Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

Бала чагында зомбулукка кабылган адамдын ДНКсында өзгөрүү болушу ыктымал деген жаңы теорияны батыш окумуштуулары айтып чыгышты. Бала кездеги травманын кандай кесепеттери бар жана аны кантип дарыласа болот?

Жакында социалдык тармактарда беш-алты жаштагы эки баланын мушташып жатканы тартылган тасма таркады. Анда кыш куюлуп жаткан талаада бир нече киши эки баланы улам бири-бирине тукуруп, мушташтырып жатканы тартылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча учурда тасма өлкөнүн кайсы жеринде тартылганы иликтенүүдө. Бул видео интернетке чыгары менен коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Ал арада Канададагы Ванкувер университетинин Эли Патерман аттуу окумуштуусу башында турган илимий топ бала кезинде зомбулукка учурап же психологиялык жаракат алган адамдардын ДНКсында өзгөрүү болуп, ар кандай ооруларга чалдыгарын аныкташты.

Ошондой эле канадалык окумуштуулар зомбулук курмандыгы болгон наристелердин генетикасы башкаларга салыштырмалуу тез картаярын аныкташты.

Зомбулуктун категориясын Батыш илимпоздору бир нече түргө бөлүштү. Алар: ата-эненин ичкиликке жакындыгы, баланы сабоо, жетишерлик камсыздай албоо же жакырчылык, ошондой эле сексуалдык зомбулук.

Зомбулук - соңу жок айлампа

Кыргызстанда Балдардын укугун коргоо жаатында иш алып барган психолог Перизат Асылбаева зомбулук балдардын саламаттыгына бир топ кесепеттерин тийгизет деп эсептейт:

- Зордук-зомбулукка туш болгон бала өмүр бою ичинде нааразычылык сезимдерин топтой берет. Аракка берилип, кылмыштуу дүйнөгө аралашып кеткен учурлар көп кездешет. Анткени алар мындай жүрүм-туруму менен коомдон өч алгысы келет. Аларда "эмнеге башкалардын балалыгы жакшы болгон, эмнеге меники зомбулукта өткөн?" деген сезим бар. Ошентип алар коомдон өч алгысы келет, кылмышкерлер, аракечтер, баңгилер чоңойот. Эгерде турмуш курса ажырашуулар болушу мүмкүн. Анткени балдар бири-бири менен туура сүйлөшкөндү, мамиле түзгөндү билбей, алар үчүн уруп-сабоо, кыйкыруу, жаман сөз айтуу көнүмүш адат болуп, тынч жашоону элестете албай калышат. Ата-энесинин жаман адаттарынын баары кийин баланын жашоосунда кайталанып, чынжыр сыяктуу айланып турат. Коомдогу көп бактысыз адамдардын катмарын балалык кезде зомбулук көргөндөр түзөт. Өзүнө-өзү ишенбеген, бактысыз, нааразы адамдар көбөйүп, психологиялык гана эмес, физиологиялык да оорулар пайда болот. Ал тургай онкологиялык оорулардын таржымалы да кээде зомбулукка барып такалат.

Канададан тышкары АКШда да 4 598 кишинин катышуусу менен бул жаатта атайын илимий тажрыйба болгон. АКШнын Федералдык саламаттыкты сактоо борбору узак мөөнөттүү атайын программа менен зомбулукка учураган кишилердин шилекейинен ДНК анализ алышып, алар чалдыккан ооруларды иликтеген. Бала кезде зомбулукка учурагандар көбүнчө жүрөк, өпкө, диабет жана Альцгеймер же карыганда акылдан адашууга чалдыгары аныкталган.

Дарылоо кыйын

Бишкектеги балдардын психологу Айзада Танаева да зомбулукка кабылган балдардын өмүрүндөгү бул жагымсыз окуяны дарылоо бир топ кыйын экенин ырастайт.

- Жыл өткөн сайын зомбулукка кабылган балдардын саны аябай көбөйүүдө. Бирок психологдордун медициналык билими болбогондуктан, адамдын жан дүйнөсү менен гана иштейбиз. Ар кандай тесттер менен сезимдерин текшерип, жардам бергенге аракет кылабыз. Сүрөттөр, карточкалар менен, же агрессияны сыртка чыгаруу аркылуу жана өзүн кайра кабылдоосуна шарт түзүп, жашоосунда болгон жагымсыз окуяны унуттурганга, унутпаса да аны бир жарык так катары эстеп каларына шарт түзүүгө далалат жасайбыз. Өзүнөн-өзү жийиркенип, жек көргөн сезимдери болот. Кээде өз денесинен да коркуп, уялып турушат.

Жалпысынан алганда, жашоосунда оор зомбулукту же кемсинтүүнү башынан өткөргөн наристе эле эмес, чоң адамдын да саламаттыгы начарлап, өмүрү кыскарат дешет адистер. Эгерде буга чылым тартуу, начар билим, жакырчылык, ар кандай жугуштуу оорулар кошулса, анда адамдын клеткалары тез эле картайып, ДНКсы өзгөрөрүн ньюйорктук илимпоздор да белгилешти.

Психолог Перизат Асылбаевадан "зомбулук генди өзгөртүшү мүмкүнбү?" деп сурадык:

- Чынын айтсам, бул изилдөө менен азырынча таанышып чыга элекмин. Тек гана ата-эненин жашоо усулу, кетирген катасы, тарбиясы же зомбулук коштогон тарбиялоо ыкмасы кийин баары бир баласынын жашоосунда кайталанат. Бул өзү ушундай айланма жашоо эмеспи. Эч кайда кетпей эле кайра жаңыланып, коомдун начар катмарынын көбөйүүсүн шарттайт.

Акыркы мезгилде кыргыз коомчулугунда зомбулукка кабылган балдар менен өспүрүмдөрдүн саны өтө көбөйгөнү байкалууда. ЮНИСЕФтин акыркы изилдөөсү боюнча, өлкөдөгү балдардын 70 пайызы үйүнөн же мектептен кордук көрөт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG