвация тууралуу укканымда, абдан коркуп кеттим. Мен Казакстандагы жаңылыктарды интернеттен жана сыналгыдан улам карап жатам. Казакстанга барып, абалды байкайм. Анан андан ары эмне кылышты чечем, - деди ал.

Казакстандын улуттук акчасы - теңге 11-февралда 20-30 пайызга чейин арзандатылып, девальвация жасалган. Казак өкмөтү девальвацияга атайын барганын айтканы менен, теңгенин наркынын түшүп кетиши казакстандыктар үчүн күтүүсүз окуя болду. Бул өз кезегинде каржы рыногунда башаламандыкты жаратып, чайкоочулукка да жол ачкан. Казакстан жарандары буга нааразылык билдирип, митингге да чыгышкан болчу.
XS
SM
MD
LG