Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Турсунбеков: Кыргызстан ЕБнын баалуулуктарын колдойт


Чыныбай Турсунбеков менен Европарламент өкүлдөрүнүн жолугушуусу.
Чыныбай Турсунбеков менен Европарламент өкүлдөрүнүн жолугушуусу.

Кыргызстан Европа биримдигинин багытын тандап алган жана ушул жол менен барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков бүгүн Европа парламентинин өкүлдөрү менен Бишкекте жолугушкан учурда айтты:

- Кыргызстан Европа Биримдигинин бардык баалуулуктарын колдойт. Ошондуктан сиздер менен мамилени чыңдап келатабыз. Европа парламентинин тажрыбайсын үйрөнүп жатабыз. Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) Кыргызстан 2014-жылы жетишкен “Демократия боюнча өнкөктөш” макамын узартат деп үмүт артабыз.

Делегацияны баштап келген Ивета Григуле спикердин сунушу колдоого аларын белгиледи:

- Европа Биримдиги Кыргызстан тандап алган демократия жолун баалайт. Сиздердин багыт коңшу мамлекеттерден кескин айырмаланат. "Демократия аралчасы" аталган Кыргызстан өз турумун ушул багытта бекемдерине ишенебиз.

Европа парламентинин беш депутаты эки тараптуу кызматташтыкка арналган парламенттер аралык жыйынга катышуу үчүн 20-февралда Бишкекке келишти. Үч күндүк жумушчу сапар алкагында тышкы иштер, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо министрлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Европарламент депутаттары Улуттук университетке барып, Европа биримдиги каржылап жаткан Erasmus программасы менен таанышып, студенттер менен баарлашат.

Делегация курамында беш киши бар. (SE)

XS
SM
MD
LG