Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Amnesty International кыргыз бийлигин адилеттикке жана чындыкка чакырат


Ош шаарында ЕККУнун полиция күчтөрүн түштүккө киргизүүгө каршы жыйын болду. Ош ш. 2010-жылдын 11-августу.
Ош шаарында ЕККУнун полиция күчтөрүн түштүккө киргизүүгө каршы жыйын болду. Ош ш. 2010-жылдын 11-августу.

Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) Кыргызстандагы июнь коогалаңын иликтөөдө бардык тараптарды адилеттүүлүк менен чындыкка жетүүгө чакырат.

«Жарым жартылай чындык жана тандалма адилетүүлүк» (Partial Truth and Selective Justice) деген аталыш менен жаңы жарык көргөн баяндамада жүздөгөн адам мерт болуп, миңдеген карапайым калк запкы тарткан быйылкы июнь айындагы Түштүк Кыргызстандагы улуттар аралык кагылышты басууда жана кийинки иликтөөлөрдө кыргыз бийлиги өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара алган жок деп сындалат.

Бул баяндама (доклад) буга чейинки эл аралык уюмдардын бир катар билдирүүлөрүндөй эле 10-14-июнь күндөрү Кыргызстандын атайын күчтөрү түштүктөгү кыргынды токтото алган жок, уруш маалында зордуктоо, талап-тоноо кеңири орун алып, алар көбүнчө өзбектер жашаган маалелерде болгон деп жазат.

М.Вейчердинг: бардык тараптарды жоопкерчиликке чакырабыз

Эл аралык Мунапыс уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Майси Вейчердинг (Maisy Weicherding) өзү окуя болгон жерге барып, иликтөө жүргүзгөн.

- Биз бул баяндамада негизинен жоопкерчиликке көңүл бурдук. Июнь окуясы боюнча жүргүзүлгөн бардык иликтөөлөргө назар салып, алар эмнеге көңүл буруп жаткандыгын карадык. Окуяга тиешеси бар бардык тараптар, анын ичинде күч органдары адам укуктарынын бузулушуна жол бердиби, өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткара алдыбы – ошону иликтедик. Кагылышуу маалында жана андан кийинки илктөөлөр, кылмышкерлерди кармап, тергеп-тескөө маалында тиешелүү тараптар жоопкерчиликти кандай көтөрө алды, - деп Майси Вейчердинг телефон аркылуу «Азаттыкка» айтты.

Баяндама кыргыз-өзбек ортосундагы кагылышка тиешеси бар делген бардык тараптардын жоопкерчилигин Эл аралык комиссия гана аныктап, коомчулукка алып чыгат деген ишенимин билдирет.

Анткени Эл аралык комиссиянын мандаты такталып, ыйгарым укуктары алдын-ала аныкталган.

Ошондой эле эл аралык таанымал адистерден турган комиссия дүйнөлүк коомчулукту түйшөлткөн өтө маанилүү суроону – "июнь окуясында «адамзатка каршы кылмыш» фактысы болгонбу же жокпу?" деген маселени териштирет.

Эгер ал факт аныкталып, негизделсе, анда күнөөлүү деп шектелгендер Эл аралык сотко чейин жетиши мүмкүн.

М.Иманкулов: "Кылмыш кылдыңбы - жооп бер!"

Кыргызстандын расмий бийлиги Ош, Жалал-Абаттагы кандуу окуя боюнча күнөөлүүлөр четинен аныкталып, адилет сот жообуна тартылып жаткандыгын байма-бай айтып келет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов июнь окуясын иликтөө боюнча Улуттук жана Эл аралык комиссиялар эч кимден көз карандысыз иш жүргүзүп жаткандыгын айтып, алардын берген жыйынтыгы объективдүү болот деп ишенээрин «Азаттыкка» билдирди.

- Биздин позиция өзгөргөн жок. Азыр Улуттук жана Эл аралык комиссиянын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Буга чейин июнь окуясы боюнча кылмыш иштери козголуп, көптөгөн материалдар сот органдарына өтүп, каралып жатат. Кылмыш жасагандар улутуна, жашына жана кайсы динге ишенгендигине карабастан мыйзам чегинде жооп берет.

Июль айында түзүлгөн Улуттук комиссия өз иликтөөсүн бүткөнү менен эмдигиче анын жыйынтыгын расмий жарыялай элек.

"Эл аралык Мунапыс" уюму Улуттук комиссия мүчөлөрүнүн окуяны иликтөө үчүн мандаттары так аныкталганбагандыгын, анын курамынан бир катар таанымал көз карандысыз мүчөлөрдүн чыгып кетиши – бул комиссиянын ишине жана анын жыйынтыгына күмөн туудурат деп сындайт.

«Кыргызстандагы кулач жайган коррупция жана документтешкен фактылардын жоктугу дагы Улуттук комиссиянын ишине ишенимди жоготот», - деп айтылат жаңы баяндамада.

Баяндаманы чыгарган "Эл аралык Мунапыс" уюмунун иликтөө тобу 21-сентябрдан 3-октябрга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абат шаарларына барып, окуяга тиешеси бар, күбө болгон бардык тараптар, жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Баяндама Кыргызстандын Баш прокуратурасына таянып улуттар аралык жаңжалда өлгөн адамдарды улутуна ажыратып көрсөтөт. Анда жалпы мерт болгондордун саны - 413, анын ичинде 108 кыргыз, 268 өзбек болгон жана азырынча 47 кишинин сөөгү аныкталбаган бойдон кала берүүдө деген маалымат берилет.

Баяндама соңунда "Эл аралык Мунапыс" уюму Кыргызстандын расмий бийлигин – президентти, парламентти, техникалык жана келе турган өкмөт мүчөлөрүн, прокуратура органдарын июнь окуясы боюнча болгон маалыматты ачыктап, коомчулукка билдирүүгө чакырат.

Айкындык менен адилеттүүлүк гана улуттар аралык кыргындын болочокто кайра кайталанып кетпешине негиз болот деп баяндамада корутунду чыгарылган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG