Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Мирзиёевдин тарыхый сапары


23-мартта Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев жолукту.

Анда Назарбаев Мирзиёевдин бийликке келиши менен бардык тоскоолдуктар жоюлуп, соода үчүн кенен мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

Лидерлер стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына кол коюшту. Казак президенти Мирзиёев мамлекет башына келгенден бери эки өлкөнүн соодасы 30% өскөнүн белгиледи.

Жолугушууда Назарбаев эки өлкө буга чейин болуп көрбөгөндөй ири суммадагы келишимдерди түзүп жатканын кошумчалады:

- Бүгүнкү чоң бизнес форумга эки тараптан беш жүз ишкер катышууда. Биз айтып кеткендей, жалпы наркы миллиард долларга жакын 75 келишимге кол коюлат. Бул биздин тарыхта биринчи жолу болууда, - деди Назарбаев.

Мирзиёевдин Өзбекстаны

Мирзиёевдин Өзбекстаны

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президентинин милдетин аткара баштагандан бери бир топ кадрдык алмашуулар болду. Анын ишинде коңшу мамлекеттер менен мамилесин жакшыртууну көздөп жаткандай ишарат да байкалууда.

Өз кезегинде Мирзиёев Казакстанды “эң жакын, ишенимдүү коңшу” деп атап, мындай кызматташтык буга чейин болбогонун айтып, сапарды "тарыхый" деп атады:

- Нурсултан Абишевич, биз Казакстанды дайыма эң жакын, ишенимдүү коңшу катары эсептейбиз. Бүгүнкү делегация менен буга чейин келбеген тармактар дагы кошо келди. Андыктан бүгүнкү сүйлөшүүлөр, сапар тарыхый болуп калат.

Эки өкмөт ортосунда бир катар экономикалык, аскердик чөйрөдөгү кызматташтык тууралуу документтерге кол коюлду. Ошол эле күнү эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү.

Лидерлер Арал көлү, суу-энергетикалык маселелер боюнча, региондогу коопсуздук жөнүндө да сүйлөштү. Назарбаев эки өлкө ортосунда чечилбеген маселе жок экенин белгилеп, Өзбекстандын мурунку президенти, маркум Ислам Каримовдун убагында түзүлгөн мамиле уланарын айтты.

Анткен менен айрым эксперттер Каримов менен Назарбаев өтө жылуу мамиледе болгонун айтуу кыйын дешет. Эки лидер кайсы бир кырдаалда дос, айрым учурда атаандаш болгонун белгилешти. Орусиялык журналист, Борбор Азия маселелери боюнча адистешкен талдоочу Аркадий Дубнов мындай деди:

- Каримовдун убагында өзгөчө жылуу мамиле деле болгон эмес. Акыркы жылдары мамилени жакшыртуу аракеттери байкалган. Бирок көп жылдар бою алардын мамилеси атаандаштык деңгээлде болгон десек жарашат. Кийинки келген Мирзиё​ев Назарбаев менен жолугуп, мындан ары эки өлкө мамилесин жакшыртабыз деп убада кылып жатпайбы. Мунун өзү буга чейин эки өлкөнүн алакасы өтө жакшы болгон эмес дегенди түшүндүрөт.

Бул өткөн жылдын декабрында шайланган өзбек президентинин чет өлкөгө экинчи сапары. Мирзиёев 5-6-мартта Түркмөнстанга барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG